Понедельник , 9-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / Иран Ислам Ресбуликасында 14-ноябрь “Китеп жана китеп окуу” күнү

Иран Ислам Ресбуликасында 14-ноябрь “Китеп жана китеп окуу” күнү

Иран Ислам Республикасында 1993-жылы 14-ноябрда “Китеп жана китеп окуу” күнү деп жарыяланган. Бул күн “Китеп көргөзмө аптасына” да дал келет. Иран Ислам Республикасындагы эң алгачкы “Китеп көргөзмө жумалыгы” Ислам революциясынын лидеринин жарлыгы менен 1993-жылдын 25-сентябрынан 1-октябрга чейин өткөн. Китеп жумалыгында мектептерде, мечиттерде, университеттерде жана мамлекеттин областтарында китеп жана китеп чыгарууга арналган мааракелер байма-бай өтүп турат.

Китеп жумалыгында китеп сүйүүчүлөр кандай программаларды күтүшөт?

2019-жыл, 14-ноябрь

Бул күнү “Жыйырма жетинчи китеп жумалыгы” өтүп, китеп тармагында жигердүү иш алып барган көптөгөн уюмдар, фонддор жана борборлор финансылык маселелер, китеп чыгаруу жана китеп окууну кызыктырып, аларды жакшыртуу максатында көптөгөн иш-чараларды өткөрүшөт. Ал эми Иран Ислам Республикасындагы Жыйырма жетинчи китеп жумалыгы “Китеп окуунун жагымдуу маанайы” атту ураан менен 14-нөн 30-ноябрга чейин Иран мамлекетинин бардык аймактарында өтүүдө. Анын расмий ачылышы 2019-жылы 13-ноябрда Язд шаарында  болуп, төмөндөгү бөлүмдөр менен коштолду:

13-ноябрь – “Китеп жана Ирандагы китеп борбор калаасы”

14-ноябрь – “Китепкана, аймактык маданий борбор”

15-ноябрь – “Китеп Пайгамбардын (С.А.В.) керемети”

16-ноябрь – “Китеп такыбалыгы, Китеп окууну өнүктүрүү”

17-ноябрь-  “Мектеп китеп өзөгү, китеп окууну сүйгөн окуучу”

18-ноябрь-  “Балакай, Китеп, Келечек”

19-ноябрь – “Китеп цивилизация булагы”

20-ноябрь – “Китеп, массалык маалымат караттары, интернет булагы”

21-ноябрь – “Китеп сатуу маданият уясы”

Аталган китеп жумалыгынын өтүшүнө 80ден ашуун ар кандай  уюм, коом жана мекемелер жигердүү катышышат жана эң алгачкы китеп жумалыгына караганда катышуучулардын саны 20 пайызга көбөйгөн. Андан тышкары Маданият радиосу Китеп үйү менен биргеликте ар күнү саат 17де Маданият министрлигинин өкүлдөрү менен жыйырма жети жолку китеп жумалыгын өткөрүүдөгү программалар, тажрыйбалар, кемчиликтер жана аны өткөрү саясаты жөнүндө сарэсеп салып, баян беришет.

Мамлекеттеги күздүк 20 пайыздык китеп арзандатуу

Күздүк китеп программасын өткөрүү, бул ал жөнүндө маалыматы бар калк колоого алгандагы бир маданий иш-чара. Бул иш-чаранын негизинде көптөгөн програмалар өтөт жана китеп түзүүчүлөргө көбүрөөк көңүл бурулган, жана китеп сатуучулардын суранычы менен бардык которулган, түзүлгөн китептерге 20 пайыз арзандатуу каралган. Андыктан сатып алуучулар коомдук, балдар жана жаштарга арналган китептерди Тегеран шаарында жана башка шаарларда, шаарчаларда улуттук код менен китептерди 20 пайыз арзан сатып ала алышат.

Мэрияларга караштуу 110 китепкананын 300 программасы

Жыйырма жетинчи китеп жана китеп окуу жумалыгында Тегеран шаарынын мэриясынын маданият жана көркөм өнөр уюму китепканага экскурсия, жаңы китептердин ачылышы, аларды изилдөө, сынга алуу сыяктуу жыйындарды, китеп көргөзмөсү, Алламе Табатабаиини эскерүү, маалымат тармагындагы адистердин съезди, эң алгачкы Кама улуттук фестивалы (мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн чыгарылган китептер), автобус китепканаларын жайылтуу (мобилдүү китепкана) сыяктуу ар кандай иш-чараларды Тегеран шаарынын бардык булуң бурчунда өткөрүү каралган.

Ашыкча китеп жыйноо боюнча улуттук программаны ишке ашыруу

Улуттук китепкана жана документациялоо коому – бул Китеп жумалыгында алыскы аймактар үчүн  китеп чогултуу жана аларды жеткирүү  жеткирүү менен иштеген дагы бир коом. Бул программаны “Мамлекеттеги алыс жайгашкан айылдарга китеп белек кылуу жолдорун издөө” аты жана “Китеп менен … болот” урааны менен Улуттук китепкана жана документациялоо коомуПрезиденттик аппараттын айылдарды өнүктүрүү бөлүмү жана да башка мамлекеттик коомдор,  ыктыярчылар менен биргеликте башталган.

Балдар жана жаштар адабиятын урматтоо

“Бир жазуучу, бир китеп, бар жомок” программалар жыйындысы да жыйырма жетинчи китеп жумалыгы менен катар Балдар жана жаштар адабияты жазуучулар союзу тарабынан өткөрүлөт. Андан тышкары балдар жана жаштар адабияты тармагындагы үзгүлтүксүзноватордук аркеттерге арналган кечелер, жолугушуулар өтөт. Китеп окууну жайылткандарга ыраазычылык билдирүү фестивалы, Илим билим министрлигинин жардамы менен өткөн 50 миң мектепте 50 миң китеп көргөзмөсү, 500 миң окуучу катышкан “Билим жана жөндөм” жарышын өткөрүү, 400 эң мыктыларды тандоо сыяктуу иш-чаралар 15-ноябрда Улуттук китепкана жана документациялоо коомунда  өтөт. Азыркы тапта аталган фестивалга 580 эмгек жөнөтүлгөн жана алардын ичинен тандалган 14 эмгек жана мыкты 100 эмгекке сыйлык берилмекчи.

Балдар жана жаштар адабияты жазуучулар союзу Китеп жумалыгы менен бирге Тегеран шаарынан тышкаркы бардык областтарда окуган окуучулар менен жолугушуп, баарлашат. Бул аптада 2019-жылдын мыкты басмаканаларынын “Шафахи тарыхы” атту китептин экинчи томунун ачылыш болоору каралган. Андан тышкары Котормочулар ассоциациясы тарабынан “Мени сүйүктүү котормочум” аттуу улуттук майрам өткөрүү каралган.

Иран эли канчалык деңгээлде китеп окуйт?

Иран калкынын дээрлик көпчүлүк бөлүгү, өзгөчө жаштар сабаттуу. Иранда китеп окуу киши башына карата бир күндө 15 мүнөттү түзөт. Албетте бул жакка социалдык түйүн, инстаграм, телеграмдан окулган маалыматтарды китеп окуу деп эсептебейбиз. Албетте жогоруда айтылган маалымат статистика чыгарууда колдонулбайт, анын ордуна бир күндө окулган китептердин же андагы окулган барактардын санына жараша киши башына канчалык китеп окууларынын жыйынтыгы чыгуусу зарыл. Эгерде, белгилүү коом тарабынан берилген мамлекеттердеги китеп окуу рейтингине таянсак, андагы жалпы жадыбалдарда көрсөтүлгөн интекс рейтинги факторлор менен дал келбейт. Андыктан, ар кандай баа берүүлөр жада калса университеттердеги, коомдук, мектептердеги  китепканалардын саны, бардык китепканалардагы китептердин саны, окуу жылдардын статистикасы, конференцияларга катышуу, газета, журнал,  комьютерлерди колдонуу сыяктуулар да мамлекеттеги изилдөө жана китеп окуу деңгээлин чыгарууда кошулуп эсептелет.

Дүйнө жүзүндөгү китеп окуу (киши башына карата)

Китеп окуу Индияда: Индия эли ар жумада орто эсеп менен 10 саат 42 мүнөт китеп окууга убакыт бөлүшөт. Бул мамлекет эгемендүүлүк алгандан кийин 1947-жылдан баштап китеп окуу, китепке болгон кызыгуу 6 эсеге жогорулаган. Индия эли адабий китептерди же болбосо башка китептерди, газета, жкрналдарды окушат.

Тайланддагы китеп окуу: Тайландыктар орто эсеп менен бир жумада 9 саат 24 мүнөт китеп окушат. Изилдөөлөрдүн негизинде болжол менен 88 пайыз Тайланд эли басылып чыккан китептерди окушат жана бир күндө 28 мүнөт убактысын китеп окууга сарпташат. Албетте статистика көрсөткөндөй, тайландыктар китептерди көбүнчө онлайн түрүндө окушат.

Кытайдагы китеп окуу:

Кытай мамлекети 8 саат китеп окуу мененүчүнчү орунда турушат. Бул мамлектетте сабаттуулук 96.4 пайызга жетет. Кытайдын тургундары күнүнө 11 мүнөт китеп, гезит, журнал окууга сарпташат.

Статистике ылайык, ар кандай мамлекеттердеги окуу деңгээл (саатына) төмөнкүдөй тартипте.

1–орунда Индия, 2-орунда Тайланд, 3-орунда Кытай, 4-орунда Филипин, 5-орунда Египет, 6-орунда Чехия, 7-орунда Швеция,8-орунда Франция,9-орунда Венгрия, 10 – орундаСауд Аравиясы,11-орунда Гонконг,12-орунда Польша,13-орунда Венесуэла,14-орунда Түштүк Африка,15-орунда Австралия,16-орунда Индонезия 17-орунда Аргентина, 18-орунда Испания,19-орунда Канада 20-орунда Германия,21 – орундаАКШ,22 -орунда Италия, 23–орунда Мексика, 24–орунда Улуу Британия, 25–орунда  Бразилия 26–орунда Тайвань, 27- орунда Япония, 28–орунда Түштүк Корея.

Ал эми Кыргыз Республикасында да 22-ноябрда китеп күнү белгиленип, Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы тарабынан Кыргызстан менен достук мамиледе болгон элчиликтер, ар кандай уюмдар, коомдор жана басылмалар менен биргеликте орусча “Библионочь” китеп күнү,китеп сүйүүчүлөр үчүн абдан чоң масштабда өтүүдө. Аталган иш чара 2019-жылдын 22-ноябрынан 29-ноябрга чейин уланып, кыргыз жергесиндеги китеп сүйүүчүлөр кызыктуу китептер, чет  мамлекетерде ар кандай тармактарда чыгарылган китептери менен, алардын адабияты, маданият менен жакыныраак таанышууга мүмкүнчүлүк жаралмакчы.  Андыктан бардык кыргызстандыктарды жогоруда аталган иш-чарага катышып, көптөгөн маалымат алып, эс алып кетүүнүздөрду чакырабыз.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс