Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Баткенде Жеңиш Разаковго неге ишенбейт жана нааразы?

Баткенде Жеңиш Разаковго неге ишенбейт жана нааразы?

Жеңиш Парпиевич Баткен облусунда губернатор болуп турган мезгилде жарытып иштебеди. Ал губернатор кезинде контрабанда гүлдөдү. Лейлектеги Катта-Туз мунай-газ чыккан жерде (акчалуу жер) “мышык-чычкан оюндар” жүрдү…

Андан кийин ал чек арага жооптуу вице-премьер-министр кезинде чек араны аныктоо иштери аксады. Анын себептери да бар.

Разаков чек ара боюнча өкмөттүк комиссиядагы Курбанбай Искандаров, Курсан Асанов сыяктуу кашкөй жана кесипкөй инсандарды кетирип, өзүнүн ыгынан чыкпаган адамдарды топтоду. Азыр Разаков жетектеген чек ара боюнча өкмөттүк комиссияда кимдер иштеп жатканы белгисиз… Ал эмес Разаковдун өзү боюнча калк ичинде ар кандай ушак-айыңдар жүрөт. Булардын баары чек араны аныктоо ишинде өкмөт, бийлик абдан эле чабал болуп жатат деген элдин кескин нааразылыгын пайда кылууда.

Ал эми чек араны коргоо үчүн чыккан төрт баланы камап коюу таптакыр туура эмес иш. Ал балдар тажаал кошуналар менен тирешип, жерин, чек араны сактап жатса, өз бийлигинин куугунтуктоосу далыга бычак ургандай эле нерсе.

Кыргыз бийлиги чек араны аныктоо ишинде жергиликтүү калк менен бирге, сырдаш, муңдаш болуп, алар менен эриш-аркак иш алып барыш керек го. Өзгөчө ошол чөлкөмдө тажик тарап сан жагынан үстөмдүк кылып турганда…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс