Вторник , 25-Февраль 2020
Башкы бет / Аналитика / КОЙ-ТАШТАГЫ КУЛЬМИНАЦИЯ ЖАНА ГЕНЕРАЛДЫ САТУУ

КОЙ-ТАШТАГЫ КУЛЬМИНАЦИЯ ЖАНА ГЕНЕРАЛДЫ САТУУ

Дүйшөмбү күнү маалымат каражаттарына 7-8-августагы Кой-Таштагы окуялар боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу жарыяланды. Корутундуда Кой-Таштагы окуялар үчүн айыптуу деп А. Атамбаев аталган.

Тартип коргоо органдарынын ишине келгенде ИИМ менен УКМКанын иш-аракети жалпысынан мыйзам чегинде жасалган, бирок жакшы координацияланган эмес деп аталган.

Мына ушул жерде чоң маселе бар. Биринчиден, бул күч структураларынын ишин кайсы жетекчи орган координациялайт? Чын-чынына келгенде күч структураларын президент жана анын аппараты көзөмөлдөйт, ошолорго баш ийишет. Экинчиден, формалдуу жагынан өкмөт башчы жана тийиштүү вице-премьер-министр бар.

Президенттик аппаратта аппарат башчынын орун басары Алмамбет Салиев деген бар. Күч структураларын мына ушул жигит тейлейт. Өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бар. Ал күч органдарын координациялайт. Экөө тең президентке баш ийет. Буларга буйрукту президент берет.

Жеңиш Разаков Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.

7-августагы Кой-Таштагы УКМКанын эң бир калпыс операциясы мамлекетти чоң трагедия алдына алып келди. Бир офицер каза тапты. Ондогон жоокерлер барымтага алынып, курал-жарагын тарттырды. Зомбулукка кабылды.

8-августа да ошол көрүнүш дээрлик кайталанды. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Атамбаев менен дурустап сүйлөшө албай, штурм деп калган. Муну өзү да тастыктап айтып жүрөт. Эгерде штурм болсо эмне болмок? Жоокерлер, милиция кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч туулмак. Атамбаев жана анын айланасындагылар окко учушу мүмкүн эле. Кырдаал мына ушул Жунушалиев көздөгөндөй багытта өнүксө эмне болот эле? Кыргызстанда чыр-чатак, карама-каршылык, келишпестик күчөйт эле.

Жунушалиевдин штурмун болтурбоонун алдын генерал Курсан Асанов алды. Кырдаалдын кайсы тарапка өнүгүп баратканын көргөн генерал Асанов жеке демилгеси менен Атамбаев менен сүйлөшүүгө барып, аны колго түшүп берүүгө көндүрдү, мажбурлады.

Кой-Таштагы окуясы мына ушул жерде кульминациясына жетип, ал Курсан Асановдун батыл жана чечкиндүү аракети оң жагына чечилди.

Бирок Асановдун бул аракетин көрө албаган УКМКа башчысы Опумбаев жана ички иштер министри Жунушалиев аны жаманатты кылуу “оюнун” ойноого киришти. Кызматтан алып, кылмыш ишин козгошту. Үй-бүлө мүчөлөрүнө чейин суракка чакырып, басым жасалууда. Бул адилетсиздик жана көрө албастык.

Кой-Таш боюнча мамлекеттик комиссия жана аны караган Жогорку Кеңеш мына ушул орчун учурга өзгөчө көңүл буруш керек. Мекен үчүн көп учурда өмүрүн тобокелге салып жүргөн генерал Асановдун иши адилет каралууга тийиш.

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс