Суббота , 29-Февраль 2020
Башкы бет / Досье / Легендарлуу Сапарали!

Легендарлуу Сапарали!

Сапарали Адинаев Лейлек районунун Максат айылынын башчысы. 20 жылдан ашуун жылдан бери тажиктер менен жер талашып 1 метр дагы артка чегинбей келет.
Жергиликтүү элдин айтымында Сапарали ава тажиктер уламдан-улам жылып келе бергендиктен Максат айылын түптөп ,ошо жерге 150 түтүн үй-бүлөнү жайгаштырган экен. Үйлөрдү чек арага жакын жайгаштырганынын себеби «бир карыш дагы жер берилбейт. Бүгүн биз ушу жерлерге үй салып алсак ,тажиктер кире албай калат» деген ойдо жакшы иш жасаган. Бул киши өлкөбүз бүтүндүгү үчүн эч ким жасай элек эрдиктерди жасады. Тажик солдаттары менен өзү жалгыз алышкан видеосу буга далил. 1 см жер үчүн кашык канын аябаган мындай инсандар эң жогорку даражадагы сыйлыктарга татыктуу. Албетте бул киши Жеңиш Раззаковго окшогон лөктөргө жакпайт. Бирок чыныгы патриот! Өлкө келечегине кайдыгер эмес. Тилекке каршы азырынча мындай эр жүрөк азаматтарыбыз аз.
Айтайын дегеним эң жогорку наамдарды пахта койгучтарга эмес,ушундай эр жүрөк баатырларга берели. Бүгүн бул киши куугунтукталып жатат. Кызмат ордунда эмес митингде жүрөт деп бирөөлөр нааразы. Негизинен ошолорлун бут бардыгы биригип,Сапарали аванын тырмагына дагы тең келбейт.
15-январда «Чек ара коомдук бирикмеси» уюштурган митингде атайын Баткенден Бишкекке жетип келди . Жыргаганынан жетип келди дейсиңерби? Чечилбеген чек аранын айынан келди. Жеңиш Раззаков деген киши бүгүн Сапарали аваны каралоо иштерин баштап жиберди. Чыныгы элдик министр болсо мындай акмакчылык кылмак эмес. Адилеттүү министр болгондо чакырып,колун бекем кысып » эркексиң» демек. Мындан чыкты демек Жеңиш Раззаковду «тажиктердин тыңчысы» деген сөзгө ишенип баратам.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс