Воскресенье , 8-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / Өзбекстан: саясий партиялардын биринчи дебаты

Өзбекстан: саясий партиялардын биринчи дебаты

Өзбекстанда 22-декабрда өтчү парламенттик шайлоону утурлай өлкөдөгү беш партия алгачкы дебатка чыгышты. “The Diplomat” журналы партия лидерлерине 2,5 мүнөттөн убакыт берилип, журналисттер, блогерлердин суроолоруна жооп кайтарышканын кабарлайт.

Дебат маалында Өзбекстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кирүүсүн колдогон Либерал демократиялык партиянын сунуштарын да угушту. Ал эми “Улуттук кайра жаралуу” партиясы либерал демократтардын бул сунушуна каршы экенин билдирди. Ички маселелерге келгенде журналисттер партия мүчөлөрүнөн өлкө ичинде өсүп жаткан баалар, киши башына кирешенин азайышына байланыштуу суроолорду беришти. Элдик демократиялык партиянын өкүлдөрү бул суроого Ташкенттеги беш кишиден турган бир үй-бүлө айына болжол менен 250 долларга жашайт деп жооп берери менен оппонент партиялардын катуу сынына кабылды. Минималдуу керектөөнү так аныктап алмайын мындай божомолдорду жасоо туура эмес деп чыгышты. Президент Шавкат Мирзиёевдин Либерал демократтар партиясы менен оппозициялык делген “Улуттук кайра жаралуу” партиясы шайлоодон кийин коалиция түзөрү да кыйытылды. Жалпысынан дебат тынч өткөнү менен өзбек журналистикасында жаңы толкунду ойготуп, парламентке ат салышкандарга жалтанбай суроо берүүгө шарт түзгөнүн баяндайт басылма.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс