Четверг , 23-Январь 2020
Башкы бет / Досье / Америка Кошмо Штаттары алгач жергиликтүү калктын жерлерин күчкө салып

Америка Кошмо Штаттары алгач жергиликтүү калктын жерлерин күчкө салып

Америка Кошмо Штаттары алгач жергиликтүү калктын жерлерин күчкө салып басып алуу менен түзүлгөн эле. Дүйнөдө атом бомбасын жападан жалгыз Америка Кошмо Штаттары колдонгон. Муаммар Каддафини, Саддам Хусейнди жана Касем Сулейманини Америка Кошмо штаттарынын бийлик башындагылар өлтүрткөн. Көптөгөн мамлекеттердин экономикасын кыйраткан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ООНдун уставы боюнча өзүлөрүнө ВЕТО укугун алып алган. ВЕТОнун аркасы менен чалчактап каалаганын кылат. Алсыз мамлекеттерге кантип жашашты буйрук түрүндө үйрөтүп келет, укпай койсо тишин көрсөтүп, курал-жарагын алып чыгып ар кандай шылтоо ойлоп таап кол салат. Долларды ойлоп табышты, дүйнөлүк банкты ойлоп табышты, алардын жардамы менен дүйнөнүн экономикасын башкарып жатышат. Башка өлкөлөргө өлүм жазасына тыюу салууда Американын салымы чоң, бирок Америкада өлүм жазасы бар. Дүйнөгө бийлик жүргүзгүсү келет, бирок ачык жүргүзө албайт, себеби Россия, Кытай, Улуу Британия жана Франция дагы Вето укугуна ээ. Айласы кеткенде Аль Каида жана башка террордук уюмдарды ойлоп табышты, аларды каржылап, бурмаланган радикалдык исламды ойлоп таап жайылтышты. Ошол терроризм деген шылтоо менен стратегиялык жактан мааниге ээ өлкөлөрдү басып алууну көздөп, бирок басып алаарына көзү жетпей, бийлик өкүлдөрүн сатып алууну эп көрүштү, баш ийбей өз алдынча саясат жүргүзгөн саясатчыны ар кандай шылтоо менен өлтүрүп коюп жатышат. Жада калса өзүлөрүнүн мурунку президенти Кеннеди эмне болуп өлгөнүнүн сыры ачылып бара жатат окшойт, Кеннеди менимче зөөкүр саясатчыларга баш ийбей өз алдынча саясат жүргүзүүгө аракет кылган…

Дүйнө элине “рассизмге каршы болгула, адам укуктары тебеленбесин, демократия орносун” – демиш болуп калп эле төш кагышат, бирок канчалаган мончоктой жаш балдар, энелер Америка Кошмо Штаттарынын жүргүзгөн саясатынын аркасынан жабыркап келет. Америкалыктар каалаган өлкөсүнө эркин кирет, бирок Америка Кошмо Штаттарына баруу үчүн Азия өлкөлөрүнүн жашоочуларына виза алуу өтө оор, демек Америка Кошмо Штаттарынын бийлик башындагылар рассист адамдар. Рассистер демократияны сүйлөбөй эле койсунчу. Кайсыл өлкөлөргө биз үчүн визасыз режим болсо, ошол өлкөлөр менен тыгыз кызматташуу керек, башкалары болсо калп эле жылмайганы менен койнунда котур ташын катып жатышат…

Азамат Бейшенбаев.

(макала автоордун ФБдагы барагынан алынды)

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс