Понедельник , 17-Февраль 2020
Башкы бет / Дүйнө / Түркия менен Ливиянын макулдашуусу кимдерге жакпай турат?

Түркия менен Ливиянын макулдашуусу кимдерге жакпай турат?

Геосаясат

 

            2019-жылдын жай айларында Түркия мамлекетинин Орусиядан С-400 ракета комплекстерин сатып алып, бир тараптан Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен, экинчи тараптан Европа Биримдиги менен мигранттар маселесине байланып турган мамилеси баш оорутуп турган чакта үчүнчү мүшкүл пайда болгон. Жер ортолук деңизинде өз ишин баштаган “Фатих” жана “Барбарос” аталышындагы бургулоо кемелеринин айынан АКШдан, Батыш өлкөлөрүнөн кысымга кабылган. Эч бир кысымга, экономикалык чараларга карабастан, көздөгөн багытынан кайтпай келе жаткан Түркия Республикасы баарын таң калтырган шахматтык жүрүш жасап, Ливия өлкөсү менен жаңы келишимге кол коюп отурат.

Түркия менен Ливиянын ортосунда кандай келишимге кол коюлду? Бул келишим эмне себептен Батыш өлкөлөрүн дүрбөтүп, НАТО саммитинин чакырылуусуна себеп болду? Келишимдин айынан Ливиядагы төңкөрүштү уюштургандардын аракеттери текке кеткени турабы? Кыскасы, жооп издеген суроолор көп жана көпчүлүктүн башын катырып турган чагы.

1969-жылы Ливияда аскердик төңкөрүш болуп, бийлик башына Муаммар Каддафи келген. Ливияны 42 жыл башкарып турган Каддафи, 2010-жылдын жазында башталган Түндүк Африкада жайгашкан арап мамлекеттериндеги элдик толкундоолор учурунда 2011-жылы өткөөл улуттук кеңештин күчтөрү тарабынан колго түшүрүлүп, өлтүрүлгөн. Бул төңкөрүш бир эле Ливияда эмес, башка арап мамлекеттеринде да бир топ өзгөрүүлөргө алып келгени баарыбызга маалым. Өлкөдөгү экономикалык кризис, кымбатчылык ж.б. нерселер. Эч бири төңкөрүштү ишке ашырган элдин пайдасына болгон жок. Каддафиден соң Ливиянын бир бөлүгүн парламент жана фельдмаршалл Халифа Хафтардын армиясы, калган аймактарын, анын ичинде Триполи шаарын эл аралык коомчулук тааныган өкмөт көзөмөлдөп калган.

Экономикалык чараларга, саясий кысымдарга алдырбай кол кармашкан эки өлкө кандай келишимге кол коюшту? Жер ортолук деңизинде кысымга кабылган Түркия, Ливия менен деңиздеги ыйгарым укуктуу аянттарына чек коюлушу боюнча макулдашууга барышты.

Бул макулдашууга каршы чыккан Греция, жума күнү тышкы иштер министирлиги тарабынан, Ливия элчисинен, меморандумдун текстин келаткан аптанын аягына чейин тааныштырбаса, өлкөдөн чыгарарын билдирди.

Грециянын тышкы иштер министирлигиндеги булак билдиргендей, премьер- министр Кириакос  Мицотакис, 26-ноябрдагы Римдеги жолугушуусунда Италиянын премьер- министри Джузеппе Конте менен Түркия — Ливия меморандумун талкуулаган.

29-ноябрда Франциянын президенти Эмманюэль Макрон менен бул тууралуу телефон аркылуу сүйлөшкөн. Шаршемби күнү өзүнүн партиясы аталган «Жаңы демократиянын» 13-съездинде Греция шаршемби күнү өтө турган Лондондогу саммитте НАТО мүчөлөрүнөн Түркиянын эл аралык келишимдерди бузганы тууралуу жооп берүүсүн талап кыларын маалымдаган.

Көп күттүрбөй Европа Биримдиги (ЕБ) бул меморандумга каршылыгын билдирип: “Европа Биримдиги Түркияны ар дайым эл аралык укуктарды бузбоого, коңшу мамлекеттер менен сый мамиледе болууга, коңшулар менен тынчтыкты буза турган ар кандай иш-чаралардан алыс турууга үндөп келет” — деди. Ошондой эле, бул келишимге, деңиздеги жоопкерчиликтүү аянттары эки коңшу өлкөлөрдүн гана ортосунда белгилениши керек, Түркия менен Ливия коңшу өлкөлөр болбогондуктан алардын макулдашуусу эл аралык укуктарга жана деңиз укуктарына туура келбейт деген сын пикирлер менен да каршы келип жатат.

ЕБнын мындай пикирине жооп иретинде Түркиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан: «Европа Биримдиги Түркияга мүчөсү болгон бир өлкөнүн эгемендүү укуктарына сый көрсөтүүгө чакырышы мүмкүн, бирок Түркияны бир Европа Биримдигине мүчө өлкөнүн деңиз жоопкерчилик аянттарынын чегине байланыштуу ойлорун кабыл алдырууга мажбурлай албайт. Бул эл аралык мыйзам менен дал келбейт»,- деген жооп келди. Ошондой эле, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, Ливия менен деңиздеги ыйгарым укуктар темасында кол коюлган макулдашуу меморандумунун, эки өлкөнүн болоору болду деген нерселерге уруксат бербей турганын Түркия эң ачык түрдө ортого салганын билдирди. Ливия менен кол коюлган келишим аркылуу Түркиянын Чыгыш Жер ортолук деңизде ыйгарым укуктуу аянттарынын батыштагы чек араларынын бир бөлүгүнүн белгиленгенин маалымдаган Аксой, мунун эл аралык эрежеге ылайыктуу кол коюлган келишим болгонун айтты.

Бул макулдашууга Түркия менен бирге болгон Түндүк Кипр Республикасынын вице- премьер-министри жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай: “Түркия менен Ливиянын ортосундагы келишим өз ордунда жана убагында аткарылган макулдашуу болду”,- деп айтуу менен колдоо көрсөткөндүгүн ачык-айкын билдирди. Анткени, Жер ортолук деңиздин ортосунан орун алган Түндүк Кипр арал өлкөсү да бир топ кысымга дуушар болуп келет. Азыркы учурда Түркиянын эл башчысы Реджеп Таййип Эрдогандын айтымында, Ливияга да сырткы күчтөр тарабынан кысым көрсөтүлүп баштаган.

Белгилүү түрк серепчилеринин бири Мухаррем Сарыкаянын айтымында, кээ бир эл аралык маселелерди чечүүдө кабыл алынган чечимдердин маанилүүлүгү ошол учурда билинбей, кийинчерээк өзүн көрсөтөт. Болгондо да ырахмат айттырат. Жер Ортолук деңизде эки өлкөнүн ортосундагы ыйгарым укуктар темасы, дал ушундай макулдашуулардын бири. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) деңиз укуктары тили менен түшүндүргөндө, жээктери чектешкен же бет маңдай жайгашкан эки өлкөнүн ортосунда орун алган деңиздеги жаратылыш ресурстарын изилдөө, аны колдонуу, суу жана шамалдын энергиясынан пайдалануу маселеси, баары биригип, эки өлкө тарабынан деңизде белгиленген орток чек ара аймагы жана ошол аймакка тиешелүү маселелерде өзгөчө укуктарга ээ кылган макулдашуу, меморандум.Түркиянын Стамбул шаарында президент Тайип Эрдоган менен эл аралык коомчулук тааныган Ливия өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарадж кол койгон келишим Жер ортолук деңизде жаңыча, саясий жана экономикалык абалды жаратты. Биринчиден, албетте, Түркияга пайда алып келди. Эң негизгиси, Жер ортолук деңиздин айланасында жүрүп жаткан ар кайсы багыттагы пландарды кайрадан түзүүгө мажбур кылды. Бул деңизде өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип жүргөндөрдү эки өлкө эсине келтирген көрүнөт.

Шах…эмки жүрүш аларда. Саясий оюндар кызуу жүрүп жаткан доордо мындай шахматтык жүрүш бир учурда боло калбайт. Кеңешип кескен бармак оорубайт. Буга чейин канчалаган мээнеттин, топтолгон маалыматтардын, алардын анализи жана талкууларынын, кеп-кеңештердин артынан, эр жүрөктүүлүк менен ташталган кадам. Шахматта да ушундай эмеспи?

Бул кадам Түркияга кандай пайда алып келди? Алгач, Грециянын талабынын негизинде Европа Биримдигинин колдоосу менен Түркияны 41 миң километр квадраттык (км.кв.) деңиз аймагын кысымга алуусун жокко чыгарды. Меморандумдун артынан Түркия Жер ортолук деңизде 189 миң км.кв. аймакка ээлик кылып калды. Ошондой эле, бул аймакта өзгөчө укуктарга ээ болду. Жөнөкөй тил менен айтканда, мындан ары түрк балыкчылары ачык деңизде адашып кетип, Алжир деңиз чек ара кызматчыларына туткунга түшүп калуу коркунучу болбойт. Ливия Түркия менен түзгөн келишиминде, Греция менен түзүлө турган келишимдеги көрсөтүлгөн аймактан 16 700 км.кв. ашыкча аймакка ээлик кылып калды.

Эки өлкөнүн макулдашуусу Египетке да жакшы жагынан таасирин тийгизе кетти. Бирок, Египет Ливиянын бир бөлүгүн ээлеп турган Халифа Хафтердин өкмөтүн тааныгандыктан, Жер ортолук деңизде Кипр аралынын чен өлчөмүндөй аймакка ээ болуунун ордуна өлкө кызыкчылыгын артта калтырып, меморандумга каршы туруп алды. Египеттин таасириненби, айтор, фельдмаршал Хафтер да Ливиянын кызыкчылыгын артта калтырып, бул меморандумга каршы экенин айтып турган кези.

Серепчи Мухаррем Сарыкаянын айтымында, меморандум менен алынган аянтта 3 триллион түрк лирасына тете, азыркы күндө сарпталып келгендей сарптай турган болсо, 572 жылга жете турган мунай кору жатат. Осмон мамлекети учурунда деңиздердеги эрдиктери менен таанымал генерал Барбарос Хайреттин айткандай: “Деңизге ээлик кылган — дүйнөгө ээлик кылат.”

Даярдаган: Автандил Белеков.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс