Воскресенье , 8-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 13 жашта

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы 13 жашта

Урматтуу мекендештер!
Тагдыр таразасында, турмуш сыноолорунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы сиздер менен бирге болуп акыйкатты туу тутуп, чындыктын изи менен чыйыр салып келе жатканына бүгүн 13 жыл болду.

13 жыл аралыгында биздин партия калың журтту караан, адилеттикти ураан кылып ар качан эл менен бирге болду. “Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң”- демекчи, ар кандай саясий кырдаалдарда өз позициясын ачык жана так билдирип элдин сөзүн угуп, эл пикири менен эсептешип келди. Ачуу чындык ар убакта бийликтегилерге жакпасын билсек да, бирок, биз чындык тарапта, карапайым калк арасында болдук. “Жолду баскан арбытат” дегендей, башыбыздан канча кыйынчылык күндөр өтсө да катарыбыз азайбай тескерисинче, күн санап көбөйүп, күн санап улам толукталып баратат. Бул да болсо эл ишенимин, жаштардын келечек үмүт отун тутантып эртеңки күнгө болгон ишенимдүү кадам деп эсептейбиз.

Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынын аппарат жетекчиси Динимухаммед Ыбрайымов.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс