Жылытуу мезгилине даярдык көрүү Кыргызстанда өкмөт аткара турган эң татаал милдеттердин бири. Энергетикалык кризис шартында бул милдет ого бетер оорлошуп турат.
«Электр станциялар» акционердик коомунун маалыматы боюнча, 7-июлга карай Токтогул суу сактагычында 10 млрд. 428 млн. куб метр суу топтолду. Энергетика министрлиги мындай абалда 1-октябрга карай Токтогулда 12.5 млрд. куб метр суу топтолот деп күтүүдө. Бул өткөн жылга караганда дурусураак көрсөткүч болот.