13-декабрда Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Түрк дүйнөсүндөгү даректүү тасмалар фестивалында сыйлыкка ээ болгон фильмдер Түркия журналисттеринин федерациясы тарабынан көрсөтүлдү.

Аталган маданий иш чара Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат жана Туризм министрлигинин колдоосу менен Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан өткөрүлдү.

Анда көрүүчүлөрдүн назарына Түркия тараптан ТРТ-Аваз телеканалы тарабынан тартылган режиссёр Ахмет Жеваттын “Бир улуттун руху”, Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан тартылган “Көч” жана “Ата-Журттун кайгысы” аттуу кыска метраждуу тасмалар тартууланды.

Аталган даректүү тасмалар көрсөтүлөр алдында салтанаттуу иш чара болуп, алгач Түркиядан Кыргызстанга атайын келген Түркиянын журналисттер федерациясынын төрагасы Демир Мендерес мырза сөз сүйлөдү. Ал залда отургандарга кайрылып, мындай деди: “Биз Борбор Азия аймагынан Түркия жана Европа континентине чейинки аймакта отурукташкан алты мамлекеттин бир элибиз. Жакында Азербайжандын борбор калаасы Бакуда мамлекет башчыларыбыз жолугушуп, бирдиктүү эл экендигибизди дагы бир ирет жар салышты. Анда түрк элдери маданиятын сактап, мындан ары да өнүктүрүү менен кылымдардан бери ата-баларыбыз сактап келаткан достугубузду чыңдап, өнүктүрө алары да баса белгиленди. Андыктан биз университеттердин ич ара байланышын, элибиздин маданиятын жандандырууну колго алышыбыз керек. Эгер алдыбызда турган ушул миссияларды ишке ашырсак, анда максатыбызга жеткен болобуз. Биздин бүгүнкү түпкү мекенибиз болгон Ала-Тоого келип, Сиздер менен жолугушуп отурганыбыздын да максаты ушул”.

Андан соң сөз кезеги Кыргызстан киноматографисттер союзунун төрагасы Мукталы Бектеналиевге берилди. Ал өз сөзүндө бүгүнкү маданий иш чара бүтүндөй түрк дүйнөсүнө таандык залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө тушташ өткөрүлүп жаткандыктан, өзгөчө маанилүү экендигин белгилеп: “Ушул күндөрү залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына Кыргызстанда, дегеле бүтүндөй түрк мамлекеттеринде бир топ иш чаралар өткөрүлүүдө. Ал эми азыр биз ошол тарыхый инсан дээрлик чейрек кылым иштеп, чыгармаларын жараткан тарыхый жайда турабыз. Демек, баарыбызды Айтматовдун улуу деми колдойт деп ишенем. Быйыл бүткүл дүйнө жүзүндөгү түрк элдеринин маданий уюму болуп саналган ТҮРКСОЙ тарабынан Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору”,- деп жарыяланып, байыркы бул шаарыбызда көптөгөн маданий иш чаралар өттү.  Учурдан пайдаланып, бул иш чараны өткөрүү үчүн көмөк көрсөткөн Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлигине, Түркиянын өлкөбүздөгү элчилигине ыраазычылык билдирип кетким келет жана Түркиядан атайын ат арытып келген коноктор кош келипсиздер”,- деди.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, “Айтыш” коомунун жетекчиси Садык Шер-Нияз болсо, түрк элдери эң оболу өздөрүнүн маданият кызматкерлерин, дүйнөгө белгилүү таланттарын таанып, баркташ керектигин айтты. “Түркияда да, Кыргызстанда да, Казакстан менен Азербайжанда да белгилүү актриса ким десең, Анжелина Жоли дешет. Ал эми белгилүү актёр ким десең, Бред Пит дешет. Эмне үчүн биз өзүбүздүн ушул күндөрү 80 жылдыгы белгиленип жаткан Сүймөнкул Чокмровду, Таттыбүбү Турсунбаеваны же белгилүү түрк, казак, азербайжан, өзбек артисттерин атабайбыз? Дүйнөгө белгилүү Улукбек, Омар Хаям, Гамзатов, Айтматов жана башка таланттарыбызды 300 миллионго жакын түрк элдери унутпаш керек. Ошондо гана биз түбү бекем, духу бийик түрк элдери боло алабыз”,- деди.

Иш чаранын экинчи бөлүгүндө Ахмет Жеваттын “Бир улуттун руху”, Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан тартылган “Көч” жана “Ата-Журттун кайгысы” аттуу кыска метраждуу тасмалары көрсөтүлдү.

Автандил Белеков.