Вторник , 25-Февраль 2020
Башкы бет / Аналитика / Ирандыктардын үйлөнүү үлпөт каада-салты жана жөрөлгөлөрү

Ирандыктардын үйлөнүү үлпөт каада-салты жана жөрөлгөлөрү

Категория: Аналитика — Published: 13/12 — 19:05

Үйлөнүү өзүнө өтө чоң жоопкерчиликти камтыган, эки адамдын расмий жашоосун баштоо салты болуп саналып, ага карай ар бир улуттун өз каада-салты, ырымдары болот эмеспи. Төмөндө ирандыктардын үйлөнүү тойго карай каада-салттарын сунуштайбыз.

Байыркы заманда ирандыктар уулун үйлөнтүү үчүн баланын ата-энеси уулуна кыз издеп табышкан, жаштардын милдети ата-энелеринин тандоосуна макулдугун же болбосо каршылыгын билдирүү гана болгон. Анда эмесе, байыркы ирандыктардын үйлөнүү үлпөт тою кандай жөрөлгөлөр менен коштолгон?

Куда түшүү

Зараострийлердин куда түшүү салты мындайча болгон. Баланын энеси жана эжеси, үй-бүлөнүн жакын адамдары менен, алдын ала тандалып алынган кыздын ата-энесинин үйүнө кыздын колун сурап барышкан. Көбүнчөсү бала тараптан, баланын ата-энеси кыздын колун сурап, куда түшүү сунушу бар катты ала барышкан.  Бул кат жашыл түстөгү кагазга жазылып, жашыл конвертке салынып, жашыл бет аарчыга оролуп, бир даана кант жана күнжүт ж. б. белектер менен кошуп кыздын үйүнө алып барышкан. Ал эми кыздын колун сурап барган күндөн бир нече күн өткөн соң ошол эле ыкма менен кыздын жообу баланын үйүнө жеткирилген. Эгерде, катта кыз жана кыздын ата-энеси өз макулдуктарын билдирген болсо, жаштарды жолуктуруу этабына өтүшкөн.

Бале барун жөрөлгөсү

Кыз жигит бири-бирин жактырып, үйлөнүүгө макулдыктарын берген соң, бале барун жөрөлгөсүн өткөрүшөт. Бул күнү эки үй-бүлөнүн ак сакалдары, улуулары жолугушуп, кызга бериле турган калымды бычып,  үйлөнүү тойду өткөрүү шарттары сүйлөшүлөт. Кыздын калымы жөнүндө сүйлөшүү бул жөрөлгөнүн негизги максаты болуп эсептелет. Кыз жөрөлгө болоорго чейин алдын ала ата-эне, бир туугандары менен кеңешип, калымдын канча болушу зарыл экенин кеңешип алышы керек жана өз ара макулдашышкан калымдын ченин кагазга жазып, расмий түрдө кол коюшат.

Кыз-жигитти жолуктуруу

Бул күнү бала өзүнүн ата-энеси менен кызга шакек жана белек (баштык (сумка), бут кийим, кездеме, алтын)  алып, кыздын үйүнө барышкан. Бул белекти берүү үлпөтү да атайы жөрөлгөлөр менен коштолгон. Ал белектердин алдына чырак жандырылган эки жоогазын гүлүн, күзгү, гүл суусун чачкыч, кант  менен кошо алып келишкен. Бала тараптан кыз тарапка белектер тартуулангандан кийин бала менен кыз шакектерди бири-бирине салышкан. Андан бир нече күн өткөн соң кыздын тууган-туушкандары эки чырак жандырылган жоогазын гүлүн, жашыл кездемеге оролгон кант, гүл, кездеме жана башка белектерди алып баланын үйүнө барышкан. Бул жолугушууда кыз ата-энеси менен чогуу келбейт, анкени кыздын ата-энеси менен чогуу келиши анын жеңил ойлуулугун айгинелейт деп эсептешкен. Ошентип, эки үй-бүлө даярдыктарын көрүп бүткөн соң, үйлөнүү той боло турган күндү болжошкон.

Нике кыйуу

Ирандыктарда нике кыйуу жөрөлгөсүнүн эки түрү бар. Кээ бир шаарларда кыз макулдугун бергенден кийин нике окулуп, эки жаш расмий түрдө кыз-жигит болушат. Ал эми кээ бир шаарларда нике кыйуу жөрөлгөсү үйлөнүү той болгон күнү аткарылат.

Кызга сеп даярдоо

Үйлөнүү тойго бир канча күн калганда, кыздын тууган-туушкандары сеп даярдоо үчүн чогулушат. Алар көйнөктөрдүн түрүн тигип, даярдалган сеп жана кыздын зер буюмдарын келген конокторго көргөзүшөт. Кыз жигиттин туугандары шакек, боёнуучу каражаттар, күзгү, шам чырак койгуч жана башкаларды алуу үчүн борборлорго же базарларга барышат.

Жахазбаран жөрөлгөсү

Бул жөрөлгөдө кызга алынган септин баарын бир бөлмөгө коюшат жана кыздын тууган-туушкандары, жоро-жолдоштору чогулуп аны көрүү жөрөлгөсүн өткөрүшөт. Алар септи көрүүгө куру кол барбастан, атайы сепке кошуу үчүн белек-бечкек, кошумча алып келишет.

Ханабандан жөрөлгөсү

Ханабандан жөрөлгөсү бул — күйөөгө кете турган кыздын ата-энеси, тууган-туушкандары менен коштошуу жөрөлгөсү же болбосо кыздын өз үйүндөгү акыркы күнү. Бул жөрөлгө кыздын атасынын үйүндө өтүп, кыздын курбу-курдаштары жана жаш туугандары чогулуп турмуш жолуна аттанып жаткан кызды мончого алып барышат, боёнтушат.  Ошентип кеч киргенде үйгө кайтып келишип, тойду улантышат. Бул тойдо күйөө бала болчу жигиттин үй-бүлөсү таттуу ширин, мөмө-жемиштерди жана даярдалган хна боегун кызга белек катары алып барышат. Ошентип тойдун акырына чейин кыздын колуна хна боегу менен  ар кандай оюуларды тартышат. Келген коноктор да өз каалоолору менен колдоруна хна менен оюу тушүрүшсө да болот.

Кыз узатуу же кыз тойу

Үйлөнө турган баланын ата-энеси, тууган-туушкандары кыздын атасынын үйүнө конокко барышат. Ал жакта конок болушкан соң, кыздын атасы бала менен кызды чакырып, экөөнүн колун кармаштырып, ак батасын берип, бактылуу өмүр сүрүүсү үчүн дуба кылат. Андан соң эки адам Куран китепти босогонун өйдө жагына кармашат да, жаштар анын алдынан өтүшөт. Бул жөрөлгө, жаңы үй-бүлөнү Кудай Таалам колдоп, бактылуу, ырыс-кешиктүү, ыймандуу үй-бүлө болсун деген ниетте жасалат. Андан тышкары, конокко барган баланын туугандары кыздын үйүнөн  бир буюм ала чыгышат, анын мааниси, жигит кызды жубайлыкка алып кетти дегенди билдирет.

Үйлөнүү той

Тойго бир нече күн калганда, эки жаштын жакын туугандары үйлөнүү үлпөтүнө керектүү буюмдарды алуу үчүн дүкөндөргө жана базарларга жөнөшөт. Бала тарап кыздын үйлөнү үлпөт көйнөгүн (сумка, бут кийим, кездемелердин түрлөрүн, алтын жана косметика ж.б.) ал эми кыз тарап бала үйлөнү үлпөттө кийе турган костюм-шым (көйнөк, бут кийим) ж. б. белектерди алышат. Тойго эки, үч күн калганда кыздын туугандары кыздын себин кыз менен бала жашай турган үйгө алып барып, коюштуруп, даярдашат. Ошону менен бирге бул күнү кичинекей майрам өткөрүп, кыздын ата-энеси атайы жөнөткөн жип менен экөөнүн бактысы үчүн кыздын уктоочу төшөгүн тигишет. Зороастрлардын үйлөнүү үлпөтү жана нике кыйуу жөрөлгөлөрү бир күн майрамдалган. Үйлөнүү үлпөт күнү, жаштар нике кыйуу жөрөлгөсүн өткөрүү үчүн  жакын туугандары менен Шамканага барышкан. Ал жакка Авеста китебин, күйүп турган эки жоогазын гүлүн, күзгү,  ширин таттуулар, анар, жумуртка алып барышкан. Кыз жигит алды жакта атайы даярдалган нике кыйуучу орундукка отурушкан.

Күбө дасторкону же Нике дасторкону

Нике дасторкону же күбө дасторконун жерге жазышат. Кашемир же макмал жана жибектен жасалган бул дасторкон кыздын апасы таарбынан муундан муунга сакталып келген.  Дасторкон күн чыгышты карай жайылып, анын үстүнө кызыл гүл, жашылчанын жети түрү салынган табак, кант, бал, алтын тыйындар, набат салынган идиш, адрашман түтөтүүчү идиш, күрүч, кургатылган жашылчалар, туз, укроп, чай, ладан (тропиктик жыгачтардын кээ бирлеринен алынуучу чайыр сымал жыпар жыттуу зат), анар, алма, куттуктоо сөзү жазылган улуттук нан коюлат.

Жаштар бири-биринин маңдайына отурушат, алардын баштарынын үстүнө ичинде кант салынган ак кездемени кармап, эки жаш бири-бирине макулдуктарын берип, жөрөлгө аягына чыкканча кыймылдатып ырдап турушкан. Бул жөрөлгө эки жаштын жашоосу бактылуу болуп, таттуу күндөрдү өткөрүшсүн деген мааниде жасалат.

Жаштар үчүн

Жаштар атайы үлпөт кийимдерин кийишип, алардын моюндарына кызыл гүлдөн жасалган шуру тагышат. Алгач кыз отургучка отуруп, андан соң баланы достору алып келишет. Алар сөөмөйлөрү менен идишке куюлган балды жашообуз балдай таттуу болсун деген ниетте бири-бирине жедиришет. Ошентип үлпөт башталганын баарына жар салып, керней, сурнай тартылып, ыр ырдалат. Бул жөрөлгөнү Шах жан деп аташат. Эки жаштын маңдайына нике кыйуучу бутпарас, ал эми тегерек четине тууган-туушкандар, жакын достору отурушат. Андан соң кыз тараптан бир күбө, бала тараптан бир күбө адамдардын катышуусу менен нике кыйуу жөрөлгөсү башталат. Молдо Авестанын китебин окуп, жаштарга үй-бүлөлүк акыл-насаат, бири-бирине жана ата-энеге болгон урмат-ызат жана милдеттери жөнүндө баяндайт. Андан соң эки жаштын “макулмун” деген жообун алган соң, алардын никесин заратуштранын китепчесине расмий түрдө каттап, жаштардын күбө адамдары аны тастыкташат. Нике кыйуу жөрөлгөсү аяктаган соң бутпарас нике дасторконунун үстүндө турган жумуртканы  чатырды көздөй ыргытышат.  Бутпарас мындай жөрөлгө менен кыздын атасына болгон милдети бүттү, мындан кийин кыздын атасынын кызына эч кандай милдети жок деп эсептелинет. Андан соң бутпарастын жардамчысы колундагы күзгү жана гүл суусу менен келген коноктордун маңдайына туруп, аларга гүл суусунан берет, ал эми бутпарастын жардамчысынын артында бир адам колундагы ширин таттууларды конокторго таратып турат. Ошентип молдонун жардамчысы анжил салынган чоң табакты алып, бир бөлүгүн меймандарга таратып, бир бөлүгүн тойго салым кошкондорго бөлүп берет. Ошентип ал жактагы жөрөлгө бүткөн соң, жаштар той өткөрүлүүчү үйгө кайтышат. Үлпөт тойунда  жандуу музыка жаңырып, меймандар улуттук аспаптарда ойнолгон музыкага бийлеп чордошуп, дасторконго коюлган анар, дарбыз жана ширин таттуулардан наар татышат, ал эми үлпөт тойго көбүнчө койдун этинен бирьяни, палоо жана таттуу палоо тамактарын жасашат. Үлпөт той үч күндөн  жети күнгө чейин созулат. Кээде атайы ырчы, кудуулдарды чакырышат. Алар атайы үлпөт той үчүн даярдалган тамашалуу программаларын коюп, тойдун шаңын чыгарышат.

Бут өлчөө (бут тосуу) (байыркы жөрөлгө)

Йазд шаарында жана Кермандагы зороастрийлерде, кызды өзгөчө жөрөлгө менен баланын үйүнө алып барышкан.  Кыздын оң тарабына күйөө баланын эжеси же карындашы, ал эми сол тарабына кыздын эжеси же сиңдиси (же болбосо кыз тараптан бир айым) туруп, төрт-беш кыз келин чогулуп, кыздын артына бири — биринин артына турушуп,  жай басып баланы үйүн көздөй барышкан. Баланын көчөсүнө жеткенде мындай деп ырдашкан.

Бул көчөө таарбы? Ооба…. Биздин кыз чырайлуубу?  Ооба

Бир тал чачын түшүрбө … чүрөк келди мында. Ооба

Куттуу куттуу кутту болсун…. үйлөнү той кут болсун

Кызды жандап келген кыз-келиндер ар бир үйдүн жанынан өтүп баратып адырашман түтөтүп, ар бир үйгө бакыт тилеп, шатыра-шатман көңүл ачышкан. Ошентип баланын үйүнө да жетишкен. Эшиктин алдына жеткенде бала менен кыздын буттарынын алдына от жагышкан. Ал эми баланын үй-бүлөсү кыз үйгө кирүүсү үчүн пакша же паандаз беришкен. Пакша же паандаз көбүнчө акчалай же алтындан берилген. Үйгө кирген соң меймандарга шербет берилген. Үйдүн ичине кыз менен жигит кирип келе жаткан маалда баланын апасы кызга сөйкө, шакек, билерик, шуру ж.б. белектерди берген. Кыз жигит өз бөлмөлөрүнө  кирген соң, үй-бүлө жана жакын кыз-келиндер бут жуу жөрөлгөсүнө өтүшкөн. Алгач жайпак идишти кыз  жигиттин бутунун алдына коюшкан,  жигит идиштеги жашылча, сүт жана суу аралашкан суюктукту колдору менен сузуп, кыздын эки бутун жууган, андан соң ошол эле ыкма менен кыз жигиттин бутун жууган. Бул жөрөлгө алардын жашоосу жашылчадай гүлдөп, сүттөй ак жана өмүрлөрү узун болсун деген мааниде аткарылган.  Бул жөрөлгө бүткөн соң, меймандар кыз жигитти жалгыз калтырышкан. Кыз жигит нике кыйуу жөрөлгөсүнөн алынып келинген анарды жешкен. Таң эртең жигиттин  эжеси (же кыздын эжеси) кыз жигиттин төшөгүн жыйнаган. Салт боюнча жигит төшөк жыйнаган келин үчүн  жаздыктын алдына алтын тыйындарды кыстарып коюш керек. Ал эми эртеси күнү эртең менен кыздын тууган-туушкандары ширин таттууларды, айран (актыктын белгиси) жана таттуу кебез (таттуу жашоонун белгиси) катары, жана башка белектерди жигиттин үй-бүлөсүнө жөнөтүшкөн.

Кутуча

Бул күнү кечинде жигит меймандар келгенге чейин бутпарас жана да бир канча адамдын коштоосу менен эки жанган жоогазын, гүл жалбырагы, суу жана сүт аралаштырылган суюктукту алып, аккан суунун башына барышкан. Ал жактан Авеста окушуп, өздөрү менен алып келген аралашманы сууга куюшкан. Мындай ыкма менен үйлөнгөнгө чейинки жамандыктардан арылып, суудай таза, сүттөй ак, гулдөй жыттуу болот деп ишенишкен. Кайтып келе жатканда жигит кайнатасы жана кайненесинин үйүнө кайрылып, жакында эле жубайы болгон кызын тарбиялагандыгы үчүн урмат жана ыраазычылык көрсөтүү маанисинде алардын колун өпкөн. Кайын атасы (кыздын атасы) күйөө баласына белек берген. Жигит кайтып жаткан маалда, кыз ширин таттуу салынган идишти күйөө балагы урмат көрсөтүү маанисинде чачыла чачкан. Ошол учурда тууган-туушкандар жакын санаалаштары алдын ала даярдалган белектерди кыз жигитке беришкен. Жигит эне сүтү деп, 33 же 101 тыйын салынган кутуча, анар, бут кийим белектерин кыздын энесине, ал эми кыздын сиңдисине же эжесине да бут кийим белек кылган.

Аш-е реште

Үлпөт тойдун үчүнчү күнү Аш-е реште (Иран тамактарынын бир түрү) күнү болуп саналган.  Аш-е реште  тамагына кошула турган кошулмаларды жаш келин өзү даярдап, күйөө бала казанга салыш керек. Аш-е реште жөрөлгөсү да туугандар, жакшы санаалаштардын катышуусу менен өткөн. Андан соң салт катары жаңы үйлөнгөн жаштар туугандарыныкына бараардан мурда ыйык жерлерге барып сыйынышкан.

Бал айы

Ирандык үй-бүлөдө жаңы үйлөнгөн жаш жубайларды бал айына жиберүү аземи да өткөрүлгөн. Бал айынын максаты — жаңы үйлөнгөн жубайлар бири-бирин жакшылап таанып, бири-бирине көнүү. Ирандыктарда бал айына карата илгертен бир уламыш калган.  Болжол менен 4 миң жыл мурун Бабелде жаш кыздын аталары күйөө балага балдан жасалган шире даярдашкан жана ошондон баштап жубайлар үйлөнгөн биринчи  бал айы деп аталып калган.

Мейман күтүү же мейманга баруу

Жаш жубайлар үйлөнгөндөн кийин алардын жакын туугандары жаш жубайларга сый-урмат көрсөтүү манисинде аларды үйлөрүнө конокко чакырышкан. Ошентип жаш жубайлар жумасына бир жолу мейманга барып турушкан. Мындай мейман күтүүнүн да өзүнүн жол-жобосу, аткарыла турган жөрөлгөлөрү менен болгон. Жаш жубайларды конокко чакырган ар бир үй-бүлө, тууган-туушкандар жаш жубайлар үйлөрүнө кирип келе жаткан маалда бир тутам гүл, жашылча же анар (алма же мандарин) аларга берилип, ширин таттулардан чачыла чачылып, үндөрүн бийик чыгарып, бир нече жолу кубанычтуу “Жаш жубайлар бактылуу болушсун”,- деп айтышкан. Шаңдуу жаңырган музыканын коштоосу менен анар жана ширин таттуулардан нар татуу үйлөнүү үлпөтүнүн негизи бөлүгү болуп саналган.

Ал эми жаңы үйлөнгөн жигит аскер кызматкерлигине жиберилбейт, эч кандай коомдук иш-чараларга катышпайт. Ал  бир жыл жубайынын жанында болуп, көңүлүн ачуу керек.

http://www.ca-irnews.com/kg/analytics-kg/78522-%D0%B8%D1%80%D0%B0%D0%BD%D0%B4%D1%8B%D0%BA%D1%82%D0%B0%D1%80

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс