Четверг , 4-Июнь 2020
Башкы бет / Аналитика / ОСМОН ИМПЕРИЯСЫНЫН КУЛАШЫ

ОСМОН ИМПЕРИЯСЫНЫН КУЛАШЫ

Тарыхта алты кылымдан артык өкүм сүргөн, адилеттүүлүгү менен дүйнөгө нечен жылдар бою мисал болгон Осмон империясына көпчүлүктүн кызыгуусу жергебиздеги улуттук телеканалдан “Даңазалуу доор” сериалын көргөндөн кийин пайда болду. Албетте үч континентти ээлеген, 625 жыл өкүм сүрүп, кечээ жакында эле 1924 жылы жок болгон, өзгөчө архитектура, диний айырмачылыктардын гармонияда жашашын камсыздаган бул дөөлөттү –таанымал болуусуна толук акысы бар эле. Бирок совет бийлигинин тушунда башка тарыхты мындай кой, өз тарыхыбызды жөөттөргө жаздырган кеңешчилер, мусулман калктын кайра жандануусун алдын алуу үчүн бүткүл мусулмандардын , алардын ичинен түрк кандаштар түптөгөн бүткүл дөөлөттөрдүн тарыхы жымсалданып, үстүрктөн гана окутулуп, кээ бир жерде адилетсиз эле караланып келген. Болбосо Нидерланды, Франция, Кытай, Байыркы Египет менен катар Селжук, Караханийлер, Осмондор, Аббаситтер, Газнавийлер, Кокондор, Тимуриттер деле терең окутулса болмок. Ошол дөөлөттөрдүн ичинен учурдагы биздин доорго эң жакын, кулаганына бир кылым боло элек Осмон империясынын кулашынын себебтерин белгилүү дин аалымы, тарыхчы, учкуч жана Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) асыл тукуму болгон имам Мухаммад Муса аш-Шарифтин “Осмон дөөлөтүнүн кулашы” аттуу тарыхий лекциялары менен таанышкан соң, сиздерге да сунуштоону туура көрдүм. Бул асылзат биздин өлкөгө 2015-2016 жылдары келип, адашкан топтор, диний агымдар боюнча бир топ сабактары менен алгач борборубузду, андан соң түштүктү устаз Чубак Жалилов менен түрө кыдырып, сабактарын өткөн. Учурда Сауд бийлиги тарабынан кармалып, камакта жатат. Жараткандан анын абалын тез арада жеңилдетип, акталып чыгуусун тилейбиз!
Албетте мындай лекциялар кайгылуу болуп, мусулмандардын чөгүш доорун чагылдырганы менен, бизге эң керектүү маалымат. Кайсыл жерден жаза басып, кай жерден адашканыбызга , мындан ары ошол каталарды кылбоого керектүү сабак алышыбыз үчүн- тарыхыбызды, өзгөчө мусулмандардын тарыхын терең казуубуз лазым. Учурда динге бир гана минбарга чыгып, же куттуу хадис-аяттарды элге жеткизүү менен эмес, а балким эки батыш жана эки чыгыш тилин үйрөнүп, тарыхыбыздын көмүскөдө калган, жашырылган бөлүктөрүн таап чыгуу аркылуу бул уктап жаткан үммөттү ойготуу менен да кызмат кылса болот деген пикирдебиз. Жалпы 4 бөлүктөн турган бул лекцияларды дыкаттык менен көрүп чыгыңыз, кыскача мазмуну:

1-бөлүк: Осмон империясынын бар болушунун эки ири этабы катарында: күчтүү султандар жана алсыз султандар доорун айта кетсек болот. Күчтүү султандар доорундагы алсыз жана алсыз султандар доорундагы күчтүү султандардын абалы. Күчтүү мамлекеттин чокуга чыгышы 300 жылдан ашык убакытты чапчыганга жараша, анын чөгүшү да 300 жылдан ашык сүрдү. Башында диний өзөк менен түзүлгөн мамлекеттин кулашынын негизги себеби дал ошол динден алыстагандыгында. Бул дөөлөттүн кулашы эртели кеч баары бир болушу керек эле, анткени ар бир мамлекеттин түптөлүшү жана жок болушу бар. Ислам дөөлөтүнөн аскер дөөлөткө айлануу- чоң бир катачылык экендигин ислам тарыхчылары баса белгилейт. Кол астындагы вилаяттардагы адилетсиздик, паракорчулук өлкөнү ичтен жеген мите курт эле. Батыштын таасири аркылуу өзөктөн чыккан өрт сымал, чыккынчылардын аракетинин астында шариаттык мыйзамдар биринин артынан бири жокко чыгып жатты. Балкандагы алсыз саясат, янычарлардын көтөрүлүшү, пантүркүчлдүктүн кесепети. Султан Абдулхамидтин өлкөнү сактап калуу үчүн арапташтыруу сунушу. Улутчулдуктун арабтарга, күрттөргө, перстерге да жугушу жана анын Батыш аркылуу колдонулгандыгы. Суфизмдин бузуку форматынын таасири. Диндин мистификациясы жана жомоктошуусу.

https://www.youtube.com/watch?v=cgnKxf8wU9k

2-бөлүк:Алгачкы күчтүү он султандын доорунда аялдардын саясатка аралашпоосу жана алгачкы аял катары Роксолана же Хюррем Султан атындагы аялдын саясатка аралашкандыгы жана андан кийин бул жаман адат канчалык улангандыгын баян кылат. Ысырапкерчиликтин туу чокусу. Султан Сулаймандын чыныгы жүзү, анын вазир жана пашаларынын парда артындагы оюндары, уулу Мустафа жана мураскери Селим жөнүндө. Наполеондун орустар менен кошо Стамбулду алуу планы. Күмбөз куруунун кесепеттери. Ээрчиме дин кызматкерлеринин айла-амалдары. Янычар институтунун жок болушу. Шариф Хусейндин сырткы күчтөр аркылуу аракети.

https://www.youtube.com/watch?v=0rwMtFyGQ0c

3-бөлүк: Кулап жаткан өлкөнү сактап калуу аракети жана Султан Абдулхамид Iiнин кошкон салымы. Экономикалык кысмакка алынган империя. Армян, грек, болгар маселеси, Франциянын Алжирдеги кыргыны. Армяндарды осмондорго тукурган мамлекеттер. Дүйнөлүк коомчулуктун армян маселесин көтөрүп, бирок Грециядагы, Кипр, Африка өлкөлөрүндөгү мусулмандарды кыргандыгы жөнүндө унчукпай отурушу. Армян маселеси учурдагы Түркияны ар дайым бурчка таканга ыңгайлуу болгон бир маселе экендиги. Кипр мусулмандарынын сакталып калышы үчүн Нежметтин Эрбакан 1974 жылы уюштурган атайын операция.

https://www.youtube.com/watch?v=hVWV5IqnqYU

4-бөлүк: Султан Абдулазиздин масондор тарабынан өлтүрүлүшү. Анын ордуна масон султан Мураттын такка чыгуусу. Көп өтпөй султан Абдулхамид II нин бийликке келиши жана сырткы күчтөр менен болгон 33 жылдык саясий күрөшү.Стамбул –Хижаз, Стамбул-Багдад темир жол долбоору. Жөнтүрклер аракетинин анык жүзү. Султандын тактан алуу фатвасын алып келген жөөт Иммануил Карасу баяны. Биринчи дүйнөлүк согушка тиешеси болбосо да осмондордун кириши. Мустафа Кемалдын чыныгы жүзү, анын артында турган күчтөр, анын алгач султанатты жок кылып, андан кийин гана халифатты талкалагандыгы. Ататүрк эмнеге элдин оозуна илине баштаган. Ислам шариатынын жокко чыгуусу, эркек менен аялдын мурас укугун теңдөө, аялдардын каалаган диндеги адамга турмушка чыгуу укугу, хижаб менен жоолукка тыюу салуусу, эркектерге Европа кийимдерин мажбурлоо, макул болбогондорун өлтүрүп, дарга асуу. Бүткүл вакыфтарды талкалоо. Мусулмандардын араб алфавитин жок кылуу, азанды арабча айтууга тыюу салуу. Ага каршы болгон аалымдардын акыбети. Аднан Мендерестин азанды арабча айтууга уруксат берүүлүсү жана секулярист аскердик төңкөрүш аркылуу бийликтен кулатылып, дарга асылуусу. Миллий Гөрүш кыймылынын башчысы Нежметтин Эрбакандын саясий аракети. Ислам сегиздигинин түптөлүүсү. Аскерлердин аны бийликтен кулатуусу. Эрбакан менен Эрдогандын ажырымы. Эрдогандын аскерлерди оң тарапка буруусу, хижабка уруксат берүүсү, ички жана тышкы саясаттагы ийгиликтери, өз валютасынын куткаруусу. Фетуллах Гүлен менен Эрдогандын “Эркиндик флотилиясы” маселесиндеги тиреши. Пенсильвания имамынын анык жүзү. Эрдогандын мусулмандар тарапка, ал эми Гүлендин батышка жүз буруу аракети. Алгачкы жылдардагы гүлен жамаатынын Эрдогандын колдоосу жана алардын касташуусунун анык себептери.

https://www.youtube.com/watch?v=q6gdQQB-PNU

Даярдаган: Нуриет Абдулазиз (Nuriet Abdulaziz)

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс