Суббота , 30-Май 2020
Башкы бет / Досье / Америка «Азаттык» радиосундагы кыргыз кызматына ишенбей калды, эмне себеп үчүн?

Америка «Азаттык» радиосундагы кыргыз кызматына ишенбей калды, эмне себеп үчүн?

Венера Жуматаева «Азаттык» радиосунун Борбор Азия боюнча жетекчисинин милдетин аткаруу болчу. Мындан тышкары кыргыз кызматын дагы башкарган. Ал жетекчилик кылган убакта эмнелер болду? КӨП жылдан бери эл ишенип келген радиого шектенүүлөр жаралып, наалаттар айтылып калды.

1. Радионун бир катар белдүү журналисттери «трайбализм» күчөп кетти деп, жумуш таштоо кылышты.

2. Бейтараптуулук жоголду, бир жактуу каралоо, өч алуу багытындагы материалдарга жол берилди.

3. Азаттык учурунда далил булактарына кылдат мамиле кылса, азыр өздөрү далилдерди, жасалма документтерди фотошоп менен жасап, аны элге жарыялашты.

4. Саясий талкууларга бир жактуу көз караштагы адамдар чакырылып жатат.

5. Азаттыктын акыркы алып чыккан каармандары — өңчөй кылмышкерлер, алдамчылар, кылмыш кылып качып жүргөн адамдар. Мисалы, оор кылмышы менен эл аралык издөөгө алынган Кытайдын жараны Азаттыктын негизги булагы болуп берди. Башка мисалдар дагы бар.

6. Такталбаган каралоо материалдары үчүн катардагы ушакчы басылмага айланды.

Бир жактуу материалдарга орун берилип жатышы — «шабашка» кылып жатабы деген шектенүү жаратат. Ошондуктан, Америка же Азаттыктын жетекчилиги Венера Жуматаевага ишеним артпай, аны жетекчилик кызматтан четтетип салды. Борбор Азия боюнча жетекчиликти башкалар алып кетти. Бул жалпы кыргыз кызматында иштеген журналисттерге дагы жагымсыз көрүнүш. Бир кумалак үчүн башка кызматкерлерге дагы эл арасында шектүү тиктеген окурман-угармандар бар. Бул өкүнүчтүү …

Муратова Жанара.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс