Воскресенье , 8-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Бишкекте Сооронбай Жээнбеков жана Адахан Мадумаров менен жолукту❗❗❗

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Бишкекте Сооронбай Жээнбеков жана Адахан Мадумаров менен жолукту❗❗❗

Касым-Жоомарт Токаев ЖККУнун астында мамлекеттик сапар менен Бишкек шаарына келип, алгач Жээнбеков менен, андан соң Мадумаров менен шаардагы мейманканалардын биринде жолугушту…

Аты аталган экинчи киши менен эмнеге жолугушмак эле деп турсаңыз керек?
Союз тарагандан кийин эле бири министр, экинчиси депутат болуп турганда таанышып, андан бери үй-бүлөлүк катташ үзүлбөй келген.
Мадумаров Казакстанга иш сапар менен барып калганда мейманканада эмес, досу Токаевдин үйүндө түнөп калгандарын ошол кездеги чиновниктер тар чөйрөдө айтып жүрүшөт…
Бийликтин алсыздыгынан пайдаландыбы, же достуктун бекемдигиби, айтор аны саясий серепчилердин назарына койдум.

2020-жылы өтүүчү Парламенттик шайлоо бийлик күтпөгөн сценарий менен өтүшү мүмкүн. Казакстан “Бүтүн Кыргызстанды” колдосо бийликтин түн уйкусу бузулары бештен белгилүү…

Жони Таалайбеков.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс