Воскресенье , 8-Декабрь 2019
Башкы бет / Аналитика / “РАЙЫМ МИЛЛИОН”-бул бажыдагы “Шершов”, “ЦАРИ” сыяктуу схема

“РАЙЫМ МИЛЛИОН”-бул бажыдагы “Шершов”, “ЦАРИ” сыяктуу схема

Райым Матраимовго бир тарабы жан тартса, бир тарабы аны күнөөлөп жатышты. Башкасын айтапаганда да кечээ Азимбек Бекназаров, бүгүн Камчыбек Ташиевге окшогон белдүү эле саясатчылар ага жан тартышыптыр.

Ага чейин бул чуунун айланасы трайбализмдик чекке жетип, аз жерден албууттанып кете жаздады.
Менимче, бийлик Матраимовдорго жан тартпай, адилеттикти кааласа, жараканын башталышы тутанып кетишин жактабаса, анда “Райымды эле көрүп калдыңарбы, Атамбаев, Кулматовду эмнеге сөз кылбайсыңар?” дегендерди биринчи жоопкерчиликке тартып же тартипке чакырууну уюштурушу керек болчу. Түшүнгөнгө, алар “Матраимов аркылуу ызы-чуу кылгылары келет” деп, коррупцияга нааразы болгон элден жаманчылык издешти. Максаттары: “Таза бололу, коррупция жок болсун, келечегибиздин кендирин ушул жаманчылык булгап кетпесин” дегенде турбай, “бийликти талашып атат” таризде ой жорушту. Бул ойду, ошондой болуп аткан күндө да ачык айтып, “акмак экенсиңер, биз тараптан президент чыкса эле ушинте бересиңер” дегендин өзүн айтуу уят иш эле. Бирок, айтылды. Уялдым. Оңолбойт окшойбуз дедим ичимен.

Туура, Райым Матраимов Атамбаевдин тушунда кызматта иштегени анык. Аны пайдаланып, акчасын алып жүргөн Атамбаев экенинен да түк шек санабайм. Атамбаев азыр каякта? Акаев же Бакиевче качып кеткен жок. Абакта. Исаков, Кулматовдорчу? Алар да ошол жакта? Кылмышкерди таппай, аныктай албай, коррупциянын жүзүн ача албай, Райымды кол бала кылгандары, акчаларды ошолор алып жүргөндөрү анык болсо эмнеге айыбын ушул кезге чейин аныктабай, а Райым ачык эле сөөмөй кесеп көрсөтпөй жатат? Ким тоскоол болууда?
А мүмкүн, артта кала берген эки ири шайлоолорго Райым ырайым ачып, ТЭЦтин “миллиондору” пайдага жарагандыр…?
Эл эч кандай трайбалистик көз карашта ойлонгон да жок. Жеп-ичкич жетекчилерден тажаган эл, миллиондордун изин гана оңду-солду айтып атат. Ал кытайдан чыккан акчабы, Өзбекстандан кеттиби, ал уйгурбу уруп да койгон жок. Андан акылдуу болуп, кыйкым издегендер гана болду. Элдики эң туура. Алар өздөрү билген “Раим миллион” тууралуу гана ойлонуп атышат. Калганын тиешелүү мамлекеттик кызмат изилдеш керек. Азаттык-бул анык чекит коюп берген укуктук мекеме эмес. Алардыкы журналистик гана иликтөө.
Райым Матраимовду байкуш кылып, тим эле эч нерсеге алы келбеген, майда кызматта эле жургөн жетекчи катары көрсөтүп актагысы келет, айрымдар.
“Раим миллион”-бул схема. Бажыдагы. Ширшов Алексей деген энергобаронду билесиңер? Жалалбадга жөө баспай, Самолет чакырткан. Ал деле дегеле энергосектордо министрдин замы эмес, бир мекемесинде жетекчи болуп иштеген эмес. Майда, аткаруучу директору кызматта эле жүргөн. Андайлар атайы чечүүчү, эртең жоопкерчилиги каралчу жерлерге эмес, акырын ошондой жерлерге коюлат.
Бирок, атагы “Ширшов схемасы” менен ” тарыхта” калып калды. Анын артында олчойгон чоңдор тураары, мамлекеттик акчаларды акырын, билинбеген иш көрсөтүү аракеттери менен бөлүп чыгып, эл эсебинен байып, ар кандай шайлоолорду, үгүт иштерди, жеке керт баштарга арналган иш чараларды финансылык жактан колдоого алып турган схема экени айдан ачык эмес беле.
Мындай схема Акаевдин тушунда башталды сыягы. “Кыргыз Алтын” деген ишкана да дал ушундай ортомчулукту көп кылды. Кылып келатат. Алардын айрым “алкымдууларына” билбегендер бүгүн жан тартып жатат.
Бакиев кезде түзүлгөн ЦАРИ дагы ушул максатты көздөгөн. Булар керек болсо, мамлекеттин элине келе жаткан тышкы инвестицияны, гранттарды ал турсун тышкы “битир садагаларды” да “биз көзөмөлдөп, тескейбиз” деңгээлине чыгып баштаган. Гүреевич гүңк этип, чыгарылган миллиондордун башын кылт эттирди эле, “аны биз да кылганы жатабыз” деген Атамбаевдик бийлик четке кагып койду, кызыгы…
Мамлекеттин Элинин акчасынан жука жонуп жеп туруу, Элге билинбейт деле деп ойлонгондор, ар дайым аларга акча жагынан таяныч болуп берүү үчүн дал ушундай схемаларды иштеп чыгышат. Бул бийликке жагат.
Менимче, Матраимовдук бажы башаламандыгы деле ушундай схема. Көптөр, келээрки шайлоонун үмүт жандыруучусу, колдоочусу Матраимов деп ишенип турушкан. Кала берсе ЖК “бизбиз” деп, кас катар тизилип деле беришти. Ооздору майланды, анан байланды. Ошол себеп, анын ким экени билинип жатса да, анын кадыры Элдик жек көрүүдөн өйдө, “камалсын” деген каалоосуна калканычтар пайда болууда.
Биз ТАЗА ЧЫЙЫР ЖОЛДУ тандамайын, кир суунун башын тазаламайын, чалчык суу иче беребиз!

Кунболот Момоконов.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс