Воскресенье , 5-Июль 2020
Башкы бет / Дүйнө / Өзбекстанда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленди

Өзбекстанда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленди

Категория: Маданият — Published: 13/12 — 13:10

Кошуна мамлекетте залкар талантка терең сый-урмат көрсөтүлдү.

2019-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Ибрагим Жунусов башында турган Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери  Чыңгыз Айтматовдун айкелине гүл коюшту. Улуу жазуучунун жаркын элесин эскерүүгө Өзбекстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да келишти.

Элчи Ибрагим Жунусов Ала-Тоодон ааламга үн салган Чыңгыз Айтматовдун кыргыз уулу болуп калганына, анны менен замандаш болуп калганына сыймыктануу менен эскерүүгө катышкандардын баарына терең ыраазычылык билдирди.

Улуу жазуучунун айкелине гүл койгон соң элчи Ибрагим Жунусов Чыңгыз Айтматовдун 91-жылдыгына карата Өзбекстандын журналистика жана массалык байланыш Университети тарабынан уюштурулган тегерек столго катышты.

Тегерек столду Өзбекстандын журналистика жана массалык байланыш Университетинин ректору Шерзодхон Кудратходжаев жана Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов ачты.

Өз саламдашуу сөзүндө  Ибрагим Жунусов өзүнүн чыгармачылык дарамети менен бүткүл дүйнө жүзүндөгү окурмандарды багынткан жазуучунун кайталангыс талантын белгиледи.

Мындан сырткары, кыргыз-өзбек кызматташуусунун учурдагы абалына кыскача токтолду.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу докладдары менен чыгышты, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын – чыгармаларын талкуулашты.

Тегерек столдун ишинде Университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты. Иш-чаранын аягында Элчи Ибрагим Жунусов университеттин китепканасына Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагын тапшырды.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс