Вторник , 25-Февраль 2020
Башкы бет / Досье / Иран элчилиги Бишкектеги майып балдарга жардам берди

Иран элчилиги Бишкектеги майып балдарга жардам берди

Категория: Коом — Published: 06/12 — 17:31

Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери Майыптардын эл аралык күнүнүн алкагында Бишкек шаарындагы “Нур” балдардын реабилитациялык борборуна барышты.

Бул тууралуу «Ca-irnews»  агенттигинин кабарчысы маалымдады. Ирандын Кыргызстандагы элчиcи Али Мужтаба Рузбехани реабилитациялык борбордогу балдарга белектерди тапшырып, аларга тез сакайып кетүүнү каалады.

“Ирандын бийлиги мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүүгө зор маани берет жана улуттук программалардын алкагында, ар кандай мамлекеттик жана жеке борборлорго жардам берүү үчүн бир кыйла  каражаттар бөлүнөт”, — деп белгиледи Ирандын дипломатиялык миссиясынын башчысы.

Борбордун директору Субанкулова Айнура жардам көрсөткөн Ирандын элчилигине  ыраазычылык билдирип, алар үчүн экскурсия өткөрдү. Реабилитациялык борбордун тарбиялануучуларынын колунан жаралган эмгектери жана алардын дарылануудагы ийгиликтери көрсөтүлдү.

Директордун айтымында, кээ бир ата-энелер балдарын Ирандын реабилитациялык борборлоруна жиберүүгө кызыкдар.  Элчиликтин кызматкерлери мындан ары дагы борбордун ийгиликтерине көз салып, балдарга жардам берүүнү убада кылды.

http://www.ca-irnews.com/kg/society-kg/78061-%D0%B8%D1%80%D0%B0%D0%BD-%D1%8D%D0%BB%D1%87%D0%B8%D0%BB%D0%B8%D0%B3%D0%B8-%D0%B1%D0%B8%D1%88%D0%BA%D0%B5%D0%BA%D1%82%D0%B5%D0%B3%D0%B8-%D0%BC%D0%B0%D0%B9%D1%8B%D0%BF-%D0%B1%D0%B0%D0%BB%D0%B4%D0%B0%D1%80%D0%B3%D0%B0-%D0%B6%D0%B0%D1%80%D0%B4%D0%B0%D0%BC-%D0%B1%D0%B5%D1%80%D0%B4%D0%B8

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс