Среда , 26-Февраль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Бир айдын жарымынан көбүн Бишкекте, калганын Жалал-Абад – Чаткалдын ортосунда чартаӊбай тепкен аким

Бир айдын жарымынан көбүн Бишкекте, калганын Жалал-Абад – Чаткалдын ортосунда чартаӊбай тепкен аким

Өз кесиби токойчу болуп токойго күйбөгөн, Чаткал токой чарбасын жетектеп турган учурда ондогон гектар токойду сатып, райондук коллегияда ишинен куулуп, бирок бир-эки жыл өтпөй кайра амалын таап Чаткалдагы «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругуна жетекчи болуп дайындалып, анан жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын добушун сатып алып, райондун акими кызматынан 2013-жылдан бери түшпөй келаткан Канжарбек Эшалиевдин иш стили өтө уникалдуу. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен иши да жок. Бир айдын жарымынан көбүн Бишкекте, калганын Жалал-Абад – Чаткалдын ортосунда чартаӊбай тээп өткөрдү.

Президентибиз айткандай, факт, болгондо да сипсвежийин келтирели.

2019-жылдын 1-декабрында К. Эшалиев Бишкекке сапар алып, Чаткал районундагы жумуш ордуна 18-декабрда араӊ кайтып келген. Сүрүштүрүп көрсөк, алгач «эмгек өргүүмдүн калган күндөрүнүн эсебинен отпуске бергиле» деп,  жыл аягында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнө арыз менен кайрылыптыр. Анан ал жердегилер куруттай санашса, кашайып «көчүгү жер жыттабаган»  К. Эшалиевдин эмгек өргүү күндөрүнөн ныпым калбаптыр. Ошентип облус «жок» дейт.

«Жолборс жолдон кайтмакпы»… К.Эшалиев да көшөрүп Бишкектен кайтпай, Акүй менен Көкүйдүн коридорун ээн-эркин кыдырып, кирчү эшик-тешиктердин баарына кирип, КТР баш болгон телевидение жана башка сайттарга жамыратып маек берип, өзү деле толук түшүнө бербеген «санариптештирүү» тууралуу декабрь ичи сайрайт. Акыры ал тема да бүтүп, сайран күндөрү да аяктайт.

«Мойнунан байлаган иттей» жумушка араӊ кайткан аким «Чаткал райондук ооруканасынан амбулатордук дарылануу алды, 2-11-декабрь ичи жумуштан бошотулсун» деген бюллетень ачтырып, кайра 17-декабрдан жумушка чыксын деп толтурат. Эсептен ишемби, жекшемби күндөрүн чыгарып таштасак, ортодо 4 жумушчу күнү акимдин кайда жүргөндүгүнүн дайыны жок. Эӊ кызыгы, борбордон 700 км. алыс турган Чаткалдын ооруканасынан амбулатордук  дарыланып, анан күн сайын Бишкекке каттаган К.Эшалиев анда азыркынын Кую көтөн Мамытбы деген суроо туулат.

Баса, 18-декабрда жумушка чыгып, 2 күн толук иштебей, кайра УКМКны Жалал-Абад облустук бөлүмүн майрамы менен куттуктап келүүгө аттанып, ошол бойдон Чаткалдагы жумуш ордуна Жаӊы жылга саналуу гана күн калганда келген.

Эми жыл жаӊыргандан бери 1 жума толук иштебей жатып, К. Эшалиев көнгөн адаты боюнча дагы кызмат ордунан «жылт» койду. Ага иши түшүп, издеп барган адамдарга Чаткал райондук администрациясы так маалымат бералбай бушайман. «Командировкада» дейин дешсе, буйрук жок. «Ооруп калды» дегенге ооздору барбайт.

«Ауу, Канжарбек! Жок дегенде кайда жүргөнүӊдү айтып кет» деп, талап кылган бир жан жок…

Асылбек Оморов, Чаткал районунун тургуну.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс