Суббота , 29-Февраль 2020
Башкы бет / Досье / Келерки шайлоонун контуру көрүнө баштады.

Келерки шайлоонун контуру көрүнө баштады.

Мына келерки шайлоонун контуру көрүнө баштады.Биримдик партиясы Бакиевдин тушунда Амангелди Муралиевдики деп чыгышкан.Түштүктөгү допучандардын добушун илип кетпесин деп бул партияны чыйылдаган Алтыбаевага энчилеп беришкен.Бирок Кукемдин тушунда БИРИМДИКТИН багы ачылбады.

Айнур Алтыбаеванын багы Отунбаеванын Убактылуу өкмөтү тушунда ачылды, анткени Айнуру буга дейре нподо иштеп жүрүп, Роза апичим менен мамилеси жакшы эле, ошо аялдын кеңеши менен 2010-жылы Феликстин Ар-Намысына жабышып, ЖКга депутат болуп келди.Эмнеге анда бул аял КСДПга 2015-жылы учкашты деген суроо туулат, анткени бул аял үргүлөп отурган жок, Фекемдин фракциясындагы кылт эткен окуяны ксдпчынын ошо кездеги кожоюну Атамбаевге жеткирип, Куловду фракция башчылыгынан сүйрөп түшкөндөрдүн арасында да, Алтыбаеванын изин байкоого анчалык көп акылдын кереги жок.Бийлиги бар адамды сыйлайт да, бийлиги колдон суурулуп кеткенде к…нө суу куюну бул аял жакшы өздөштүргөн.2019 жылы жайында Атамбаевден президенттик статусту алып, камоого жол ачууда биринчилерден болуп, добуш берген, кубаттаган дал ушу Алтыбаева деген байбиче эле.Эртең бийликтен Сокем ыргып кетсе, аны биринчилерден каралоо кампаниясына дал ушул айым жарайт, анткени ушуга окшогон интригалык ишке бышып жетилди.
Эми Марат Аманкуловго келе турган болсок, муну бизнестен саясатка бурган окуя Бакиевдин тушунда болгон.Багы Атамбаевдин учурунда ачылды.АША муну эң оболу Госимущесвого чоң кылды, анан КСДП партиясынан Бишкек шаар кеңешине депутат кылды, анан шаар кеңешине төрага болду.15-жылы бийликти узурпациялап алган Атамбаевдин партиясынан ЖКга депутаттыкка жетишти.Экстин башына мүшкүл түшкөндө Сокемдин кайыгына секирип түштү.Эми Биримдик партиясынын атаманы атыкты.Соке, бул жигит көлдүк болгону менен, көл түгүл, коңшуларына баркы жок.Сууга апарып сугарбай келчү жигиттерден, ставканы туура эмес адамга жүктөгөнсүз.Ак -Жолго кыянатчылык кылган, Биримдикти деле
бирден терип бириндетип салбагай эле….

Жамиля Насирова.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс