Президент Алмазбек Атамбаев баштаган расмий делегация Уфада өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу үчүн Бишкектен эртең, 9-июлда жөнөп кетет. Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди.
Делегациянын курамында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да болот.