Демейде Кыргызстанда ар кандай митинг, демонстрациялар жана бийлик алмашкан революция-төңкөрүштөр  кыш бүтүп, жаз башталган, табият менен кошо адамдардын аң-сезими жанданган көктөм маалына туш келчү. Бирок бул ирет, күз бүтүп, кыш башталган, Бишкекке алгачкы кар жааган 25-ноябрда Ала-Тоо аянтында коррупцияга каршы акция болорун Ак үйдөгүлөр эмес, ошол саясый акциялар менен алектенип, “иштеп” жүргөн айрым активисттер өздөрү деле күтпөсө керек…

25-ноябрдагы митинг кокустукпу же анын артында чоң күч турабы?

Бийлик демекчи, алар бул күндөрү 28-ноябрда Бишкекте өтө турган эл аралык чоң иш чарага – ЖККУнун саммитине даярдык көрүп атышкан. Ага Казакстан, Беларусь, Россия, Тажикстан жана Армениянын мамлекет башчылары келери күтүлүүдө. Эми ушундай дүйнөлүк деңгээлдеги саясый мааракенин алдында өлкөбүздөгү коомдук кырдаалды будуң-чаң кылууга кимдер кызыкдар? Балким, коррупцияга каршы акциянын максаты, болжонгон убакыт, сааты да дал ушул окуя болгондур?

Ооба, Кыргызстанда Эгемендүүлүккө жеткен 29 жылдан бери коррупция тамырлап, гүлдөп, дүркүрөп өнүгүп кеткендиги, ал тургай өнөкөт ооруу болуп калгандыгы жашыруун эмес. Керек болсо элибиз итке минип, мамлекетибиздин экономикасынын бомба түшкөндөй кыйроосунун да бирден бир себеби ушул коррупция болуп саналат. Ал тургай биздеги жемкорлук тууралуу чет элдик илимпоздор илимий иш жазгандыгын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү айтып жүрбөдүбү.

“Оорууну жашырсаң, өлүм ашкере кылат”

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден кийин, өткөн жылы февраль айындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында мындан ары коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүлөрүн жар салып, керек болсо “досун да аябай тургандыгын” айтканда, мамлекетти каракчыдай тоногон андан көңүлү калган эл жапырт колдоп кеткен. Себеби бүгүнкү күндө бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайлар, мамлекеттик мекемелер, айтор турмушубуздун баардык катмарын рак клеткасындай туташ каптап, элди мите курттай соруп аткан коррупция ар бир жараныбыздын көңүлүнө көк таштай тийип бүттү. Бул Жээнбеков үчүн элдин ишенимине кирип, ал тургай тарыхта кала турган чоң мүмкүнчүлүк болчу.

Чындыгында УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекет башчыбыздын тапшырмасы менен эски бийликтин тушундагы эл менен мамлекеттин ырыскысы болгон байлыкты талап-тоногон чиновниктердин Аскарбек Шадиевге окшоп Америкага качып кетүүгө үлгүрбөгөн чиновниктеринин дээрлик баардыгын камап, кустуруп атат. Алардан түшкөн акчалардын эсеби бир нече миллион сомго жетип, мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык көйгөйлөрүбүз чечилип жаткандыгын моюнга алуубуз керек. Мындан тышкары да карапайым калктан акча доолаган милиционер, сот, прокурор сыяктуу паракорлор келемиштей эле кармалып жатышат. Бирок жомоктогу улам башын алса, кайра экинчиси пайда боло берген ажыдаардай, коомубуз коррупция менен коррупционерлерден арылбай койду.

Кыргызстан бир эле өлкө ичиндеги “бытовой” коррупцияга белчесинен батпастан, трансулуттук деңгээлдеги аткезчилик жүктөрдү ташууга, шектүү акчаларды адалдоо үчүн да ыңгайлуу өлкө жана географиялык аймак экен. Биринчиден, бизде акча үчүн баардыгын, чиновниктерди да, өлкө жарандыгын да сатып алууга мүмкүн. Экинчиден, дүйнөнүн экинчи экономикасы болгон Кытайдын капталында жайгашып, кошуна Борбор Азия мамлекеттерине, Казакстан менен Россияга көз боёмочулук жолдор менен каалаган товарды өткөрө аласың.

Бул жагдайды “Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакунов изилдеп, Айэркен Саймаити аттуу кытайлык уйгур жигиттин маалыматтарына таянып, Кыргызстандан 700 млн. доллар чыгарылып кеткендигин май айында эфирге чыгарганда коомчулук бир дүрбөп барып токтогон. Анда мындай көз боёмочулуктун артында бажы кызматынын төрагасы Раимбек Матраимовдун тургандыгы сөз болгон. Тилекке каршы резонанстуу бул журналисттик иликтөөгө эч бир мамлекеттик орган, президент өзү да жооп кайтарып, чара көргөн жок.

Демек, эл арасында жээнбековдор менен матраимовдордун карым-катышы, 2017-жылы президенттик шайлоодогу Алмазбек Атамбаев өзү айтып, документтер менен далилденген 28 млн. доллардын жумшалышы, бул акчаны матраимовдор бергендиги тууралуу имиштерге көпчүлүк ишене баштады. Аңгыча, 10-ноябрда Стамбулда жашырынып жүргөн Айэркен Саймаити кафелердин биринде тамактанып отурган жеринде жалданма киллерлер тарабынан атып өлтүрүлүшү Кыргызстанда бомба жарылгандай эле дүң болду. Түркиянын полициясы ал кылмышкерлерди эки күн өтпөй Сирия менен чектеш аймакта чыгып баратканда кармаганда, алардын экөөсү Кыргызстандын паспортун сатып алган чет элдиктер экендиги ачыкка чыкты.  Демек, бул буюртма адам өлтүрүү экендигин, анын буюртмачылары Кыргызстанда экендигин жашырууга мүмкүн болбой калды.

25-ноябрдагы митингдин өтө жогорку деңгээлде, уюшкандыкта өткөрүлгөндүгү таң калтырбай койбойт. Алгач, саат 11:00гө белгиленген акция тууралуу каршы пикир билдирген соц тармактардагы фейктер жана айрым маалымат каражаттары Ала-Тоо аянтында эч ким жоктугун, кар жаап, күн суук болушу Ак үйдүн пайдасына чечилип жаткандыгын айтып, жазып бүтүшө электе эле, жарым саатта эки миңге жакын адам толуп кетти. Болгондо да алар мурдагыдай улгайган адамдар же айылдыктар эмес, шаардык эле жогорку билимдүү жаштар болуп чыкты. Ал эми бийликтин “бул мыйзамсыз акция, уруксат берилген эмес” деген тоскоолдугуна “Биз эч кимге тоскоол болбойбуз. Конституция боюнча өз оюбузду айтканга укугубуз бар…”,- деп айтышканда, чиновниктердин алласы оозунан түшүп калгандай болду.

Чындап эле эки саатка жетпеген митингде эч ким деле адаттагыдай микрофонду оозуна такап алып сүйлөбөй, бир гана уюштуруучу Үсөйүн уулунун бийликке эскертүү катары айтылган чакырыктарын хор менен күчөтүп турушту. Соңунда баардыгы сары жилет кийген митингчилер футбол оюнунда эреже бузганда берилүүчү сары түстөгү баракты Ак үй тарапка көрсөтүп тарап кетишти. Жада калса “Тазалык” ишканасы андан соң бир да таштанды калбагандыгын айтууга мажбур болду.

Эми бийлик эмне кылыш керек?

Сыягы, Ак үйдөгүлөр дем алыш күн экендигине карабай, чоң акция өткөрүлүп жаткандыгын агенттери аркылуу угушса керек, алдын ала 700 милиция кызматкерин даярдап, ал тургай президент Сооронбай Жээнбеков өзү такка отургандыгынын эки жылдыгын шылтоолоп 40 минуталык интервью берди. Бирок “Кабар” агенттигинин директору Кубан Табалдиев батынбадыбы же пресс-катчы Толгонай Стамалиеванын көрсөтмөсү ошондой болгонбу, кыскасы, баягы эле таза суу, айылды көтөрүү, маянаны жогорулатуу өңдүү эртеден кечке КТРКда айтыла берип, элдин кулагына кумдай куюлуп бүткөн суроо-жооптор айтылып, баарыбыз күткөн бажыдагы матраимовдордун мафиясы тууралуу жарты сөз айтылбады. Мындай кадамы менен президенттин тегерегиндегилер кайра элдин кыжырына тийип алгандай болду.

Ошол эле “Азаттык” радиосу белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевге бул маселе боюнча кайрылганда,  ал бажы тармагындагы жүк ташуудагы мыйзамсыз иштер азыр да уланып жаткандыгын айткан:

– Реэкспортто коррупция болуп келген жана болуп жатат. Менден башкалары «2017-жылга чейин болуп келген» деп эле токтоп калып атышат. Мен бүгүн да болуп атат деп айтам. Муну президент, өкмөт токтотушу керек. Жигердүү жарандардын талабы күн тартибинде бул маселе актуалдуу болуп турганын көргөздү. Президент, өкмөт, парламент да бул көйгөйдү буйтап өтүп, көз жаздымда калтырууга укугу жок. 

Текебаев деген берилген суроого оюна келгендей эле жооп берип койгон адам эмес. Демек, ал айтса, туура айтат.

Ал эми эч кимге, Батышка да, Россияга да жан тартпаган, көз каранды эмес белгилүү саясат таануучу Марс Сариев Сооронбай Жээнбеков 25-ноябрдагы акцияда маалымат согушунан утулуп калды деп эсептейт. Керек болсо бул кырдаал АКШдагы «Уотергейт» чатагы сыяктуу “кыргызгейт” болуп калышы мүмкүн деп эсептейт.

“Адамдар соц тармактар аркылуу биригип, митингге чыгышты, алар негизинен шаардыктар экен. Мындай жигердүүлүк көптөн бери боло элек эле. Мунун баары Украина, Грузия, Арменияда сынактан өткөн акцияларга окшошуп турат”,- деди Сариев.

“Журналисттер аябай ыкчам иштешти. Андыктан бийлик өзүн жоготуп, кемчилигин моюнга алууга, чара көрүүгө убада бергенден башка айласы калбады жана актануу кыйынга турат.  Президент С. Жээнбеков азыр чечкиндүү кадамдарга барып, Матраимовго чара көрүшү керек. Ошол эле учурда бир катар иликтөөдө көрсөтүлгөн күч органдарынын жетекчилерин кызматтан бошотушу зарыл. Ал ушундай кадамдарга баруу менен гана 2020-жылдагы парламенттик шайлоого бара алат”,- деп эсептейт эксперт.

Анын пикиринде, эгер бүгүн бийлик чечкиндүү чара көрбөсө, митингдер дагы уланып, кырдаалды эл аралык оюнчулар өз пайдасына тартып кетиши мүмкүн.

Айтор жомоктогудай, президент элди же Матраимовду тандашы зарыл…

Автандил Белеков.