Пятница , 14-Август 2020
Башкы бет / Аналитика / С. ЖЭЭНБЕКОВДУН А. МАДУМАРОВ БОЮНЧА ЧЫНДЫГЫ…

С. ЖЭЭНБЕКОВДУН А. МАДУМАРОВ БОЮНЧА ЧЫНДЫГЫ…

Акаевдин доору. Болот Жанузаков УКМКанын башчысы. Жогорку Кеңеш кош палаталуу. Кош палатанын иш башкармалыгынын башчы кадимки Токон Шайлиева эле.

Мыйзам чыгаруу жыйынында Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Алишер Абдымомунов сыяктуу оппозициялык көз караштагы депутаттар бар. Алар Акаевдин, бийликтин кемчиликтерин, коррупциялык иштерин айтып, сындап, жанын жай алдырбайт.

Булардын оозун жабуу үчүн компромат табуу тапшырмасы Болот Жанузаковго берилет. Өз кезегинде Жанузаков УКМКадагы кызматкерлерге жерди чукусаңар да компромат тапкыла деген талапты коет.

Ал кезде УКМКанын белгисиз офицери, азыркы кезде өлкөгө белгилүү саясатчы болгон инсанга оппозициялык депутаттарга компромат табуу тапшырылат. Алар келип баштан-аяк текшере баштайт. Өзгөчө Адахан Мадумаровду катуу текшеришет. Бирок эч нерсе таба алышпайт. Айласы кеткенде Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаттары квартираларын оңдоого канча акча сарптаганын текшере башташат. Квартира оңдоого А. Мадумаров белгиленген лимиттен эки эсе аз каражат сарптаган болуп чыгат. 140 миң сом бөлүнгөн болсо, анын 70 миң сомун эле жумшаган болот. Токон Шайлиева болсо эки эсе көп сарптаган болуп чыгат. Бул маалымат Болот Жанузаковго жеткирилет. “Жоопко тартсак Шайлиеваны тартсак болот экен” дейт УКМКа кызматкерлери. Жанузаков айласыздан текшерүүнү токтотот.

Сооронбай Жээнбеков доору. Жээнбеков президент. Мадумаров оппозиционер. Экөөн тил табыштырууга белгилүү инсандар ортого түшөт. Жараштырып коелу дешет. Бери дегенде Москвадагы элчиликти, кааласа Түркия элчилигин беребиз дегендей сунушту кыйытышат. Ортомчулардын бирөөсү менен сүйлөшүүдө Сооронбай Жээнбеков “чынында көптөгөн саясатчылар ичинен мамлекет үчүн чындап күйгөн ушул Мадумаров” деп ымандай сырын да айтат.

Бирок Мадумаров мамлекеттик саясаттагы катачылыктарды, кемчиликтерди айтып, оппозициялык көз карашынан кайтпайт. Бул Сооронбай Жээнбеков жана анын жан-жөкөрлөрүнө жакпайт. Анткени аларга Жогорку Кеңештин депутаттары сыяктуу “улук падышам сиздики туура, сиз эмне десеңиз ошо, президент жакшы киши экен” деген сыяктуу кошоматтар керек .

Бийлик анан Каркыраны созолонто баштайт. Бирок анын эффектиси анча болбойт. Компромат издесе чыкпайт. Баары таза. Анан Айбалаев жардамы менен 2009-жылы кол коюлган кыргыз-тажик протоколун таап чыгышат. Ал протокол менен “жер кетти, сатты” деп жер тепкилей башташат. Жер эч качан бир протокол менен кетпесин, чек араны өзгөртүү үчүн чек ара боюнча жумушчу топ, өкмөттүк комиссия, өкмөт, парламент, президенттин чечими керектигин айтышпайт…

Мына ушундай икая.

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс