Воскресенье , 8-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / СОТ РЕФОРМАСЫНЫН ӨЗӨГҮ ЭМНЕДЕ БОЛУШ КЕРЕК?

СОТ РЕФОРМАСЫНЫН ӨЗӨГҮ ЭМНЕДЕ БОЛУШ КЕРЕК?

Кыргызстанда соттордун биринчи проблемасы- алардын президент жана анын аппаратына көз карандылыгында.

Конституциянын 95 – беренесинде “судьялардын кынтыксыз жүрүш-турушу, Дисциплинардык комиссия, Соттор кеңеши” жөнүндө жоболор бар. Мына ошолор аркылуу президент жана анын аппараты сотторду каалагандай башкарат. Каалаган чечимди чыгартат. Бул нерсе АШАнын доорунда өзгөчө өкүм сүрдү.

Соттордун колу менен саясий оппоненттер түрмөгө салынды, журналисттер куугунтукталды, коррупциялык иштер мыйзамдаштырылды.

Азыркы президент жана анын аппаратынын колунда АША сотторду каалагандай калчаган рычаг толугу менен сакталып турат. Саясий туткундарга тандалма мамиле анын бир көрүнүшү. Ошондуктан сот реформасы жөнүндө сөз кылганда биринчи кезекте аны президент жана аппаратынын колунан чыгаруу жөнүндө сөз болуш керек. Кыргызстан саясий коррупциядан, соттордун колу менен мыйзамсыз иштерди мыйзамдаштыруудан абдан катуу жабыркап келатат…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс