Четверг , 12-Декабрь 2019
Башкы бет / Аналитика / КАРТИНА АЧЫЛГАНДА…

КАРТИНА АЧЫЛГАНДА…

“Азаттык”, Клооп жана OCCRPдин иликтөөсү көрсөткөндөй Кыргызстандагы Бажы коррупциясынын атасы кытайлык уйгур ишкери Хабибула Абдулкадыр жана Раим-миллион экени аныкталды. Айэркин Саймайти булардын коррупциялык акчаларын адалдаган жүгүртек гана болуп чыкты. Ал коррупциялык схеманы ачкан жүгүртек Стамбулда атып өлтүрүлдү.

Хабибула Абдулкадыр менен Раим-миллиондун атасы көп мезгил бою Алмазбек Атамбаев болуп келген. Мына ошо АШАнын калкалоосу менен алар көптү, “ийгиликтүү ишкербиз” манчыркашты. Миллионер, миллиарддер болушту.

Атамбаев бийликтен кеткени Хабибула Абдулкадыр менен Раим-миллион атаны алмаштырышты. Алардын атасы Сооронбай Жээнбеков болуп калды. Жээнбековдун бийликке келишине алар миллиондоп доллар, миллиарддап сом чачышканы узун элдин учунда, кыска элдин кыйырына белгилүү нерсе.

Кыргызстан бажысындагы коррупциялык схеманын кожоюну Хабибула Абдулкадыр Атамбаев жана Жээнбековго ушунчалык кадырлуу жана жакын адам экен, ал Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында өтө бир кадырлуу орунга отургузулган.

Сүрөттү карап көрүңүз: Инаугурация учурунда биринчи катарга республиканын белгилүү аксакалдары, биринчи жетекчилери отургузулган. Экинчи катарга өтө таасирлүү, кадырлуу коноктор отургузулган. Мына ошол экинчи катарга Россиянын Бажы кызматынын мурунку башчысы, АШАнын жакын досу Андрей Бельянинов, президенттин улуу агасы Жусупбек Шарипов, анын жанына Хабибула Абдулкадыр отургузулган…

Хабибула Абдулкадырды мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков Сооронбай Жээнбеков менен байланыштырган. Исаковдун айтымында, 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин эле ноябрь же декабрь айларында Сооронбай Жээнбеков “АКА петролиум” компаниясынын кожоюну Хабибула Абдулкадыр менен жолугушууну ал кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковго тапшырган.

Хабибула Абдулкадыр “Мегакомдон” тартып “Коопсуз шаар”, авиация, кен байлыктарга кызыккан…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс