Воскресенье , 8-Декабрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Түркстан аты кантип жоюлду?

Түркстан аты кантип жоюлду?

Дүйнөдөгү географиялык аттардын көпчүлүгү акыркы 200-300 жылдыкта коюлган. Болгондо да  колонизаторлор же болбосо европалык саякатчылар тарабынан берилген. Бүгүнкү күндөгү Америка, Австралия, Океания деген аттар жана Азиянын, Африканын айрым мамлекеттеринин аттары, тоолору, суулары, кысыктары, деңиздери да европалыктар тарабынан ат ыйгарылган. Алардын ичинде орустар да бар. Чынында айрым жерлер эч кандай аталышы болбогондугу үчүн  койулса, ал эми айрым географиялык аймактар, шаар-кыштак, айыл, чөлкөмдөр атайын саясат үчүн өзгөртүлгөн. Алардын бири Түркстан. Азыр Түркстан деген географиялык аталыш  илимде жок. Бирок миң жылдар бою азыркы Орто Азия, Борбордук Азия Түркстан деп аталып келген. Түркстандын Орто Азия же болбосо Борбор Азия деп алмашып кетиши жүз жылдык мезгилди  камтыбайт.

Түркстан эмнени түшүндүрөт?

Түркстан бул – түрктөрдүн (түрк элдеринин) жашаган жери, журту, өлкөсү деген маанини берет. Бул аймак көп мезгилдерден бери түрк тилдүү элдердин, азыркы тапта да кыргыз, казак, өзбек, каракалпак, уйгур, түркмөн, ногой өңдүү түрки элдердин ата журту болуп саналат.

Түркстан чөлкөмүнүн (континенти) тарыхый чек аралары төмөндөгүдөй:

Түштүктө: Ирандагы Горган дарыясы, Хорасан тоолору, Көпет тоосунан Афганистандагы Кухи, Мездуран, Тапжак жана Ак тоолордон өтүп, Индия, Пакистан ортосундагы Гиндукуш тоолорунан Кытай тараптагы Мустаг-Куенкер кырка тоолоруна барып такалат. Чыгышта: Чыгыш Түркстандын же болбосо Шинжаң Уйгур Автономдуу райондун чыгыш чек аралары, Кингай жана Гансу провинциясылары болуп саналат. Түндүгү: Урал тоолоруна чейин созулган дарыя, тоолор, Түштүк Сибирь, Жунгария, Түндүк Казакстан, Иртиш дарыяларынан турат. Батышта болсо Урал дарыясы, Волганын Каспийге куйган жери жана Каспий деңизи курчап турат.  Булар Түркстандын негизги чек аралары. Бирок Түркстан бир канча  бөлүккө айрылган. Булар географиялык эмес, саясий бөлүнүү болуп калган. Эң чоңу Батыш Түркстан же болбосо азыркы Борбор Азиядагы беш республика. (Кыргызстан, Казакстан, Тажиктсан, Түркмөнстан, Өзбекстан). 19-кылымда жана 20-кылым башында бул аймак жөн гана Түркстан деп да аталып келет. Ал эми экинчиси жакынкы жылдарга чейин колдонуп келген Чыгыш Түркстан. Азыркы Батыш Кытай же СУАР аймагы. Ошондой эле айрым изилдөөчүлөр Афган Түркстаны, Иран Түркстаны деп да атап келишет. Бирок булар анчалык чоң болбогондугу үчүн Түштүк Түркстан деп коюу туура болот. Ал эми түндүк жакта жашаган түрк тилдүү элдедин конуштарын көп жылдардан бери Орусия карамагында болгондугу үчүн аркандай аттар берилип, Түркстан деген атты жолоткон эмес. Эгер ал жерлер өзүнчө болуп же башка өлкөлөрдүн курамында болгондо сөзсүз Түндүк Түркстан деген термин боммок. Демек бул аталыштар географиялык эмес, саясий аталыштар десек туура болчудай. Бирок азыркы кезде ошол Чыгыш Түркстан, Батыш Түркстан деп аталган аталыштар да токтотулган.

Түркстандын аянты

   – Батыш Түркстан; Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, тажикстан жана Өзбекстандан туруп аянты 3.999.400 km кв

Чыгыш Түркстан бүгүнк Шинжаң Уйгур Автономдуу Району болуп аянты 1.660.400 км кв.

Түштүк Түркстан – Афганстан жана Ирандын түндүк бөлүктөрүн камтып аянты 500,000 км кв жакын. Эгер баардык Түркстандын аянтын кошсок 6 млн км кв болот. Бул деген Орусия тышындагы бүтүндөй Европа континенти дегенди түшүндүрөт.

 Түркстан тарыхый булактарда

Тарыхчылардын айтуусу боюнча Түркстан сөзү байыркы сактар доорунда Түркстанак деп эскерилген. Бул ысым 6-кылымдарда иран, араб, армян булактарында да кездешет. Махмуд Кашкаринин Диванында Түркстан чек арасын Кытайдан Каспий деңизине чейинки аралыкты көргөзөт. Ирандыктардын Авеста китебинде Туран, Түркстан деген аттар кездешет. Бичурин байыркы Кытай булактарынан да Түркстан сөзүн тапкан.   Карахандар жана Амир Темир мезгилинде да бул чөлкөм Туран, Түркстан аттары менен эскерилген. Түркстан чоң болгондугу үчүн ар жерине ар кандай мамлекеттер, эмирликтер, бектиктер курулган. Бирок ал өлкөнүн башчылары ар дайым Түркстандык экенин белгилешкен. Эгер кимдир бирөөлөр алыска көчүп кетишсе да өздөрүн Түркстандык деп таанытышкан. Бирок эч качан Тркстан аты менен мамлекет, хандык курушкан эмес. Демек бул аймактын эли Түркстанды жалпы аймактык ат катары таанышкан. Мисалы Европалыктар өздөрүн Европалык деп атаганы менен тарыхта эч качан Европа деген мамлекет курушпагандай эле. Түркстан 19-кылымдын башында Англиялык булактарда Бухара деген ат менен белгилүү болгон. Батыш Түркстанды – Чоң Бухара, Чыгыш Түркстанды- Кичи Бухара деп аташкан. Аз өтпөй англиялыктардын Бухара ордуна Түркстан терминин колдонушу менен бүтүн Европа да муну кабыл алган. Орус адабиятына болсо Чыгыш Түркстан сөзү Бичурин тарабынан киргизилген. 19-20-кылымдагы Орус окмушщтуулары, саякатчылары да Орто Азияны Түркстан деп таанышкан.

 Түркстанды бөлүп алышты…

Орустардын түрк тилдүү элдердин ээликтерин басып алуусу 16-кылымдан башталат. Ал эми Казак талааларына 18-кылымда кирип, 19-кылымдын жарымында толук каратып бүтөт. Басып алган жерлерине Оренбург, Талаа генерал-губернаторлугун куруп, 1865-жылы Ташкентти басып алып, Орто Азия чөлкөмүнө Түкрстан генерал-губернаторлугун 1867-жылы курат. Бул деген тарыхта биринчи жолу Түркстан атында адмнистративдик ат эле. Бирок орустар Түркстандын батыш гана тарабын басып алып, аны да экиге бөлүп салган болчу. Ал эми Кытайлар Чыгыш Түркстанды 1758-64-жылдары басып алышып, аймакты Жунгария жана Кашкария деген эки провинцияга бөлүп башкарышкан. 1884-жылы экинчи жолу Цинь империясы Чыгыш Түркстанды экинчи жолу басып алышып, аймакты Шинжаң (жаңы чек) деп атын өзгөрткөн. Ал эми түштүк чектери Англиянын курамагындагы Афганистан жана Иранга калган. Ошентип Түркстан ири мамлекеттер тарабынан бөлүштүрүлүп алынган.

 Түркстан деген жаңы аттар көбөйдү….

Орусия Түркстан генерал-губернаторлугунда “Түркстанская ведомости” аттуу газета чыгарып турган. Ал эми 1917-жылы Февраль революциясынан кийин Орусиялык мусулмандар ошол эле жылдын 17-апрелинде Ташкентте Түркстан Мусулмандар Курултайын өткөрүшкөн. Бул курултайдын катышуучулары 1917-жылдын 26-28-ноябрында Кокон шаарындагы курултайда Түркстан Мухтариятын (автономиясын) жарыялашкан. Борбору Кокон шаары деп эсептелген бул автономия бүтүн Орто Азия элдери тарабынан тез эле колдоого алынып, тааныла баштаган.

Түркстан Мухтарияты (Автономиясы) 1918-жыл

Бирок бул көрүнүш советтик бийликке жакпай, большевиктер тарабынан кандуу жол менен талкаланган. Автономиялык өкмөтттүн айрым мүчөлөрү чет өлкөгө качып кетишсе, айрымдары куралдуу каршылык башташып, бул кийин “басмачылык кыймылы” деп аталып калган. Советтик жетекчилер Түркстан маселелсин чечүү үчүн мурдагы Түркстан генерал-губернатрлугунун ордуна 1918-жылы 1-майында Түркстан Автономдуу Советтик Социалист Республикасын курушту. 17-июнда Ташкентте түзүлгөн Түркстан Комунисттик Партиясы Орусия Комунисттик Партиясынын бир бөлүгү катары кабыл алынды. Бул партияга түркстандык кыргыз, өзбек, казак, түркмөн, тажиктер да кире башташкан.Түркстанда (Орто Азия) басмачылар кыймылын күчөп кетишине каршы, аймакта Советтик бийликти күчтөндүрүү, чөлкөмдн улуттук аракетин талкалоо жана комуниздм прапагандалоо үчүн 1919-жылы 8-октябрда Түркстан Комиссиясы түзүлөт. Ошол эле жылы Орто Азиядагы каршы күчтөрдү жок кылуу үчүн М.В. Фрунзенин командачылыгында Түркстан Фронту курулат. Түрк тилдүү элдерди бири-бирине тукуру, комунистик пропаганданы күчтөндүрүү үчүн 1920-жылы Түркстан Бюросу курулат. Демек Түрктсан аты падышалык да советтик да бийлик тушунда түрдүү аттарда колдонулган.

Ал эми Чыгыш Түркстанда Кытай өкмөтү тарабынан такыр колдонулбаган. Бир гана 1933-жылы уйгур, казак, кыргыз, дунгандар Чыгыш Түркстан Ислам Республикасын жарыялап, ал 3 айга жетпеей кулаган. 1944-жылы кайрадан Чыгыш Түркстан Республикасы курулуп, 1949-жылы жыгылган.

Түркстанды бөлүп-жаруу, атын жок кылуу…

Өзүбүз көргөндөй Советтик мезгилдин алгачкы жылдарында Түркстан аты орустар тарабынан да жергиликтүүлөр тарабынан канчалык көп колдонулгандыгын көрдүк. Бирок Советтик бийлик, комунистер өлкөнүн ар тарабындагы чыккан жарандык согушту жеңишкени менен Түркстандагы каршылык көргөзүүнү жеңүү кыйынга турган. Анткени Түркстандыкар биримдикте болуп, аймакты коргоодо, каршылык көргөзүүдө советтик бийликтин шаштысын кетирген. Бул башкалардай бийлик талаш эмес, улуттук жана диний көз карансыздык үчүн согуш эле. Бул жердеги көтөрүлүш басылса да бир канча убакыттан соң кайра чыгып кетүү коркунчу кынтыксыз болчу. Ошондуктан Түркстанды бөлүп салуу аракети башталат. 1920-жылы Түкрстан Коммунист Партиясынын түркстандык мүчөлөрү комунист экендигине карабастан Москва менен тымызын тиреше башташкан. Алар Түркстан АССРи Түркстан Түрк Республикасы болуп өзгөртүлүп, өз алдынчалыка жетиши керек деген чечим чыгарышкан. Ленин 1920-жылы Түркстан Комиссиясына Түркстанды Өзбек, Кыргыз (Казак), Түркмөн деп бөлүү үчүн тапшырма берет. 1922-жылы Түркстан аты унутулушу керек деген чечимге келишип, Түркстан Бюросу 1922-жылы Орто Азия Бюросу болуп өзгөртүлөт. Бул Түркстан терминине биринчи урулган сокку эле.

1922-жылы Түкрстанды улуттук-админстративдик аймактарга бөлүштүрүү иштеринин даярдыктары башталаган. 1924-жылы январь айынан баштап Москвадан келген советтик адистер күз айларына чейинки изилдөө иштеринен кийин Түркстан АССРин жоюп, аны Өзбекстан, Казакстан, Түкрмөнстан, Кырыгызтсан, Тажикстан,  Каракалпакстан аттуу улуттук республикалар, облустар түзүлөт.  Ал эми Түркстан Коммунист Партиясы Түрксмөнстан жана Өзбекстан Коммунист партиялары болуп өзгөртүлөт. Советтик бийлик мындан кийин Түркстан деген атты жоготу үчүн бүтүндөй окуу китептеринде, газеталарда Орто Азия атын колдоно баштайт. Түркстанатын колдонууга атына тыюу салат. Бирок 1927-жылы өлкөдө курулпу жаткан ири темир жолу Түркстан-Сибирь темир жолу деп аталып, кийин ал Казактсан темир жолу болуп өзгөртүлөт.

 Орто Азия жана Казакстан же Борбор Азия

1936-жылы Орто Азияда 5 өлкө Советтик Социялист деген статуска жеткенден кийин Орто Азия жана Казактсан деп атай баштайт. Ал эми баардыгы үчүн Борбор Азия деген термин колдонулат. Ошентип тарыхый Түркстан аты илилмде өчөт. Ал гана эмес Европа, Америка, Түркияда да Борбор Азия деген термин колдонууга өтөт.  Ал эми Чыгыш Түркстан Кытай коммунистери тарабынан басылып алынгандан кийин Чыгыш Түркстан Республикасын жоюп анын ордуна 1955-жылы Уйгур Шинжаң Автономдуу Районун (СУАР) курат да ичинде майда улуттук автономдуу облустарды  курган. Чыгыш Түркстан атын колдонгондорго оор жазаны киргизген. Ошентип Кытай да Түркстан атын жер менен жексен кылган. Мындайча айтканда Советтик бийлик да кытай бийлиги да “бөл жана башкар” деген саясаттынг негизинде Түркстанды талкалап, атын өзгөртүп башкарышкан.

            1960-жылы ЮНЕСКО тарабынан жаңы Борбор Азия термини ойлоп табылды. Ал аймака Индия, Пакистан, Ирандын түндүк региондору, Афганистан, Тибет, чыгыш Түркстан, Кытайдын Ланчов провинциясы, Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түкрмөнстан, Өзбекстан, Тыва, Алтай, Буриятия кирген. 1959-жылы болмсо Иран борбору Тегеранда ЮНЕСКО Борбор Азия Цвилизация Институтун курду. Бирок бул географиялык термин аталган өлкөлөр үчүн колдонулбай, Түркстандагы 5 өлкө үчүн гана колдонууга өттү.

1960-жылы ЮНЕСКО түзгөн Борбор Азия

 Ошентип тарыхый Түркрстан атынын ордууна Орто Азия жана Шинжаң деген аттар пайда болду. Советтер Союзу, азыркы убакта Орусия өзүнүн кызыкчылыгы туура келип калса СУАР (Синцзыян Уйгур Автономдуу Району), кызыкчылыгы туура келбей калса Чыгыш Түркстан деп коймойу бар. Ал эми Батыш өлкөлөрү кээде “East Turkestan”  (Чыгыш Түркстан) кээде Шинжаң деп атай берет.

1991-жылы Борбор Азиядагы же болбосо Батыш Түркстандагы 5 өлкө өз алдынчалыгын жарыялагандан кийин ошол кездеги Түркия Республикасынын президенти Тургут Өзал 1992-жылы аймакка рамий сапары менен келип, Батыш Түкрстан көз карансыздыкка жетишти эми кийинки кезек Чыгыш Түркстанда деп билдирген. Мунун артынан Чыгыш Түркстандын Кулжа, Аксуу, кашкар шаарларында көтөрүлүштөр башталган. 2002-жылы 21-сентябрында Кытай Жогорку Совети жарыялаган билдирүүсүндө мындай деген. “Шинжаңда террористер жана сепаратистер “Чыныш Түркстан” аттуу мамлекет курууга аракет кылып жатышат. Чыгыш Түркстан географиялык ат эмес, ал саясий максатта колдонулган ат болуп саналат. Бул эски колонизаторлор тарабынан Кытайды талкалоо, бөлүп салуу үчүн бул термин ойлонуп табылган”.

Орто Азия эгемендүүлүгүн алгандан кийин жазуучулар, окмуштуулар, ыр жазгандар тыюу салынган Түркстан атын колодоно башташат. Түрк тилдүү өлкөөрдүн курулган уюмдары, өткөргөн курултайлары 1992-99-жылдары Орто Азия атынын ордуна Түркстан аты колдонулсун делген бир нече чечимдерди кабыл алышат, бирок ал колдонууга өткөн эмес. 1994-жылы Анкарада өткөн жыйында Орто Азия республикалары деген аттын ордуна Түркстан Республикалары деген атты колдонуу сунушталган. Бирок бул аттын кайрадан колдонулбай калышына кайра эле Орто Азиялыктар себепчи болушкан. 1991-жылы 13-декабрында Түркмөнстанда Орто Азия өлкөрүнүн самити деген ат менен чогулушат. 1992-жылы Казакстанда өткөн экинчи самитте Борбор Азия самити деп өзгөртүлөт. 1993-жылы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан ортосунда Орто азия Экономикалык Уюму түзүлөт. 1995-жылы 21-ноябрда Казакмстандын Түркстан шаарында Түкстан Элдериннин Маданият Форуму өткөрүлдү. Форумга аймактагшыөлкө башчыларынан келген кутутктоолордо Түркстан эмес Борбор Азия Элдеринин Маданият Форуму деп жазылган.

Борбордук Азия (Тарыхый Түркстан)

1995-жылы Өзбекстандын самарканд шаарында Эл аралык Борбор Азия Изилдөө Инсититу түзүлүп ага 13 өлкө мүчө болуп кирген. Ошентип Түркстан аты илимде жок болду.

 

Дастан Разак уулу.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс