Суббота , 29-Февраль 2020
Башкы бет / Досье / ПРЕЗИДЕНТТИН ШОУСУ…

ПРЕЗИДЕНТТИН ШОУСУ…

Жума күнү президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүп, коррупцияга каршы күрөшпөй «былтыйып» отурасыңар деп тартип коргоо органдарынын башчыларына бир тийди. Себеп Мамлекеттик каттоо кызматынын коррупция боюнча 12.5 жылга кесилип, бирок прокурор жана соттордун колу менен бошотулган Насирбек Алмаматовдун окуясы болуп берди.

Бир нече жылдан бери созулуп келаткан бул иш үчүн президент Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ачуусун же нааразылыгын ушул Коопсуздук Кеңешинде айтам деп сактап келген белем?!

Антпесе, кол алдында турган башкы прокурорду алда качан эле алдына чакырып, коррупционерди бошотууга аралашкан прокурорду кызматтан эле бошоттурбай, кылмыш жообуна тартууну талап кылбайт беле?

Соттор бизде формалдуу көз карандысыз. Өзүнчө бийлик бутагы. Аларга өкмөт жана президент тарабынан буйрук берүүгө боолбойт. Бирок буйрук берилип келатат. Бул баарына айкын.

Президент айткан Соттордун дисциплинардык кеңеши, Соттор кеңеши «Соттордун кынтыксыз жүрүш-турушу боюнча» жобо менен кайсы сотту болбосун «жорголотуп-бийлетип» коет. Мына ушул ишти да ушул кезге чейин жасабай Коопсуздук Кеңештин жыйынында катуу айтып, шоу жасоо үчүн сактап келишкендей…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс