Среда , 26-Февраль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Өкмөт сага айтам, УКМК сен ук!

Өкмөт сага айтам, УКМК сен ук!

Эки күн мурун Атбашыдагы инвестициялык, соода-логистикалык борбордун долбоору боюнча Өкмөткө ачык кайрылдым эле. Эл күтүп жаткан эле суроолорду тизмектегем, келечектүү долбоордун жолун кетмендечү деле эч нерсе жок болчу.

Эми ошого тарсылдата жооп бергендин ордуна бийлик мени күч органдарына тапшырыптыр. Алар болсо тааныш-тамырыма, айылдаштарыма чейин чалып маалымат чогултуп кириптир. Бир чети күлкүң келет, бир чети өлгүң келет…

Мен дайыма ушул жердемин, телефон номерим 0700606080, каалаган милиция, снбшник менен жолугушканга даярмын. Секрет жок, үйүмө барып чай ичип, жучок-мучогуңар болсо кое кетсеңер да болот.

Алдымда да артымда да саясий күчтөр жок, бир да саясатчы же оппозицонер менен логистика борбору боюнча кеңешкен эмесмин.
Көп келжиребей, андан көрө менин суроолорума жооп бергиле!

Мага элдин коопсуздугу, жердин бүтүндүгү менен бирге экономикалык өсүүсү да маанилүү! Мен АТБАШЫ ИСЛКга каршы эмесмин, колдоюн деп, билип, түшүнүп алып колдоюн дегем.

Бээ десе төө деп түшүсөңөр, мен күнөөлүү эмесмин.

Силер кыйын болсоңор «Нарындын 176 гектар жери» деген вотсап группаларды түзүп алып, «митинг, пикетке чыгалы, мунун баарын ордуна койчу Садыр Жапаров, ошону да чыгарып алалы» деп, антикытай чакырыгын 24 саа таратып жаткандарды тыйып алгыла!

Тынчы Атбашингтони.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс