Пятница , 14-Август 2020
Башкы бет / Досье / Минакари ѳнѳрү

Минакари ѳнѳрү

Минакари ѳнѳрү же эмальдоо бул эмальданган металлга жана керамикага миниатюрдук сүрѳт түшүрүү. Минакари бул металлдын үстүнѳ живопись жана орнаменттик сүрѳт тартуу ѳнѳрү. Ал кандайдыр бир маанидеги форманы түзүп боектордун жана сүрѳттүн кооздугун дааналайт.

Мина фарсы тилиндеги мину (مینو) деген сѳздѳн алынып асман деген маанини берет. Мина ошондой эле тунук түстүү асман деп да түшүндүрүлѳт. Иран кол ѳнѳрчүлѳрү бул ѳнѳрдү Сасаниддер доорунун убагында (биздин замандын 224-651- жылдары) ѳздѳштүрүшкѳн, андан соӊ  минакари Моӊголдор менен бирге Индияга жана башка ѳлкѳлѳргѳ ѳткѳн. Бир француз Сефевиддер династиясынын убагында Иранга болгон сапарында исфахан эмальдарын, андагы канаттуулардын жана жаныбарлардын гүлдүн фонундагы кѳк, жашыл жана кызыл түстѳгү орнаментин эскерип кеткен.

Кѳп ѳнѳрчүлѳр иран эмалын Аршакиддер жана Сасаниддер династиясына таандык деп эсептешет. Бирок ислам доорунун убагында бул ѳнѳр жѳнүндѳ эч бир маалыматтар жок, Монгол империясынын Хулагуиддердин жетинчи башкаруучусу Газан-хандын доорунда гана жогорку ѳнѳр боюнча эскерүүлѳр болгон. Эскерте кетүү керек,Газан хандын убагында моӊголдор ислам динин расмий түрдѳ кабыл алган.

Газан хан химия илимин жакшы билген жана ѳз билимин кѳп тармактарда ошонун ичинде минакариде колдонгон.

Практикалык түрдѳ баардык эмальданган буюмдар күмүштѳн жасалат, анткени эмаль (айнек) ээрийт жана таза металлдын үстүнѳ жакшы куюлат. Башкача айтканда эмальдоо бул, металдык даяр форманы жасоо, ар түрдүү ѳӊдѳгү ээриген эмаль менен декордоо. Ушундай жол менен чыныгы ѳнѳр жаралат.

Эгер техникалык тил менен айтсак, анда эмаль (фарфор же витраждык эмаль) бул айнек упасын 750- 800 градуста бышыруу жолу аркылуу түстүү каптоо болуп эсептелет.

Булактарга таянсак эмаль деген сѳз немис тилинен (smelzan) ээритүү деген маанини берет. Иранда колдонулучу эмальдуу сүрѳттѳр жана оюулар салттуу жана сүрѳтчүнүн каалосуна жараша жасалат. Иран эмалына кѳбүнчѳ жез жана күмүш колдонулат. Ошондой эле бул байыркы ѳнѳрчүлүктѳ: меш, пресс-машина, щетка ж.б. аспаптар колдонулат.

Эмаль кѳбүнчѳ ваза, зергер буюмдарды кооздого колдонулат, ал эми ыйык жерлерде же мечиттерде эшиктерди ички кѳрүнүштѳрдү кооздогону колдонулат. Эмалдан жасалган буюумду сууга жууга болот. Ирандын эмаль ѳнѳрүнүн борбору бул Эсфахан шаары. Минакариде салттуу түрдѳ алтын колдонулчу, анткени ал эмальды жакшы кармайт жана ашыкча жакшы ѳӊ берет. Күмүштү кийинчерек гана чыны, кашык жана башка декор буюмдарына колдоно башташаган. Жез болсо алтынды колдонууда мыйзам ченеминде чек киргизгенден соӊ колдонула баштаган.

Эмаль менен иштѳѳ жана металлдарды ар кандай ѳӊ жана оюу менен декордоо Эсфахандагы эӊ белгилүү окуу курсу болуп саналат.

Кээ бир эмальдан жасалган буюмдар музейлерде сакталып калса, кээ бири ѳлкѳдѳн сыртка чыгып кеткен, бул ѳнѳргѳ Ахеменид жана Сасанид династиясынан баштап элдин кызыкчылыгы артып келүүдѳ. Эмаль каптоо ѳнѳрү бул ѳтѳ кылдаттык менен жасалган иш. Кээ бир тарыхый документтерге ылайык, бул ѳнѳр ислам цивилизациясынын бүткүл доорунда Селжуктардан башталып, Сефевид жана Зенддердин башкаруу заманында да ѳкүм сүргѳн. Бирок азыркы маалда сакталып калган эмаль идиштери Каджарлардын династиясына 1810 жана 1890-жылдарга таандык. Бул доордун эмальдан жасалган буюмдарынын ичинде билерик, сѳйкѳ, ваза, алтын идиштер, эмальдан жасалган кызыл, кѳк түстүү кооздуктар сакталып калган. Андан соӊ Биринчи дүйнѳлүк согуш жана Социалдык тѳӊкѳрүш башталганда ѳнѳргѳ да ѳзүнүн таасирин тийгизбей койгон жок.

Жогорку ѳнѳрдүн негизги техникасы кылдаттык жана шашпоо. Сүрѳтчү алгач чийип алып, андан соӊ сүрѳт түшүрѳт. Боек металлга жакшы кармалыш үчүн оюу түшүрѳт. Оюу түшүрүлгөн  жерге кызыл, кѳк, жашыл түстѳгү атайын мина боегун себет. Мина ѳнѳрүндѳ кичинекей буюм дагы ѳтѳ кѳп этапты талап кылат. Минакариде кездешчү оор геометриялык оюу окуусунун ар кандай элементтерин чагылдырат.

Азыркы учурда 1992-жылдан баштап бул ѳнѳр кайрадан кубат алып жаӊы этапка кѳтѳрүлдү. Эмальдан буюм жасоо үчүн тѳмѳндѳгү эрежелер сакталышы керек:

Минакари жасоо процесси ѳтѳ оор эмес. Биринчиден металлдык бүтүм жезден, күмүштѳн жана латундан жасалат. Бул этап эмальдын негизи. Эмальды мурда керамика же айнеке колдончу, бирок азыр жезге колдонуп келет. Жаӊы жез бышырылганына караганда бир канча эсе жакшы.

Андан соӊ жогорку негизди сырга чѳмүлтѳт да 750 градус температурада меште бышырат. Андан соӊ даярдыкты жогорку сапаттагы сыр менен тѳшѳйт да кайрадан бышырат. Бул процесс үч, тѳрт жолу кайталанат. Эмальга сыр силикон, магний, калий, коргошун, кымбат баалу минералдардан, каолин, цирконий ж.б. жасайт.

Сыр менен тѳшѳлгѳн жана бышырылгандан соӊ үстүнѳ сүрѳт түшүрүүгѳ даяр. Кийинки этап сыйкыр боек менен иштѳѳ деп аталат. Ѳӊдѳрдүү кийинки элементтерден алат:

  1. Ак сыр: калай,коргошун хрусталы, кремень ташы
  2. Кочкул ѳӊ: калай, коргошун хрусталы, кремень ташы, жез, тактайчалар
  3. Сары: темир оксиди, калай оксиди жана коргошун оксиди
  4. Кара: темир оксиди, марганец жана коргошун диоксиди, кобальт оксиди
  5. Кызгылт: хрусталь, аммоний нитраты жана суюк алтын
  6. Күрѳӊ: хром ачыткысы, теми оксиди, цинк оксиди
  7. Кѳк: кобальт оксиди, цинк оксиди, кремень

Сүрѳт тартылып бүткѳн соӊ эмальданган идиш мешке жѳнѳтүлѳт, бирок мунусунда бышыруу температурасы 600 градус болушу керек. Бул сүрѳт тартуу процессинин акыркы этабы. Байыркылар мина ѳнѳрүндѳ бир гана табыгый түстѳрдү колдонушчу, бирок азыркы учурда химиялык заттар аралашкан түстѳрдү колдонуп келет.

Сапатына таасир тийгизчүү критерийлердин арасында, татыктуу металды тандоо, декордоо, стандарттуу бышыруу, кылдаттык каралат.

Келечектеги даяр буюмга зыян келтирүүчү нерселер булар, даярдалып жаткан металлдын чети бузулушу, меште жетиштүү эмес бышыруу, металлдык негиздин сынышы болуп эсептелет.

Минакари ѳнѳрүндѳ ар түрдүү оюу, чиймелер колдонулат, алардын бири “эслим” ислам орнаменттеринин ичинде эӊ таанымалы. Андан сырткары ал архитектура жана живописте да колдонулуп келет. Негизинен мындай орнамент бир түстүү фон, жана анын үстүнѳ жарык жана алтын боекторун түшүрүү. Сүрѳтчү фонду сүрѳттѳр жана оюулар менен жашыл, кѳк же күрѳӊ түстѳр менен толтуруп чыгат, андан соӊ бышырылган боектолгон даяр буюмга алтын түстүү атайын мина боегу тартылат.

Иштин кооздугу узак мѳѳнѳттѳгү бышыруудан жана сүрѳтчүнүн кылдаттыгына жараша болот. Сүрѳт жасала турган идишке бышырыла электе түшүрүлѳт.

Негизги коркунуч бул эмальдын механикалык жол менен жарака кетиши. Эгер үстүнкү катмарыжарака кетип бир бѳлүгү сыйрылып түшсѳ, аны кайрадан бүтѳш керек, болбосо эмаль жарабай калат.

Эмальданган идишти жылуу сууда жууса болот, ал эч кандай терс таасир тийгизбейт. Ирандыктар эӊ кооз минакари жараткандыгы менен атактуу.

Эмальдын эӊ мыкты устазы Эсфаганда Санизаде мектеби. Анын бир кол ѳнѳрү Иран улутунун кол ѳнѳрчүлѳр майрамынын 2008- 2009- жылы ѳткѳзүүдѳгу үлгүсү болгон. Бул буюм салт-санаа кол ѳнѳрчүлүгүнүн музейинде сакталып турат.

Санизаденин эӊ күчтүү окуучуларынын бири катары Голам Хусейн Фейзуллахини айтсак болот. Ал кызыктуу, кооз орнаменттери менен таанымал.

Эсфаханда эксклюзивдүү эмаль идиштерин жасаган сүрѳтчүлѳр аябай кѳп. Бул буюмдарга суроо талап абдан кѳп. Өнөрпоздор ѳзүнүн ѳнѳрлѳрүн Чахар-Бак кѳчѳсүнѳ же Накше Жахан борборуна сатуу үчүн алып чыгышат.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс