Воскресенье , 8-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / БИШКЕКТЕ ЭКОЛОГИЯЛЫК КАТАСТРОФА…

БИШКЕКТЕ ЭКОЛОГИЯЛЫК КАТАСТРОФА…

AirVisual сайты дүйнөдөгү шаарлардын абасынын булганышы боюнча түз маалымат берип турат. 28-ноябрдын кечине карай Улан-Батор шаары дүйнөдөгү абасы абдан булганган шаарлардын көч башында турду. Анын абасынын булганышы 204 даражаны көрсөткөн. Ташкент шаары 4чү орунда турат. Өзбекстан борборунда абанын булганышы 174 даражаны көрсөткөн.

БИРОК БУЛ КӨРСӨТКҮЧТӨР БИШКЕКТИН АБАСЫНЫН БУЛГАНЫШЫНЫН АЛДЫНДА ЭКИ ЭСЕДЕН АШЫК ТАЗА БОЛУП ЧЫГУУДА. АНТКЕНИ 28-НОЯБРДЫН КЕЧИНДЕ БИШКЕКТЕ АБАНЫН БУЛГАНЫШЫ АЙРЫМ ЖЕРЛЕРДЕ 460 ДАРАЖАНЫ КӨРСӨТКӨН. БУЛ ЭҢ КОРКУНУЧТУУ ЧЕКТЕН АШЫП КЕТКЕН ДАРАЖА…

(Airvisualдын тизмесинде Бишкек катталган эмес. Бирок сайтка кирип өзүнчө суроо салсаң Кыргызстан борборундагы айрым жерлердеги абанын абалы тууралуу маалымат берилет. Тынчтык проспектиси менен Абсамат Масалиев көчөсүнүн кесилишкен жери жана Жумушчулар шаарчасынын (Рабочий городок) айланасындагы абанын абалы боюнча маалымат турат)…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс