Пятница , 24-Январь 2020
Башкы бет / Аналитика / Президентке Кара-Суу районундагы коррупциядан жабыркагандардан кат

Президентке Кара-Суу районундагы коррупциядан жабыркагандардан кат

КР Президенти С.Ш. Жээнбековго                                                                                      

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-

Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0770 352010)

АЧЫК КАТ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун мыйзамсыз, коррупциялык схемалары жөнүндө көптөгөн арыздар менен Сиздин атыңызга кайрылганбыз. Коррупционерлер криминалдар менен тыгыз байланышта кылмыш аракеттерин аткарышат. Мисалы үчүн, айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров, мурда эки жолу соттолгон (1. склад мүдүрү болуп мамлекет мүлкүн парага сатуу жана 2. ден-соолукка оор зыян келтирүү) криминал Сухбатилло Мамарзаев Турдибаевич менен тыгыз байланышта кылмыш аракеттерин аткарат.

  1. 2009 – жылы айыл өкмөтүнүн башчысынын биринчи орун басары жана жер комиссиясынын төрагасы Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жолу соттолгон криминал С. Мамарзаев менен алдын ала сүйлөшүп, анын уулуна кезектүүлүк тартибин одоно бузуп жана социалдык абалы жана шарттары жакшы, бай болушуна карабай, Жаңы-Турмуш айылы, Б.Осмонов көчөсү алдындагы үй-жай куруу учун жер участогун мыйзамсыз ажыратып берет. Ал жерде жер участоктордун базар баасы 50-60 миң доллар.
  2. №103 21.12.2015 – жылкы токтому менен айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жолу соттолгон криминал С. Мамарзаев менен алдын ала сүйлөшүп, анын уулу Мамарзаев Шухрат Сухбатиллаевичке кезектүүлүк тартибин одоно бузуп жана социалдык абалы жана шарттары жакшы, бай болушуна карабай, Жаңы-Турмуш айылы, Сураташ участкасынан үй-жай куруу үчүн жер участогун мыйзамсыз ажыратып берет. Ал жерде жер участоктордун базар баасы 10-15 миң доллар.
  3. 2018 – жылы мыйзамсыз буйругу менен айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жолу соттолгон криминал С. Мамарзаев менен алдын ала сүйлөшүп, документтерди бурмалап, мыйзамды одоно бузуп жана социалдык абалы жана шарттары жакшы, бай болушуна карабай, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жергиликтуу бюджеттин эсебинен ажыратылган материалдык акча каражытын берет. Жеке ишкер С.Мамарзаев Курманжан датка жана Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун боюнда жайгашкан өзүнүн жеке менчигинде автоунаа оңдоочу чоң устканасы бар. Ал устакана жайгашкан жердин базар баасы 150 миң доллар. Андан сырткары, С.Мамарзаевдин Жаңы-Турмуш айылынын Э.Рахманов көчөсүндө жайгашкан жеке менчигинде бардык шарттары жакшы, чоң үйү бар.
  4. №2 05.11.2019-жылкы протоколу менен айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, криминал С. Мамарзаев менен алдын ала сүйлөшүп, Б.Осмонов көчөсүндө жолдун боюнда жайгашкан өзүнүн жеке менчигиндеги автоунаа оңдоочу чоң устканасы алдындагы 24 кв.м. муниципалдык жерди жылына болгону 4800 сом, айына 400 сомдон ижарага берет. Бирок, криминал С. Мамарзаев батыш тарабына эки контейнер коюп, факт жүзүндө 24 кв.м. жерден көп муниципалдык жер тилкени мыйзамсыз ээлеп алган. Андан сырткары, Ш.Капаров өзүнүн табакташы болгон криминал С. Мамарзаевке мамлекет эсебинен материалдык пайда алып келүү максатында ижара акысын арзан баалатып, мамлекетке өтө ири өлчөмдө зыян келтирген. Себеби, С. Мамарзаевдин автоунаа оңдоочу устаканасы Алай тоосунда же болбосо Нарын тоосунда жайгашкан эмес, ал устакана стратегиялык объект – Ош шаарынын автовокзалы, республикалык маанидеги стратегиялык жол, Мамлекеттик маанидеги эл аралык “Достук” бажы, чек ара пунктунун алдында жайгашкан, автомашина көп каттай турган жолдо жайгашкан. Ал устаканада көп автомашина оңдолуп,  күн сайын чоң акча түшөт. Ал жерде 24 кв.м. ижарага берүү базар баасы айына 400 сом эмес, андан бир нече барабар көп.
  5. С. Мамарзаев автоустаканасынын алдында жайгашкан тротуарды 24 кв.м. жерин ижарага алып, тротуарды тосуп койгон. Автоустаканасы, ижарага алынган жер батыш тарабында жайгашкан эки контейнер автомашина коп каттай турган жолдун, эл көп жүргөн тротуардын боюнда жайгашкан, устакана алдына, тротуарга оңдолуучу көп автомашиналар жана эки контейнер коюп, натыйжада тротуардын бир чети тосулуп, эл коопсуздугун ойлобой, республикалык маанидеги стратегиялык жолдун кызыл сызыгын, тротуардын аянтын мыйзамсыз кичирейтирип, градосовет мүчөлөрүн алдап, С.Мамарзаевке устакана алдына, тротуарга эки контейнер коюуга мыйзамсыз уруксат беришкен. Ш.Капаровдун жана анын Кара-Суу райондук Мамэкотехинспекция башкармалыгында башкы инспектор болуп иштеген уулу Шарабидин уулу Шадыбектин шалаакылыгы, эл коопсуздугун ойлобогону, эл коопсуздугунан Мамарзаевдин материалдык байлыгын жогору коюшкандыгынын натыйжасында, ал жерде транспорт-авариялык абал, жарандар коопсуздугуна чоң коркунуч жаралган. Эгер ошол жерде автомашиналар кагылышып же болбосо кокус адам каза болуп калса, анда түз себепчилер Ш.Капаров жана Шарабидин уулу Шадыбек болушат.
  6. Криминал С. Мамарзаевдин автоустаканасы стратегиялык объект – Ош шаарынын автовокзалы, республикалык маанидеги стратегиялык жол, Мамлекеттик маанидеги эл аралык “Достук” бажы, чек ара пунктунун алдында жайгашкан, автомашина көп каттай турган жолдо жайгашкан. Ал устаканада көп усталарды иштетип, көп автомашина оңдолот, күн сайын Мамарзаевке чоң акча түшөт. Бирок, аз эле патент акчасын төлөйт. КР Президенти С.Ш. Жээнбеков салык базасын көбөйтүү жана кеңейтүү максатында укук коргоо жана салык органдары хронометраж, фискализация, администрлөө, кол астындагы бардык ишчилерге патент, Социалдык фондго төлөм төлөнүшү, онлайн кассалар коюлсун деп тапшырма берген. Ошондуктан, мамлекетке жетишээрлик деңгээлде салык, соцфонд төлөбөй, мыйзамсыз байыган С. Мамарзаев мамлекетке келтирген зыянды коррупция менен күрошүү фондуна которсун.
  7. Мурда эки жолу соттолгон, криминал С. Мамарзаев укук коргоо органдарына кайрылып, өзүнүн таанышы болгон Мадрахимов Каримбердинен 5 миң доллар алып, С.Мамарзаевди камактан бошотконун жазып чыккан. Бирок, укук коргоо органдары сотко 5 миң доллар пара берип, С.Мамарзаев мыйзамсыз камактан бошотулуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай калганы боюнча укуктук баа берилген жок. Себеби, С. Мамарзаев өзүнүн арызында К.Мадрахимов сотко пара берүү үчүн 5 миң доллар алган деп жазган. Натыйжада, Сотко пара берилип, С.Мамарзаев камалган жок. Ошол факт боюнча укуктук баа берилиши жана Мамарзаев камалышы керек.
  8. Мурда эки жолу соттолгон, криминал С. Мамарзаев өзүнүн уулун криминалдык жолго баштап, бир эле убакытта эки мамлекеттин: Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандыгын жана паспортторун мыйзамсыз алып берген. Кыргызстан жарандары С. Мамарзаевдин жана анын уулунун мыйзамсыз аракеттери жөнүндө Өзбекстанга чейин кайрылып, Өзбекстан жарандыгын жокко чыгарган. Бирок, КР УКМК органдары С. Мамарзаевдин жана уулунун мыйзамсыз аракеттерине укуктук баа беришкен жок жана мыйзамдуу чара көргөн эмес.
  9. Өзбекстан паспортун уулуна мыйзамсыз алып берген, мурда эки жолу соттолгон, криминал С. Мамарзаев 2010-жылы июнь окуяларында активдүү катышып, укук коргоочу Равшан Гапиров менен тыгыз байланышта болгон, өзүнүн жеке автоунаасында ташып, каржылап жүргөн. Р.Гапиров КР УКМК тарабынан Улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамдарынын жардамы менен алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганы боюнча бир нече жолу эскертуу берилген. Р.Гапиров: “Кыргыздар өзбектерди геноцид кылышкан”- деп сайттарда макалаладыр жарыялап, маалыматтык согуш алып барган. Р.Гапиров өлүп, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай калды, бирок, аны менен тыгыз байланышта болгон, өзүнүн жеке автоунаасында ташып, каржылап жургон С.Мамарзаев тирүү. Ошондуктан 2010-жылы июнь окуясында активүүу катышкан С. Мамарзаев кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш.
  10. Айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров С. Мамарзаев менен тыгыз байланышта кылмыш аракеттерин аткарат жана өзүнүн коррупциялык аракеттерин жашыруу максатында криминал С.Мамарзаевке карапайым айыл элинин үстүнөн жалган-жалаа арыз жаздырат жана ал арыздарга коррупционер Ш.Капаров өзү жана орун басары Ш.Сайфитдинов жалган күбө болуп беришет.

Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:

1) Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчысы Капаровду жана анын табакташы криминал С. Мамарзаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууңузду жана мамлекетке келтирген өтө ири өлчөмдөгү зыянды төлөтүүңүздү, аныкталган мыйзам бузууларга чара көрүүңүздү.

2) Тергөө мезгилинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаровду иштен убактылуу четтетип турууңузду суранабыз.

3) 85 гектар жерди калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) жөнүндө КР Өкмөтү тарабынан чечим кабыл алууну убактылуу токтотуп берүүңүздү, себеби  ал элдин жерин дагы сатып жиберет.

4) Жеке кабыл алууңузду суранабыз.

 

Коррупционердин курмандары                                      О.Д. Токторалиева,

                                                                                                    Г.М. Мирзакаримова, 30-ноябрь 2019-  ж.

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Ш.Капаровду күнөөлүү деп эсептөөңүздү суранабыз, себеби бизди бир нече жолу анын баласы өлтүрөбүз деп коркуткан.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс