Воскресенье , 8-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / Ташкенттен тапкан жаңы табылга

Ташкенттен тапкан жаңы табылга

Ташкенттеги архивден көп жаңы маалыматтар табылууда. Бул жолу кыргыздын жазгыч акыны, бирок тарыхта ысмы аталбаган, окуу китептерде камтылбаган, атайын изилденип жазылбаган Молдо Калбек тууралуу жаңы маалымат менен бөлүшкүм келди. Молдо Калбек өзү ким? Ал тууралуу 2003-жылы мындайча жазган элем:

“Кыргыздын дагы бир чыгаан акыны Молдо Калбек Муса уулу тууралуу буга чейин эч айтылбай келген. Ал тууралуу Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар бөлүмүнөн да эч кандай маалымат таба албадык. Анын кол жазмасы Ташкенттеги Чыгыш таануу жана Кол жазмалар институнда гана сакталып калган. Кол жазмада анын ысмы Мулла Халбек ибн Муса Андижоний деп көргөзүлгөн. Ал өзүнүн кол жазмасын Кадамжайлык замандашы Молдо Нияз сыяктуу чагатай тилинде жазып калтырып, кол жазманын Алымкул аталыкка тиешелүү бөлүгү «Алымкул салгылашуулар баяны» деген аталышта үзүндүсү 1997-жылы Ташкентте өзбек тилинде, 1999-жылы Ошто профессор Ташын Кененсариев тарабынан даярдалган «Алымкул аталык» аттуу китепте кыргыз тилинде басылган. Мындан башка, Ташкентте басылган бир катар эмгектерде анын ысмы аталып, эмгеги пайдаланылып, бирок, бардык эмгектерде ал улуту жагынан өзбек элине тиешелүү экени айтылып келген. Мына ошондон уламбы, кыргыз окумуштуулары менен адабиятчылары анын кимдигине анчалык кызыккан эмес. Бирок, анын чыгармаларына, ал тууралуу колдо болгон архивдик маалыматтарга таянсак, анын кыргыз экени аныкталып отурат”. Бул изилдөөм өз убагында Азаттык радиосу аркылуу обого чыкканда, анын урпактары Ноокен районунун Чоңбагыш айылынан табылып, үн катышкан эле.

Молдо Калбек 1878-жылы Жетим хандын көтөрүлүшүндө Мамыр Мерген менен бирге болуп, Мамыр Мерген 1879-жылы 25-январда, саат 12де Анжиян шаарында дарга асылып (баса, Мамыр Мерген тууралуу да Ташкенттен маалыматтар табылган), Молдо Калбек 1880-жылы Воронеж губерниясына сүргүнгө айдалган. Анын Воронеж губерниясына сүргүнгө айдалганы тууралуу маалымат мурда белгисиз эле. Ташкенттен табылган жаңы маалыматта аныкталып отурат. Молдо Калбек сүргүнгө айдалганы тууралуу өз ырында:

«Абакта, шордуу, солдат колунда
Туткунмун Орусия каапыр элинде
Бул ташпиш өткөн жылан жылдын кышында,
Сана миң эки жүз токсон бешинде
Сүргүнгө айдалдым Ислам жеримден,
Болуп аким бизге Орусия каапыр.
Жазып калдым кеңири мен бир баян,
Максатым – көпчүлүккө болсун аян
Билдирейин деп баарын койдум максат,
Орус журтунда он жыл саар-кеч.
Түрмөгө отургузду орус шаасы,
Ашык-кеми жок он жыл кайтпастан эч.
Сүргүнгө айдашты жалаа менен
Шылтоосу – Мамурга кошулду деген
Кайгы менен өткөрдүм тиричилик,
Карап көр ал жазылган көк дептерден..», – деп, Сибирге сүргүнгө айдалганынын себебин жана мезгилин өзү ачык жазып калтырган.

Ал эми жаңы табылган архивдик маалыматта анын агасы Наркозу Муса уулу: “иним сүргүнгө айдалган боюнча дайын жок. 1883-жылы падыша такка отурганына байланыштуу мунаапыс чыгып, иниме окшоп айдалгандар өз мекенине кайтып жатат. Менин иним да мунаапыстын негизинде эркиндикке чыгып, өз мекенине кайтууга руксат берсеңиздер деп” өтүнгөн. Бул кат 1883-жылдын 19-августунда жазылган.

Ошол кезде Ноокен болуштугунда Молдо Калбектин 80 жаштагы көзү азиз атасы, аялы жана жаш 5 баласы калып, багаарга эч кимиси жок кыйналып жаткандыгы архивдик жаңы маалыматта баяндалган. Бирок падыша төбөлдөрү Молдо Калбектин кайтып келүүсүнө каршы болуп, ал 10 жылдан кийин гана келгендиги анын жогорудагы ырында жазылган.

Молдо Калбектин ыр жазган көк дептери колдон колго өтүп, кийин Ташкенттеги Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондусунан табылган. Бирок ал өзбек акыны катары сыпатталып келген. Токтогул Сатылгановдон 18 жыл мурда сүргүнгө айдалып, “Көк дептерге” ыр жазган акын Молдо Калбек тууралуу изилдөөбүз улана бермекчи.

Kyias Moldokasymov.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс