Воскресенье , 12-Июль 2020
Башкы бет / Аналитика / УЗУРПАЦИЯНЫН УЧУ ЖЕ ТЕКЕБАЕВГЕ ЖООП…

УЗУРПАЦИЯНЫН УЧУ ЖЕ ТЕКЕБАЕВГЕ ЖООП…

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “президент Жээнбеков өкмөт жасаган ишти мен жасадым деп, өкмөттүн ыйгарым-укугун өзүнө ыйгарып алды. Бул узурпация” деп атады. Муну менен иш жүзүндө Сооронбай Жээнбековду узурпатор деп атады. Мындай узурпаторлук менен мурунку президент Алмазбек Атамбаев да алектенип келген деп кошумчалаган Текебаев.

“Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов мындай “узурпаторлуктун” жолго коюлушуна Өмүрбек Текебаев өзү себепкер болгонун эскертип, 2010-жылдан кийинки кадрдык чечимдерди, мына ошонун негизинде Атамбаевдин күчөшүнө Текебаевдин салымдарын санап өттү…

Бирок, “узурапция”маселеси муну менен эле чектелбейт. Ал андан алда канча терең жана татаал.

Биринчиден, мындай “узурпаторлукка” жол берген жылчык жана мүмкүнчүлүктөр 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда жазылып калган. Ал жылчык жана мүмкүнчүлүктөр андан кийин (кошоматчылар салымы чоң) атайын мыйзамдар менен бекемделип, кеңейтилип, Атамбаев супер-президенттик бийликти орнотуп алды. Ал “көчтү” азыркы президент Сооронбай Жээнбеков улантып жатат.

Мындай “узурпаторлукка” жол берген Конституцияны Текебаев жеке өзү ойлоп таап, анан жаза салып, Кыргызстанга таңуулаган эмес. Андай Конституция Венеция комиссиясы тарабынан бир эле Кыргызстанга эмес, Украина жана Молдовага да берилген.

Бул өлкөлөрдөгү саясий жараяндарга, бийлик үчүн күрөштөргө көз салып көрсөңүз картина кудум биздегидей болуп чыгат. Бул өлкөлөр да биздей болуп “парламенттик демократия курабыз” деп чыгышкан. Бирок президенттер Конституция жолу менен өздөрүнүн партияларын парламентке алып келип, ал аркылуу парламент жана өкмөттү толугу менен бөктөрүп алышты.

Украинада Владимир Зеленский “Слуги народа” партиясы менен парламентти да, өкмөттү да, башкасын да толугу менен колуна алды.

Молдовада президент Игорь Додон бир топ күрөштөн кийин соңунда парламентти көзөмөлүнө алды. Ошого жараша өкмөт да анын кол алдында калды.

Демек, президентке өзүнүн партиясын парламентке алып келүү укугу-бул президентке парламент жана өкмөттү колго алуусуна жол, жылчык жана мүмкүнчүлүк.

Конституцияда президентке мына ушундай мүмкүнчүлүктөрдү калтырып коюп, аны узурпация деп атоо өтө талаштуу маселе…

Ошондуктан, Кыргызстанда “узурпация” маселеси конституциялык маселе! Өлкө Венеция комиссиясы сунуштаган же ары эмес, же бери эмес арасат башкаруу системасынан кетип, таза парламенттик (Европа, Япония тибиндеги) же таза президенттик (АКШ, Түштүк Корея) башкаруу системасына өтүш керек.

Бийлик, өзгөчө аткаруу бийлиги бир колго чогулутулуп, ал күчтүү парламент жана көз карандысыз сот, күчтүү жарандык коом аркылуу көзөмөлдөнбөсө “узурапциянын” акаевдик да, бакиевдик да, атамбаевдик да, жээнбековдук да түрүн көрө беребиз.

Мындай натыйжасыз, жоопкерсиз бийлик элдин жана мамлекеттин трагедиясы боло берет.

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс