Пятница , 14-Август 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Дубайда президентке суроо берген мекендеш айымдын видеосу чыгып кеткени Ак үй үчүн өтө уят көрүнүш болду.

Дубайда президентке суроо берген мекендеш айымдын видеосу чыгып кеткени Ак үй үчүн өтө уят көрүнүш болду.

Алар мындай учурга даяр эмес болгон.

Негизи эле президент Жээнбеков жана анын командасы күтүүсүз суроолорду өтө оор кабыл алышууда. Андыктан кенедей жолугушууга да алдын ала даяр суроолорду аныктап, журналисттерди камерасын мындай кой, диктофонуна чейин жаздырууга тыюу салып келишет.

Бул жөн гана Ак үйдүн фобиясы. Биринчиден команда өлкө башчынын өзүнө кандай суроого кандай жооп беришти айтып, көрсөтүүдөн жазганат. Ошол эле учурда кызматкерлер өздөрү да жумуш ордун жоготуп алуудан коркот.

Натыйжада абалдан чыгуунун жалгыз варианты, «толук курчанууга өтүү» тактикасы. Мейли эл эмне дейт, аларга эң негизгиси текшерүүдөн өтүп, тазаланган ой пикир маанилүү сыягы.

Азыр президентке көп маалымат туура эмес жеткирилүүдө. Ак үйгө учурда Азаттык эле Матраимовго каршы иштеп аткандай сезилип жаткандай. Алар жалпы коом чыңалып турганын түшүнгөн жок. Өз өлкөсүндө эмне болуп атканын жакшы билбесе, Арабиядагы кыргыздардын Матраимов менен такыр эле иши жок деп ойлошту.

Натыйжада Арабияда президенттин кароолчулары өз өлкөсүндөй күчөтүлгөн текшерүүнү кыла алган жок жана анын жыйынтыгы дароо беделге тепти. Президент эки секунд өзүн жоготуп, эриндери титиреп, эмне деп жооп беришти билбей кыжаланды. Анын үстүнө отурган элдин кол чаап жибергени өлкө башчыны агынан жарылганга жеткирип, бактыга жараша «факты болсо бергиле» деген даярдалма фраза сактап кетти.

Эми мындан ары чет өлкөнү кыдырганда мигранттар менен жолугушуу программасы чийилсе да таң калуунун кажети жок. Эксперимент биринчи текшерүүдөн өтпөй калды.

Самат Жумакадыров.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс