Суббота , 29-Февраль 2020
Башкы бет / Видео (баракча 76)

Видео

Видео: Окуучу мечитте эмес, мектепте болушу керек — «Азаттык»

Жалал-Абад облусундагы Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда мектептерге жума күндөрү көзөмөл жүргүзүлө баштады. Бул балдардын сабак учурунда окууну таштап, мечитке кетип калуусуна бөгөт коюу максатында жасалууда. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, мектептерди текшерүү учурунда жума намазга кеткен окуучулар көп экендиги аныкталып, сабакка катышуу 55% төмөндөп кеткен.

Кененирээк »

Светтиктин жарыгы кимге тиет? — «Азаттык»

Сентябрь айынын башында кээ бир динчилдер атайын маалымат жыйын уюштуруп, Баш мыйзамдан “светтик” деген сөздү алып салууну талап кылышты. Муну менен катар айрым диний ишмерлер диндин мамлекеттен бөлүнүшүнө нааразы экени да белгилүү. «Биз жана дин” берүүсү бул жолу Кыргызстандын светтүүлүгү маселесине арналмакчы. http://www.azattyk.org/media/video/round-table-seculer-state/27246084.html

Кененирээк »