Вторник , 25-Февраль 2020
Башкы бет / Дүйнө / Иран Ислам Республикасындагы акыркы жылдарда болгон илимий жетишкендиктери

Иран Ислам Республикасындагы акыркы жылдарда болгон илимий жетишкендиктери

Дүйнө жүзүндө байыртан эле илимге абдан чоң маани берилип келген, анын ичинен мусулман дүйнөсү жана ирандыктар да көптөгөн илимий ачылыштарды жасап, көптөгөн ийгиликтерге жетиишип келет. Ирандыктар акыркы жылдарда  Европалыктардан озуп, төмөнкү тармактарда   илимий жетишкендиктерге ээ боло алышты.

                                                          Тегеран шаарында өткөн роботехника боюнча эл аралык мелдеш.

Нанотехнология

Эгерде Ирандын акыркы илимий жетишкендиктерине көз ччаптырсак, анда эң майда заттардын бөлүкчөлөрүнөн баштоо керек… дал ушул тармак Иран Республикасынынөзгөчө сыймыгы десек болот. Анткени 10 жылга жетпеген аралыкта Statnano нун маалыматтары боюнча Иран мамлекети нанотехнология боюнча 19 позицияны басып өтүп, мусулман өлкөлөрү эле эмес Германия, Франция, Улуу Британия сыяктуу Европа өлкөлөрүн артта калтырып,  алдыга озуп чыга алды.

Курош Калантарзаде – нанотехнология тармагы боюнча профессор

Бүгүнкү күндө Иран нанотехнология тармагында көптөгөн мамлкеттерди кууп жетип, алардан ашып жада калса жаңы ачылыштарды жасоодо. Ирандык окумуштуу, Шариф атындагы технологиялык университеттин бүтүрүүчүсү, профессор Куруш Калантарзаде нанотехнологияны колдонуу менен абдан кубаттуу, көзөмөлдөй турган углероддук нанотүтүк энергиялык булагын ачты. Бул жаңы энергетикалык ресурстун кубаты эң мыкты деген литий-иондук аккумуляторлордун кубатынан болжол менен 3-4 эсе күчтүү. Доктор Вин Фарамарзи айымдын заманбап электроника боюнча жасаган ачылышы да өз салымын кошуп келет. Ал жакынкы металлдарга электр өткөрө ала турган пластикалык нано-була (нано-волокно) түзө алган.

Робототехника  

Азыркы Иранда табигый илимдер интеллекти гана эмес жасалмасы да чоң ийгилиектерге жетишкен. Анткени, робототехника – Ислам Республикасында эбегейсиз бат өнүгүп келген тармак эмеспи. Ага далил катары – 2012-жылы Мексикада  RoboCup эл аралык турниринин алкагында өткөн“Куткаруучу роботтор” Кубок лигасында ирандык топ биринчи орунга ээ болгон. Ал эми андай турнирлерден элдин реалдуу жашоосуна бир кадам эмеспи. Автоматизатташтырылган технологиянын адис эксперти Исмаил Мехраби төмөнкүлөргө токтолду: жакында Ирандын ресторандарында  робот официанттар элге кызмат көрсөтүп баштайт, ага карай алгачкы кадамдар башталды.

                                                                                                              Робот Surena III

Мисалга алсак, 2015-жылы Тегеран униерситетинин адистер тобу Surena III  деген эң жаңы акыркы муундагы заманбап робот гуманоидди ойлоп табышкан. Ал робот гуманоид 2008-жылы чыккан алгачкы версиясына караганда, 8 эмес 31 эсе эркиндикке ээ жана алда канча тез кыймылдап, тепкичтен түшүп-чыгып, жыгылса кайра туруп, ар кандай нерселерди кармай алат, футболдук топ менен ойнойт, жада калса элдин кебетесин, дене кыймылдарын  тааный алат. Бирок, илимий өнүгүүлөр бир орунда турбайт эмеспи, илимпоз ойлоп тапкычтар роботтун жаңы модификациясын ойлоп табууга киришишкен. Адистердин айтканы боюнча, робот  Surena IV автоматташтырылып эле тим калбастан, кандайдыр бир деңгээлде аны курчаган адамдар менен алака түзө алат.

Математика боюнча жетишкендиктер

Ирандагы эң алдыңкы жетишкендиктердиайтканыбызда, математика тармагын калтырып кетүү болбос. “Бардык илимдердин канышасы” бул жакта да өз бийлигин жүргүзүп келет. Иран өлкөсү 1985-жылы эл аралык математикалык олимпиадага алгачкы ирет катышкан жана1998–жылы биринчи орунга жетишкен, алар ошондон бери мыкты деген биринчи жыйырма орундун тизмесин толуктап келишет. Ал эми Ирандын математиктери чыгарган өтө оор теоретикалык маселенин натыйжасы эң алгачкы практикалык жетишкендиктерди алып келди.

                              Мариям Мирзахани математикалык олимпиададагы жеңиши үчүн ошол замандагы президент Али Акбар Хашеми-Рафсанжаниден сыйлык алууда. (1996-жыл)

2014-жылы Мариям Мирзахани атту математик өзүнүн “Ийри симметриянын үстүн түшүнүү”  үчүн кошконсалымы математика тармагында эң престиждүү деп эсептелген “Филдс” медалына ээ болуп, Ирандан чыккан эң биринчи даанышман гана эмес дүйнөлүк атак-даңкка жана эң бийик даражалуу сыйлыктарга ээ болгон лауреат-айым болгон. Бирок, тилекке каршы 2017-жылы ал белгилүү математик мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал эми Иранда жаш муунду колдоо максатында гениалдуу даанышман-математик Мариям Мирзахани атындагы айымдар сыйлыгын түзүшкөн.

Космикалык технология

Эгерде 2005-жылы Иран Ислам Республикасы өзүнүн биринчи “Сина 1” спутнигин Плесецк россияляк космодромунун Космос-ЗМ космос-алып жүрүүчүсү аркылуу учурса, 2009-жылы өзүлөрү чыгарган ракета-алып жүрүүчү Семнан космодромунан “Омид” атту спутникти учурушкан. Маймылдар учурулган эң алгачкы суборбиталык иш-чара космикалык тармактагы жетишкендиктердин башаты болгон. Натыйжада Иран 5инчи мамлекет болуп космоско маймыл учуруп, өзү чыгарган ракета-алып жүрүүчү аркылуу спутник учуруучу 9унчу мамлекеттин катарына кирген.

                                                   “Сафир” ракета-алып жүрүүчүнүн жардамы менен  спутникти учуруу

Азыркы тапта, Иран космоско пилоттоштурулган учуу жүргүзүүчү масштабдуу иш-чараларды иштеп чыгууда жана аны болжол менен 2020-жылы толугу менен ишке ашыруу каралган. Бирок, тилекке каршы, кээ бир финансылык маселелер жана эл аралык санкциялардын натыйжасында керектүү жабдыктар менен техникаларды  алуу убактылуу токтотулган.

Медицина

Иран Ислам Республикасы илимдин бардык тармактарында көптөгөн ийгиликтерге жетишип, көптөгөн ачылыштарды жасап келет. Алардын бири медицина тармагы. Азыркы тапта,  Иранда эң алдыңкы трансплантациялоочу жабдыктардын жардамы менен абдан оор көз операцияларын жасалат. Ирандагы медицина кызматкерлери дүйнөлүк илдет болгон ВИЧке  каршы күрөшүүдө абдан чоң салым кошуп келет. Ирандык адистер протеиндик үч даражалуу структураны калыпка келтире алышты, андан тышкары илдетке чалдыккан адамдын клеткасындагы вирусту жоюууда абдан маанилүү функцияны аткарган CCR5жасалма протеин мембранасын иштеп чыгышты.

                                                           “Нур” офтальмологиялык борбордогу операция. Тегеран шаары.

Иран бүгүнкү күндө биотехнология боюнча эң алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирет. Атап айтсак, ирандык окумуштуу Омид Фаррокзад онкологиялык ооруга каршы медициналык препарат иштеп чыккан. Ал препарат химиотерапиядан өзгөчөлөнүп адамдын денесиндеги рак клеткаларда гана таап жок кылат жана денедеги соо жерлерге залакасын тийгизбейт. Албетте аталган алдыңкы технологиялар клиникалык текшерүүдөн өткөнчө кандайдыр бир убак талап кылынат, бирок алардын иштелип чыкканы, модификациясы – мамлекеттин тез жана прогрессивдүү иштеп жатканынан далил берет.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс