Воскресенье , 12-Июль 2020
Башкы бет / Аналитика / Шаб-е ЯЛДА–жакшылык менен жарыктын жеңиш күнү

Шаб-е ЯЛДА–жакшылык менен жарыктын жеңиш күнү

Шаб-е Ялда (фарсы. یلدا‎شب ), Шаб-е Челле (фарсыشب چله‎) —жылдын эң узун түнү катары майрамдалуучу ирандыктардын байыркы майрамы.

Бул майрамды ирандыктар бир канча миң жылдан бери күз мезгилинин акыркы түнү б.а. жылдын эң караңгы жана эң узун түнү болгон Ялда түндү ар кандай каада-салттар, үрп-адаттар, жөрөлгөлөр менен майрамдап келишет. Иранда ялда түнү күз мезгилдин акыркы күнү — күн баткандан баштап, кыш мезгилинин биринчи күнү күн чыкканга чейин, иран жылнамасы менен 30-азар күнү күн баткандан 1-дей  (декабрдын 21нен 22не караган түнү) күн чыкканга чейин майрамдалат, анткени бул күндөн баштап түн кыскара баштайт.

Ялда сөзү – бул жаралуу, төрөлүү маанисин берген сирий сөзү. Көптөгөн изилдөөлөр менен байыркы тарыхый сөздүктөрдө сирий тили байыркы христиандардын тили болгон жана ялда түнүн улуу даанышман, астроном, жылнаама түзүүчү Абурейхан Бируни улуу жаралуу же күндүн жаралышы  деп эскерген.

Ялда сөзүнүн фарсы тилине качан жана кантип киргени жөнүндө так маалымат жок, бирок илгери христиандар алгач Римде жашашып, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгондуктан кээ бирлери Иранга кетүүгө бел байлашкан жана эки элдин маданиятындагы окшоштуктардан улам сирий сөзү фарсы тилине кирген деген маалымат бар.

Ялда майрамынын тарыхы

Өзүңүздөр билгендей эле, ялда майрамынын тарыхы байыркы замандарга барып такалганы менен, анын кайсы кылымга таандык экени жөнүндө так маалымат жок. Бирок көптөгөн археологдор Ялда майрамынын тарыхын жети миң жыл мурун деп билишет. Алар биздин заманга чейинки доордо табылган чопо идиштерди далил катары беришкен, анткени ал идиштерде иран айларындагы айбанаттардын букачар, чаяндын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Албетте, археологиялык ачылыштар, кол жазмаларда далил жок, бирок археологдор 7000 жыл мурун да ялда майрамына карата жөрөлгөлөр жасалган деп ишенишет.  Ал эми ялда майрамын майрамдоо  б.з.ч. 500 жыл мурунку доорго  алып барат, анын байыркы ирандыктардын жылнамасына расмий түрдө кириши Дариуш I дин дооруна барып такалат.

Ялда майрамынын тарыхы митра ырым-жырымдарына байланыштуу. Бул түнү – парстардын зороастризм заманынан башталган жакшылыктын, жарыктын жана Күн Кудайы болгон Митра туулган түн. Кышкы күндүн суугуна байланыштуу бул майрам бир күн артка же болбосо бир күн алдыга  жылдырылып майрамдалышы да мүмкүн. 2008 – жылы Ялда түнү  Ирандын улуттук баалуулук тизмесине расмий түрдө кирген.

«Дей», — бул зороастризмди курган кудай, кийинчерээк жарыктын кудайы болуп калган. Даанышман лингвисттер англисче «day» – “күн” так ушул кудайдын атынан алынган деп билишет.

Бул майрамдагы жаңы жемиштердин тасмалга коюлушу байыркы салттагы Кудайлардын молчулук жана түшүмдү сактоо тилеги менен дубасын эске салып дыйкандарга болгон өзгөчө сый урматты билдирет.

XIII кылымдын аягында Саади өзүнүн Бустанында: “Чыныгы таң Ялда түнү бүтмөйүнчө келбейт” деп жазган.

Байыртадан караңгы түн – туңгуюкту жана түнттүктү туюндурат эмеспи, андыктан түндүн узун болушу менен жамандыктын кудурети күчтүүрөөк болот деп билишкен. Бирок, ага карабастан элдер ошол эң узун караңгы түндөн кийин күндүн узарып баштаганына байкоо жүргүзүшүп, Ялда түнүнүн өтүшү менен түн кыскарып, Күндүн узарып башташы – жарык менен жакшылыктын көбөйүп, караңгылык менен жамандыкты жарык менен жакшылык жеңет деп билишет.

Ялда түнүнүн майрамдалышынын дагы бир негизи, күзгү мол түшүм, жыйым-теримдин аякташы менен дыйкандар чоң майрам өткөрүшкөндүгүнө байланыштуу.

Байыркы жөрөлгөлөргө ылайык, дей айынын биринчи күнүндө перс падышалары тактыларын жерге коюп, ак кийим кийип талаага барышкан жана ак килемге отуруп,  кол алдында иштеген кызматчылар, малайлар, күңдөр жана башка кызмат кылуучуларга бир күн эркин жашоого укук беришкен. Бул күнү шаар ичинде эч кандай милдеттенме жок болуп, падыша, вазир, малайлар, кедей-кембагалдардын баарынын укугу бирдей болгон. Бирок бул айтылган уламыш чындык деп эч ким далилдеген эмес, андыктан болгону бир миф болуп кала берет.

Бул майрамдын дагы бир чоң өзгөчөлүгү — Иран эли Хафиз ырларынын жыйнагы менен төлгө тартуусунда.

“Шабе Ялда” түнүндө жаңы жана кургатылган мөмө-жемиштер,  аджил: туздалган жана куурулган фисташка, фундук, жаңгак, миндаль, күн карама, ашкабак, дарбыз дандары жана буурчак. Стол үстүндө сөзсүз түрдө анар, дарбыз, коон ден-соолуктун символу катары коюлушу керек.

Бул түнү бардык тууган-туушкандар, жоро-жолдоштор, жакшы санаалаштар үйдөгү очоктун жанына чогулушуп, атайы Ялда түнүнө даярдалган дарбыз, коон, анар жана туздалып  куурулган фисташка, фундук, жаңгак, миндаль жана да күн карама, ашкабак, дарбыз дандары, буурчак даярдалган аджил жеп ар кандай жомокторду, ырларды окуу менен бирге шатыра-шатман дарбыз, анар жешет. Дарбыз — бул түндүн эң негизги жемиши. Бул түнү Дарбыз жеген адамдын жылы бою ден-соолугу чың болуп, оору-сыркоодон алыс болот деп ишенишет. Анткени ден-соолук күлкү, шаттык, жигердүүлүктүн дегеле баардык жакшылыктардын башаты жана мүлкү эмеспи.  Бул түнү жогоруда айтылган Хафиз ырлар жыйнагынан төлгө салышып, дуба кылышат таң заарга чейин укташпай, ниеттери кабыл болуусун жараткандан тиленишет.

Ялда түнүндөгү жөрөлгөлөр

Ялда түнүнө карата белгилүү жөрөлгөлөр деп от жагуу, ак сакалдар менен улууларардын жомок, уламыш жана дастан айтуусу, таттуу-ширин, тамак аш жеп, Хафиздин төлгө тартуусун айтсак болот.

От жагуу

Байыркылардын ишеними боюнча от жагуу – жарыктын жана күндүн символу болгон жана кээ бирлери караңгылыкты, жамандыктын белгиси катары билишкен.

Ялда түнүндө дастан окуу, макал-лакап айтуу

Ялда түнүндө үй-бүлө, бир туугандар, жоро-жолдоштор чогулушуп, ак сакалдар менен улуулардын дастан жана макал, ылакап айтуусун угуп, көңүл ачып отурушат. Өзгөчө алардын жашаган шаары, аймагы жана өз мекени, жергеси жөнүндө абдан кызыктуу уламыштарды, жомокторду, ирандыктардын тарыхына байланыштуу дастан, жомоктор аркылуу жаңы муун өз мекени, жери жана шаары же болбосо айылы жөнүндө көптөгөн маалыматтарды алып, ооздон озго, урпактардан урпактарга өткөрүп берип, өз тарыхын, уламыштарын сактап келишет.

Шахнаме окуу жана Хафиз төлгөсү

Байыртадан бул түнү чогулган ирандыктар шахнаме окуп, Хафиздин төлгөсүн салышканы салтка айланган. Хафиздин төлгөсүн  улуулар ачышкан жана төлгө салдырууну каалаган жаштар ниеттерин өз ичинен кайталап, төлгө салган адамга барышкан. Ал адам “Хафиз Ширази, Сен ар бир сырдын түйүнүсүң, ал эми мен төлгө ачуучумун, коюлган нийетке туура жобуңду бер”,- деп Хафиз китебин ачып, ачылган беттин оң тарабындагы алгачкы ыр саптарды окуган. Ал саптар төлгөнүн жообу болгон, ал эми төлгө ачкан адам ал ыр саптарын чечмелеп түшүндүрүп берген. Андан тышкары бул түнү Шахнаме окуу да салтка айланган.

Ялда түнүндөгү дасторкон

Ялда түнү ирандыктар өзгөчө дасторкон жайышкан. Дасторкондун үстүн ар кандай тамактарга, мөмө-жемиштерге жана кургатылган мөмөлөргө, өзгөчө анар, дарбыз жана башкалар менен толтуруу бул түндүн өзгөчөлүгүнүн бири болгон. Илгери ирандыктар ялда түнүндө сөзсүз түрдө мейзад же болбосо заратуштра айткандай Лорк деген дасторкон даярдашчу, анда кургатылган мөмөлөрдүн түрү, жемиштер жана ажил коюлчу.

Ялда түнүндө сөзсүз болуучу мөмө-жемиштер

Ялда түнүнүн негизги мөмө-жемиши анар болуп саналат, анткени байыртадан ирандыктардын ата-бабалары анарды молчулуктун, токчулуктун белгиси катары билишкен, анын себеби — анардын ичиндеги дандары көп жана андагы кызыл түс күн менен шаттыктын жышааны катары эсептешкен. Чындыгында ялда түнүндө анарды жесе, анын касиети таасир этип, көптөгөн жакшылыктарды, молчулукту алып келет дешкен.

Байыркы замандан бери анардын касиети жана таасири бардыгына далил болуп келген, жада калса дүйнөдөгү диндерде да  анарга өзгөчө маани берилген, анткени көптөгөн тарыхый булактарда, кол жазмаларда жана уламыштарда анар өзгөчө таасири бар мөмө катары берилген. Анар заратуштранын дининде ыйык деп берилген.  Ал мину дарактарына кирип, заратуштра дининин майрамдарында анар дарагынын сабактары менен жалбырактарын көп колдонушкан. Бирок дарбыз дагы ялда түнүндөгү негизги жемиш болуп эсептелет. Бирок кыштын биринчи күнү, суукта дарбыз жеген таң калычтуу эмеспи деген суроо жаралат. Биз дарбызды жайында жей турган жемиш катары билебиз, бирок анын кызыл түсү жаркырап жанган күндүн жана жайдын ысык аптабын эске салган түс. Албетте, бул дасторкондо мандарин, алма, курма, алмурут жада калса ашкабак жана кызылча да коюлат.

Андан тышкары ялда досторконуна ажил жана башка ширин таттуулар коюлат. Ажил – фисташка, жаңгак, миндаль, фундук, кургатылган мөмө-жемиштер жана кургатылган инжирден туруп, ялда түнүндө коюлуучу эң маанилүү нерсе болуп саналат. Сиздер жакшы билгендей, илгери мөмө-жемиштерди сактоо абдан кыйынга турган жана аларды көбүрөөк сактоо максатында кургатышкан. Жогоруда аталган мөмө-жемиштерден тышкары буудай, дарбыз даны, нокот жана башкаларды койсо да болот.

Ялда түнү жаш жубайларга белек

Жаш жубайлар үчүн ялда түнү өзгөчө майрам болуп саналат, анткени бул түнү жаңы келин үчүн өзгөчө белек даярдалат. Бул салт илгерки ирандыктардын ата-бабасынан бери сакталып келген. Бул майрамда жаңы үйлөнгөн баланын ата энеси тарабынан жаңы алган келинине белек берилет жана жакшы нийет менен куда, кудагыйларынын үйүнө мейманга барышат. Ал эми кыздын ата-энеси куда, кудайгыларын коноктоо үчүн абдан даярданышып, өзгөчө дасторкон жазып, меймандарды тосуп алышат. Ал эми бул байыркы салт азыр айыл жергелеринде өтүп, куда, кудагый алган белектерин чоң себетке салышып, кыздын үйүнө мейманга барышат.

Ошентип, ирандыктар таң атканча уктабай дуба кылып, шатыра-шатман, күлкү менен көңүл ачып, караңгы түн, кайгы-капа, баардык жамандыктарды жеңдик деп билишет, анткени Ялда түнүнөн кийин күн узарып баштоосу менен жакшылык көбөйөт деп билишет.

http://www.ca-irnews.com/kg/analytics-kg/78907-%D1%88%D0%B0%D0%B1-%D0%B5-%D1%8F%D0%BB%D0%B4%D0%B0-%E2%80%93-%D0%B6%D0%B0%D0%BA%D1%88%D1%8B%D0%BB%D1%8B%D0%BA-%D0%BC%D0%B5%D0%BD%D0%B5%D0%BD-%D0%B6%D0%B0%D1%80%D1%8B%D0%BA%D1%82%D1%8B%D0%BD-%D0%B6%D0%B5%D2%A3%D0%B8%D1%88-%D0%BA%D2%AF%D0%BD%D2%AF

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс