Воскресенье , 8-Декабрь 2019
Башкы бет / Аналитика / «ЧЕЧИННАЛЕ»…

«ЧЕЧИННАЛЕ»…

Нааразылык көрсөтүүнүн чечинип коркуткан ыкмасы бар экен. Биз эле болсо жөн турмак белек, кыргыздарга да жетиптир. А эмне, сонун да. Абдан заманбап ыкма! Колдонгула, кокуй, баарыңар. Антпесеңер эле замандан артта каласыңар.

Коррупция айлаңды кетирдиби? Ак Үйдүн астына барып эле чечинип тура кал! 😀 ))))) Эч ойлонбо. Талап коюп, ураан чакырып, плакат көтөрүп дегеле бир кереги жок. Түз эле шыпыр. Дегеле эч нерсе калтырба, баары ачыкка чыксын. Бир нерсе деп сурагандарга «бизде ачык коом» деп оозуңду чоюп кой.. «Ачык коомуңду» көрсөтүп. 😊 )))))))))
Чек арадан товарың өтпөй турабы? Эмне турасың, чечин, чек арачынын так маңдайына барып. Ары-бери бас. «Мынаа!» деп. 😊
Милийса сабап салдыбы? Арыз жазып отурасыңбы, так эле министрдин астына барып чечинип отуруп ал. 😊 Киргизбей койсо коридорунда ошо бойдон нары-бери басып жүр, атасынын көрү, демократия да. Кабылдамасында отур, катчысынын көзүнчө буту-колду кенен таштап… Башка жолун ойлобой эле кой. Бирдеме десе эле чечин. 😊 ))))))))
Чечингенде эле сенден бирөө коркуп кетээр бекен же маселе чечилип калар бекен, көрөлүчү. Мага да кызык болуп атат.
Чек арада кошуналар басып кирсе: «Азыр жиниме тийсең чечинип ийем!» деп коркут! Андайды көрбөгөн бечаралар айласын таппай качып кетсин. 😀 Бирок абайла, анча-мынча мендей артта калгандар чочуп кетип атып салбасын, түз эле «ачык коомуңду» мээлеп туруп. Анткени эркектин чечингени жамаан. 😀 )))) Кудай сактасын.
Анча болду мугалимдер сабак берип атып чечинсин. Окуучулар сабакта энеден туума отурсун, Алыкулду жаттап… Эмне, музейдегилерге болот экен дагы, аларга болбойт бекен? 😀 Бизде адам укуктары! Бир нерсе деп көрсүнчү! Баса, эмне деп атам, балдардын укуктары бар да, мектепке барбай деле койсо болот.
Кызык жери – көчөдө ошентип жүрсөң жиндиканага алып кетет. Анткени коомдук жай деген аты бар. Бир эле нерсени түшүнбөйм – мамлекеттик музей коомдук жай болуп эсептелбей калганбы? Макул, мындай маңыроо суроомду деле туура түшүнүп койгула, мен артта калгам да. Мага боло берет. 😀
Баса, андай болсо дикторлор деле бетинин ордуна экрандан түз эле ошол жагын көрсөтсүн. А эмне, адам укуктары да. Элестетип көрдүңөрбү? Телевизорду сайсаң эле «Мынааа сага!» деп так маңдайыңа… 😀
Энеси баласынын, кызы атасынын маңдайында чечинип эле жүрсүн эми, ушунча болду. Толеранттуу коомбуз да, «демократиянын аралчасы» атанган…
Анткени ачыгын айтканда биздин демократия чечингенге эле кыйын. Башка колунан келбейт.
Чечингилечи бир атаңгөрү, эмнесин аянасыңар, ансыз деле башка эч нерсеңер калган жок… Парламенттегилер биринчи баштасын, демократиянын чордону эмеспи. Президент, премьер-министр, өкмөт баш болуп коомго үлгү көрсөтсүн. Чоң трибунадан… Аты да даяр, “Чечиннале” деп эле атай коёбуз, эмнеси бар экен… 😀 ))))) Заманбап!
Ошондон эле укук корголуп, кылмыштуулук токтоп, коррупция кан буугандай тыйылып, миграциядагылар тентибей кала турган болсо – бийлик баш болуп, партиялар төш болуп чечингилечи, кана?
Чечингенде да жөн чечинбей «о гос-сс-споди Боже мой, ну и что тут такого? Это же современно, как эти мырки не понимают искусство?» деп оозду чоюп чечингиле. Кыргызды кыргыз кылып турган нерселерден жийиркенгениңерди көрсөтүп чечингиле.
Жек көргөңүңөрдү жакшыраак көрсөткүлө. «Фуу!» деп. Сөзсүз адам укуктарына таянып, маалымат каражаттарын чакырып чечингиле. Курманжан датканы да ала жаткыла. Антпесе эсептелбейт. Антпесе психиатр алып кетет. Адам укуктарына таянсаңар анте албайт.
Бир нерсе десе «Адамдык укуктарыбызды бузуп атышат! Биз ошондой гана акцияны көргүбүз келет! Салык төлөгөнбүз, мамлекет биздин эсебибизден жашайт! Эч кимдин иши болбосун!» деп ажылдап талап киргиле. Албетте, силердин укук гана укук. Башкабызга укукту ким коюптур? Калган 6 миллион кыргыздын укугу да укукпу? Пфуууу…
Анткени Баш мыйзамдын так киришүү бөлүгүндө улутту, мамлекетти «адам укуктарына» баш ийдирип коюшкан, биздин чечермандар.
Анда да обу жоктонуп, дегеле кур менен мойнунан байлап алып, видеого тартып баш ийдиришкен, болгондо дагы. 😀 Эсинердеби?
Жарым саат бою – ой, жарым жыл бою жумурай журттун көзүнчө баш ийдиришкен. “Ачык коомунун” баарын астыга чыгарып…
«Адамдын (жарандын эмес, көрүнгөн адамдын – Бирштейндин, Саймаитинин, Гуревичтин ж.б.) укуктарын коргоо – мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишинин МАНЫЗЫ ЖАНА МАКСАТЫ» деп жазып коюшкан. Ошо бойдон чечилди да, калды. Эми болору болгондон кийин кайра кийип көр, кыйын болсоң…
А силер уйкудан тургансып «Чечинүү кайдан башталган?» дейсинер. Ошол жактан башталып атпайбы! Чоңдорубуз баштап берген даааа! 😀)))) Баш мыйзамды жазгандар өздөрү баштап берген, а силер музейди айтасыңар…
Бирок туура көрсөңөр биз, артта калгандар, кийимчен эле туралы, кантсе да андай укук бардыр. Эмне кылабыз, артта калбадыкпы такыр. Силерге жетиш кайдааа? Анын үстүнө алдыда күтүп кыйраткан келечеги ушу болсо, антип алдыга барбай эле койдук…

Жыргалбек Касаболотов.

(Макала автордун ФБдагы барагынан алынды).

Фото: Интернеттен.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс