Воскресенье , 8-Декабрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Энергетикада – Ширшов, бажыда – Райым миллион, ал эми тоо кен тармагында Зилалиевдин схемасы күчүндө

Энергетикада – Ширшов, бажыда – Райым миллион, ал эми тоо кен тармагында Зилалиевдин схемасы күчүндө

КР Президентине кайрылуу

Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,

Көрөйүн дейт, жандагандар көнүшпөйт.

Жолду көрбөй жок болушат акыры,

Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт!

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны.

 Урматтуу Сооронбай Шарипович!

 

            2018-жылы Сизге беш ирет арыз жолдоп, балким арызым жетпей жатабы деген күдүк ойдо акыркысын массалык маалымат каражаттарына жарыялагам.

Ошондон бери туура бир жыл өтсө дагы эч бир жыйынтык чыкпагандыктан КР Конституциясынын гаранты катары Сизге кайрадан кайрылууга аргасыз болуп олутурам.

  1. «БешАрал» мамлекеттик жаратылыш коругунда алтын казуу максатын көздөп, «МурасСинтез» ЖЧКсы 2017-жылы кеч күздө мыйзамсыз жаӊы жол салганы боюнча:

– ЖК Төрагасынын тапшырмасы менен Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондору боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан «Мурас-Синтез» ЖЧКсы мамлекетке 2 613 918 сом өлчөмүндө зыян келтиргени аныкталып Акт түзүлүп, Чаткал райондук прокуратурасына өткөргөндөн кийин 2018-жылы 11-июнда КР КЖКсынын 279-бер.2-б.1-п., 273-бер.2-б. жана 304-бер.1-бөл. менен 169-18-33 сандуу кылмыш ишин козгогон. Ага чейин Чаткал райпрокуратурасы коруктун аймагында мыйзамсы жол салуу фактысын төгүнгө чыгарып, менин арызыма жооп берген.

– 2018-жылдын 3-июлунда Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан 169-18-33 сандуу кылмыш иши караштуулугу боюнча МУККнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жиберилип, тергөөчүсү 2018-жылдын 11-августунда жана ошол эле жылы 10-ноябрда КР ЖПКсынын 221-бер.1-б. 3-п. негизинде өндүрүштөн эки жолу токтотуп, кылмышка шектүү адамдарды ушул күнгө чейин аныктай элек.

«Баса, акылы жок үй айбандары коруктун чабыгына түшкөндө ошол учурдагы коруктун деректири, райондун азыркы акими К. Эшалиев 17 уйду камакка алдырып, күндүзү егерлерге, түндөсү милийсага кайтартып катуу чара көргөн… Ал эми «Мурас-Синтездин» каз тамандуу оор техникалары коруктун кыртышын бузуп, тал-терек, бадалдарды түбү менен омкоруп жатса эмнеге эч ким ал техникаларды камакка алган эмес?» – деп, Сизге бешинчи жолу жазган арызыма КР Башпрокуратурасынын берген жообу – маскаралоонун жеткен чеги! (Тиркелди: 1. «Унчукпай койгонго укугум жокРух.кж сайты, 27.11.2018-ж. А.Нурдиновдун КР президенти С.Жээнбековго ачык каты. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коопсуздук кеӊешинин катчылыгына КР Башкы прокуратурасынын берген жообу).

– Кылмыш ишин тергеп жаткан МУККнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсүнө мен бир нече ирет бул техникаларды камакка алуусун өтүнүп кайрылгам. Тергөөчүнүн шалакылыгыбы, же атайылап камакка албай шарт түзүп бергенинен уламбы, айтор, каз тамандуу техникаларды «Мурас-Синтез» коруктан чыгарып кеткен. Эми МУККтун тергөөчүсү аймактык экотехинспекциянын эсеби менен мамлекетке олуттуу келтирилген 2 613 918 сомдук зыянды өндүрүү түгүл, кылмышка шектүү адамдарды аныктай албай (фактыларды толук жыйнап прокуратурага, тергөөчүгө бергем жана «Азаттыктын» иликтөөлөрү: «БешАралдын» берекесин кетирген жол» 2018. 26.06., «Чаткал: алтын кендеги уюган кылмыш» 2018. 06.09. ачып бергенине карабай) «күндүзү чырак көтөрүп» издеп, ушул убакка чейин таппай жүргөнү таӊ калычтуу. Мунун себеби эмнеде?

– Ак-Таш айылындагы элдик жыйындын №27 токтому, Чаткал айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын токтому, Чаткал айыл өкмөтүнүн №38 токтому, Чаткал райондук администрация башчысы-акимдин №157 буйругу жана №45 токтому, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиевдин №195 токтому менен «Чаткал айылдык аймагындагы «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругунда жайгашкан 200 га жер аянтын «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу аракети канчалык мыйзамдуу?

Бул боюнча райондук прокуратуранын сунушу менен Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысына райондун акими эскертүү берсе, Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Чаткал районунун акимине мурда берген «Сөгүш» жазасы (К.Сатыбалдиевдин 2018-жыл, 29-июндагы 35-К сандуу буйругу) менен чектелип, бирок иш жүзүндө коруктун 200 га аянтын трансформациялоо маселесин өзү кошулуп колдоп, КР Өкмөтүнө жөнөтүп олтурганы өтө таӊ калычтуу. Бул КРнын мыйзамдарын бузган «Мурас-Синтез» ЖЧКсын көз көрүнөө колдоо эмеспи?..

– КР Өкмөтүнө жолдонгон бул токтом-сунуштарды Адилет министрлигинин 2018-жыл, 4-июлдагы №02-5/28-8449 катына ылайык, КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 26-июлда артка кайтарган. Ошого карабай Чаткал райондук прокуратурасы, Жалал-Абад облустук прокуратурасы жана КР Башкы прокуратурасы баш болуп 2019-жылы менин арыздарыма берген жоопторунда «КР Өкмөтүндө каралууда» деп, Сизге да маалыматты бурмалап беришүүдө.

2-факт. Кен казган ишканалардан түшкөн каражаттардын эсебинен Чаткал районундагы негизги автожолду асфальттоо боюнча:

– Райондун ичиндеги айылдарды аралап өткөн Каныш-Кыя – Ала-Бука автожолу КР Транспорт министрлигинин балансында жана аны райондогу №27 ДЭП тейлейт. Так ушул жолдун 15 чакырым аралыгына асфальт төшөө боюнча Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким К.Эшалив «Империя-Групп» ЖЧКсы менен жалпы суммасы 92 млн сомго келишим түзүп, өзү Заказчик болгон. Эч кандай долбоору жок, сметасы күдүк ойго түрткөн келишимдин негизинде «Импери-Групп» ишканасы 13,1 чакырым жолго асфальт төшөп, анан ишканасын толук жаап салгандан кийин текшерүүнүн натыйжасында 2 400 000 сомдон ашык жетишпестик чыккан. Бул факты боюнча райондук прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө иши алгач райондук ИИМдин тергөөчүсүнө, андан кийин ИИМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын тергөөсүнө өтүп, бирок алиге чейин Сотко жетпей жатат.

– Транспорт министрлигинин карамагындагы жолго Заказчик болууга акимдин укугу барбы? Жолду асфальттоодогу олуттуу жетишпестик (козголгон кылмыш иши боюнча 2 400 000 с. ал эми келишим боюнча 10 000 000 сомдон ашык) үчүн эмне себептен райондун акими К. Эшалиевдин Заказчик катары жоопкерчилиги каралбайт? Прокуратурадан бул суроолорго жооп жок.

3-факт. «Турпак-Түштү», «Чаарташ» уютулган алтын кендерине өткөрүлгөн аукциондун мыйзамдуулугу жана «Кичи-Чаарат» ЖАКнын мыйзамсыз курган курулуштары тууралуу:

            – Чаткал райондук прокуратурасы, КР Башкы прокуратурасы «жогоруда аталган («Алтын-Джон», «Асман-Таш») жоопкерчилиги чектелген коомдору мыйзамдуу түрдө өткөрүлгөн аукциондун негизинде жеӊүүчү деп табылышып, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын негизинде иш алып барышууда» деп, тиешелүү документтерди бир сыйра көтөрүп карап койбой, фактыларга көӊүл да бурбай туруп жооп беришкен.

Мисалы, прокуратура «жогорудагы 2 аукционго катышты», – деп тастыктаган ЖК депутаты А.Турсунбаев иш жүзүндө катышпаганы айныгыс факт. Аукциондун өтүшү боюнча толтурулган протоколдордо анын колу (аукциондук комиссиянын бир топ мүчөлөрү да кол койгон эмес) жок жана катышпаганын оозеки, жазуу жүзүндө да тастыктады.       

– «Турпак-Түштү» алтын кенин Аукциондон утуп алган (лиц.№ 5362 АР) «Алтын-Джон» ЖЧКсы жана «Чаарташ» (лиц.№ 5280 АР) алтын кенин уткан «Асман-Таш» ЖЧКсынын ээси бир эле адам – Сейиткулов Алымбек Байысбекович.

«Алтын-Джонду» чечмелесек, Алтын – Алтынай, Сейиткулов Алымбектин бир тууган эжеси. Джон – Алтынайдын жубайы, кытай улутундагы Сейиткулов Алымбектин бир тууган жездеси. Демек, чыныгы кожоюндар көмүскөдө.

– Ошол эле «Асман-Таш» ЖЧКсына 2017-жылдын 4-апрелинде, тактап айтканда «Турпак-Түштүгө» аукцион өтөрдөн 3 күн мурда, ГКПЭН «Чуулдак» чачыранды алтын кенине № 5491 АР лицензиясын түз сүйлөшүү жолу менен берген. «Чуулдак» участогу «Чаарташтын» уландысы жана ГКПЭНдин сайтында мурда Аукциондук участок катары турган. Анан кантип Аукцион өткөрүлбөй, түз сүйлөшүү менен лицензия берилгени да күмөн туудурат.

– Болжолдуу 20,40 т. алтындын кору бар «Чаарташ» жана «Чуулдак» чачыранды алтын кенинин лицензиясына ээлик кылган «Асман-Таш» ЖЧКсы 2018-жылдын 13-ноябрында КР Адилет министрлигинен кайра каттоодон өтүп, ага Гонконгдогу К. Шунь Индастриал Лимитед ЖАКсу (учредитель) ээлик кылып калган (чынында кытайлык Джон өз мекендештерине саткан). Бир сөз менен айтканда, бул – Д. Зилалиевдин тоо кен тармагында түзгөн коррупциялык схемасы. Ага жергиликтүү бийликтин атынан Чаткал районунун акими К.Эшалиев түздөн-түз катышып,  Каныш-Кыя айылдык кеӊешинин депутаттары, айыл башчысы жана бир нече жарандарды пайдалануу менен элдик жыйын уюштуруп, «Чаарташ» кенин кытайлык Джонго берүүнү алдын ала чечип, кийин мыйзамга ылайыктап протоколдоштурушкан.

– Куру-Тегерек кенинде «Кичи-Чаарат» ЖАКу мамлекетке өтө олуттуу 338 млн сом зыян келтиргендиги аныкталып, КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Экологияга көӊүл бурулбай, «Кичи-Чаараттын» каражатын үнөмдөө (экономия) максатын колдогон жергиликтүү бийлик, ага эксперттик корутунду чыгарып берген мамлекеттик мекемелер уу калдык сактоочу жайдын мыйзамсыз курулушун көз көрүнөө колдошуп, мамлекетке каршы иштешүүдө.

Минтип айтканымдын себеби, ГКПЭНдин сайтындагы маалыматка ылайык, «Кичи-Чаарат» курулуштарды курган Чакмак-Суу сайда чачыранды алтындын болжолдуу 255 кг запасы бар. 2013-жылы ошол сайдын ылдыйкы бөлүгүнө аукцион өткөрүлүп, 105 миӊ АКШ долларына «Чаткал-Лачын» ЖЧКсы чалгындоо иштерине лицензия уткан. Ал эми сайдын жогорку бөлүгү «Кичи-Чаараттын» лицензиялык участогуна таандык болгону менен чачыранды алтынга «Аз-Бест-Компани» ЖЧКсы жана «Сатти компани» ЖЧКга чалгындоо лицензиясы ГКПЭН тарабынан кандайдыр күмөндүү жолдор менен берсе, эми «ушул сайда чачыранды алтын жок» деген справканы «Кичи-Чаараттын» каалоосу боюнча текшерүүчү органдарга таратып олтурат.

– Экология маселеси боюнча «Кичи-Чаараттын» уу калдыктарды сактоочу жайына эксперттик корутунду берген ГАООС Кыргыз Республикасынын «Суу кодекси жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузса, көзөмөлдөөчү орган катары  КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча иниспекциясы «Кичи-Чаараттын» кен казуу жаатында экологиялык жана техникалык эрежелерди бузган орчундуу каталарын жаап-жашырууда. Ал эми КР Өкмөтү болсо «Кичи-Чаарат» өлкөбүздө жумушчу орундарын түзүп, экономикабызга ири инвестиция салганын даӊазалап, салыктардан бюджетке ири төлөмдөр түшөрүн трибунадардан айтып жүрөт.

Куру-Тегерек кенинде 90 тоннадан ашык алтындын, 60 тоннадан ашык күмүш, 3000 тоннадан ашуун жездин кени бар. Ушунун баарына «Кичи-Чаарат» ээлик кылып, Кыргызстандын 1% үлүшү жоктугу, мамлекеттик мекемелер тарабынан экология эмес кен казуучу ишкананын каражатын экономдоого көмөк көрсөтүлүп, КР Башпрокуратурасы козгогон кылмыш ишти КР Өкмөтүнө карашуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы ушул убакка чейин аягына чыгарбай жатканын эске алып, Сизге кайрыламын:

– жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан тиешелүү кызматкерлеринин иш аракеттерине укуктук баа берилүүсүн; (далилдеген документтерди КР Баш прокурорунун же КР Президентинин алдындагы коопсуздук кеӊешинин катчылыгын жетекчиси кабыл алса, өз колум менен тапшырам).

– Чаткал району боюнча кен казуу тармагына байланышкан коррупция: мыйзамсыз кен казуулар; кен иштеткен ишканалардан түшкөн каражаттардын жергиликтүү бийлик тарабынан иштетилиши; текшерүүчү органдардын фактыларды жаап-жашыруулары боюнча Конституциянын гаранты катары мамлекеттик комиссия түзүп, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда комплекстүү текшерүүнү колго алууӊузду өтүнөмүн.

Сизди урматтоо менен,

Абдыжапар Нурдинов, эркин журналист.

Бишкек шаары, 2019. 04.12.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс