Суббота , 29-Февраль 2020
Башкы бет / Досье / Жылаңач патриот, #көт» эркектер тууралу…

Жылаңач патриот, #көт» эркектер тууралу…

Бетке эле айтайын, биз эркектер «көт» эле экенбиз! Ооба, туура эле окудуң «көөөт» экенбиз! Мындан катуу тийчү сөз болсо, ошону жазат элем.

Биздин колдон, көчөгө чыгып кыйкыруу, алсыздарга кол көтөрүү, бирөнүн жашоосуна асылуу жана акыл айтуу эле келет экен.

Вай неең, түтөйсүңда түтөйсүң!

Балдарды төрөтүп туруп, үй бүлөнү таштап кеткен ким -эркектер!
Карылар үйүнө ата энесин жеткизген ким — эркектер!
Тирүүлөй жетимдерди жараткан ким — эркектер!
Зордук зомбулук көрсөткөн ким — эркектер!
Улай берсең толтура.

Анан эле, баарын кыйратып койгонсуп, баары патриот, өзүнчө эле улутчул! Тилибизден эле чаң чыгып, муштумубузду эле чыңап турабыз!

Сөз баштасак эле, «Кыргыз кыздар кытайларга күйөөгө тийбеш керек» деп, кыйкырып жатып калабыз.

Мынтип айтканды не кылабыз деймда!
Кайсы арыбызга айтып жатабыз ыя?

Айтаардан мурун, бир жолу күзгүнү карап, биздин аял затына кылган мамилебизге көз чаптырып көрбөйлүбү ыя?

Аял затынын жеке жашоосун кийлегишкенче, өз жашообузду тыңдап чечип алсак кантет ыя?

Анан дагы, сенин ишиң эмне дейм да, кимди сүйөт, ким менен жашайт, ким менен турмуш курат?

Укмуш эле патриот болсоң, мына булардын маселесин чеч!

Кыргызстанда 130 000 ден (2017-ж) ашуун жетим бала бар.
Эр болсоң, балдарды таштаба, таштатпа! Алың жетсе бирди, кыйын болсоң экини багып ал!

Карылар үйүндө, 800 дөн (2017-ж) ашуун карылар жашайт.
Эр болсоң ата энесин таштаган балдарга наалат айт, таштаба, таштатпа!

Эр болсоң, аял затына, балдарга зордук зомбулук көргөзбө, болгон зордук зомбулукту токтот!

Колуңан келеби кыл, келбейби сүйлөбө!

P.S. катуу кетсем кечирим сурайм!

Улан Үсөйүн.

(макала ФБдан алынды)

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс