Понедельник , 17-Февраль 2020
Башкы бет / Досье / Бишкекте байыркы перстердин Шаб-е Ялда майрамы белгиленди

Бишкекте байыркы перстердин Шаб-е Ялда майрамы белгиленди

Категория: Маданият — Published: 21/12 — 11:56

20-декабрда Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада ирандыктардын байыркы замандардан бери белгиленип келаткан Шаб-е Ялда майрамы өткөрүлдү.

Салтанатта Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Можтаба Рузбехани катышуучуларды куттуктап сөз сүйлөдү.

Бул майрамдык салтанаттын ачылышы Иран Ислам Республикасынын гимни менен башталды. Коноктор аталган майрам тууралуу тартылган документалдуу тасманы кызыгуу менен көрүп отурушту. Андан соң белгилүү кыргыз опера ырчысы Алмаз Истамбаев өз өнөрүн тартуулап, ырларынын бирин баардык аялзатына – энелерге арнады. Ал эми Бишкектеги Имам Хаменеи атындагы мектептин окуучулары байыркы перс майрамына арналган ырларды ырдашты.

Ирандын Элчиси Али Можтаба бул майрамдык салтанаттын ирандыктар үчүн мааниси тууралуу айтып берди. Дипломат ошондой эле тышкы саясат ведомствосу ирандык жарандарга жардам берип келгендигин жана мындан ары да бул көмөгүн уланта берерин белгилеп, баардык конокторду Шаб-е Ялда майрамы менен куттуктады.

Бул байыркы ирандыктардын майрамынын таржымалы өтө терең. Персиялык дыйкандар жана малчылар кыштын эң узак жана суук түнүндө келерки түшүм жакын арада болбой тургандыктан, быйылкы күздө чогултулган түшүмдү үнөмдүү пайдалануу керек деп кам санай башташкан. Албетте, сөзсүз түрдө жардамга муктаж адамдар менен да азык-түлүктү бөлүшүү керек болгон. Бул анын сараң эместигинин жана башка да муктаждарга кам көрө билүүсүнүн белгиси, Жараткандын алдында дили таза экендигинин да далили катары да эсептелет. Мындай учурда биримдик, ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн жана бүтүндөй элдин ынтымагы өтө маанилүү.

Байыркы каада-салтка ылайык, жылдын эң узак бул түнүндө ирандыктардын тууган-уруктар же башка жамаат болуп чогуу түндү өткөрүшөт. Анда аксакалдар жаштарга ата-бабалардын керээзин, Ыйык Курандын сүрөөлөрүн жана Пайгамбардын хадистерин айтып беришет. Бир чети бул жаш муун менен улгайгандар биригип, пикир алышкан, өлкөнүн улуттук биримдиги чыңалган, үй-бүлөлөрдүн бактылуу болуусуна жол ачкан улуттук нар-салди сактаганга негиз түзгөн учур болуп саналат.

Кыргыздарда да ушундай календарда каада-салт бар. Аны күн өтө кыскарып, түн өтө узарган мезгил – Чилде түнү деп коюшат. Эки элдеги мындай дал келүүчүлүк кокусунан эмес. Демек, кыргыздар менен ирандыктардын түбү бир, каада-салты окшош экендигин далилдеп турат. Ошол эле учурда бул каада-салттын кылымдардан бери жоголбой, сакталып келе жаткандыгы, эки элдин улуулугунун бир белгиси.

Шаб-е Ялда деген аталыш фарчадан “кыштын эң узак түнү” деп которулат. Бул күндүн дагы бир сыйкырдуу касиети жана улуулугу мындай: ушул учурдан тартып күн узарып, түн кыскара баштайт. Демек, караңгылык менен суук артка чегинет. Демек, алдыда жакшы күндөр күтүүдө жана  жаз жакындап, барчылык, токчулук, жаратмандык мезгил башталат. Жеңишке жетишүүгө жана жамандыкты жакшылык сөзсүз жеңерине ишенүү иран жана кыргыз элинин оптимисттик эл экендигинин дагы бир белгиси. Ушундай келечекке илгери үмүтү бар эл гана жоголбойт жана баардык душмандарын жеңе алат.

http://www.ca-irnews.com/kg/society-kg/culture-kg/78943-%D0%B1%D0%B8%D1%88%D0%BA%D0%B5%D0%BA%D1%82%D0%B5-%D0%B1%

            

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс