Суббота , 29-Февраль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / «Чындык» басылмасынын башкы редактору сурактан кийин кармакка алынды

«Чындык» басылмасынын башкы редактору сурактан кийин кармакка алынды

Автор:Айзирек Иманалиева

Журналист Динар Турдугулова кабарлагандай, «Чындык» басылмасынын башкы редактору Турсунбек Бешенбеков 48 саатка камакка алынды. Бейшенбеков 20-январда саат 14кө Аскер прокуратурасына суракка чакырылып, андан кийин кармалган.

 

«Журналист Турсунбек Бейшенбеков 48 саатка камакка алынды. Турсунбек Аскер прокуратурасына экинчи жолу суракка саат 14:00дө кирген болчу. «Купуя сырды ачыктаганы үчүн» камашыптыр. Тобоо, кайсы заманга кайтып келдик?» — деп билдирген ал фейсбук барагында.

Бейшенбековдун жубайы күйөөсүнүн адвокатына таянып, жолдошу камакка алынгандыгын журналисттерге ырастап берди. Бирок Башкы прокуратурада бул маалыматты азырынча тактап жатышат.

Буга чейин, 16-январда Аскер прокуратурасы Бейшенбековду суракка чакырган эле. Анда ал «2016-жылдан бери сынга алынып келе жаткан аткаминер боюнча суракка алынганын» билдирген. Бирок журналист сөз ким жөнүндө болуп жатканын айткан эмес.

«Ал чиновникке карата сын бүгүнкү күнү да чек ара маселеси боюнча катуу айтылып жатат. Керек болсо апогейине жетти. Эң кызыгы Кой-Таш окуясы бул жакта эле калып, чабал чиновниктин, кайдагы бир шоопурдун болбогон куру сандырактарына байланыштуу чакырыптыр. Бул көрүнүш өтө күлкүлүү жана өкүнүчтүү…», — деп билдирген ал ошондо.

Аскер прокуратурасы мындан тышкары, «Азия Ньюс» гезтинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди да суракка чакырган. Сартбаев өзү «тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кимдир бирөөлөрдүн ысымдарын атай албасын» билдирген.

https://ky.kloop.asia/2020/01/20/chyndyk-basylmasynyn-bashky-redaktoru-suraktan-kijin-karmakka-alyndy/?fbclid=IwAR3uIIUX9SsRSosMyuVEMaRiRADPsdsud0f1H_CIM1MxrUSzIkAhKleLxTI

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс