Воскресенье , 8-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / АЛТЫН ЖУМУРТКА

АЛТЫН ЖУМУРТКА

Картайып калса да,көчөдө жумуртка сатуу менен жан баккан аксакалдын жанына кычыраган унаадан түшкөн аял мындай дейт:
-Жумуртка канчадан?
-6 сом,кызым…
-50 сомго 10 даана бересизби же кете берейинби?
-Эртеден бери аларман жок,ала гой,кызым…Бүгүнкү соодамды эптеп баштап алайын,акыркы мезгилде негедир соода да болбой жатат.
Ошентип 50 сомго 10 жумуртканы колуна алып,кудум бир алтын жумуртка таап алгансып,сүйүнгөн бойдон унаасын зуу айдап жөнөйт.Мурун сүйлөшкөндөй эле курбулары менен Бишкектин кымбат ресторандарынын бирине жөнөйт,адаттагыдай эле өтө көп тамак алынып,ашыкча эле ысырап болот.Аны деле курсак үчүн эмес,инстаграммга чыгаруу үчүн алышкан го.
Бир маалда ресторан кызматкери эсеп китепчесин алып келип, 4800 сом болгонун айтат.Каарманыбыз бул кезек китепченин ичине 5000 сомдук көк кагазды коюп,артканын албай чыгып кетет.
Бул ресторан кызматкерлерине күнүмдүк жана жагымдуу ,бирок ошол эле учурда жумуртка саткан карыя үчүн кайгылуу окуя.Селки ашыкча 10 сомду карыядан аяп,бирок ошол эле учурда 200 сомдук артып калган акчасын ресторандан алуудан баш тартты.
Эмне үчүн биз тролейбуста берилген 10 сомдун 2 сомун,кудум чоң байлыктай күтөбүз?
А бирок ошол эле учурда кафе,бар же оюн зоок жерлеринде акчабызды чачканга даярбыз.
Биздин марттыгыбыз бир гана эл көрсүнгө же люкс жерлерде эмес,чындыгында муктаж адамдарга карата да болуусун Жараткан насип этсин!
Автор:Нуриет Абдулазиз

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс