Четверг , 12-Декабрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Жер саткан айыл өкмөтүнөн жабыркаган кара-суулуктардан президентке кайрылуу!

Жер саткан айыл өкмөтүнөн жабыркаган кара-суулуктардан президентке кайрылуу!

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АРЫЗ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүү 2006-жылдан бери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы, андан кийин башчысы болгон Шарабидин Капаров үчүн кирешелүү бизнеске айланды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жер тилке үчүн пара төлөй алышпайт, ошондуктан Ш. Капаровдун кошелёкторуна паспортторун алдың 5 миң сомдон, азыркы учурда 10 миң сомдон сатууга мажбур болуп жатышат. Ошол паспортторго жер тилкелерге документ жасалып, жарандардын жер берүү үчүн арызында, АПЗда, Кызыл китепте кол тамгаларын жасалмалашат да, колунда бар адамдарга жер тилкелерди сатып жатышат.

Ошол паспортторго Ш. Капаров коомдук угууларды өткөрбөстөн, кезектүүлүк тартибин одоно бузуп, токтомдорду чыгарып, жер тилкелерди ажыратып берет, кошелектору аркылуу ошол жер тилкелерди өтө кымбат баада сатып жатат. Ошол эле учурда айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз жер ажыратып жаткандыгы үчүн, Ш. Капаров кылмыш жоопкерчиликтен качып, өзүнүн орун басарлары болгон Ш. Сайфитдиновко, М. Маккамбаевке, алардын укуктук полномочиесине кирбеген функцияны мыйзамсыз аткарттырып, жер тилке ажыратуу жөнүндөгү токтомдорго мажбурлап  кол койдурат.

Ш. Капаров кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында, 2010-жылдан баштап азыркы күнгө чейин мыйзамсыз токтомдорго, буйруктарга, документтерге өзүнүн орун басарларына кол койдуруп жатат, өзү кол койбойт. КРнын мыйзамдары боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчысы чыккан токтомдордун, буйруктардын, документтердин мыйзамдуулугуна жеке өзү жооп берет. Айыл өкмөтүнүн башчысы өзү иштеп жаткан убакытта токтомдорго, документтерге башчы жеке өзү кол тамгасын коюшу керек. Башчынын орун басарлары токтомдорго, буйруктарга, документтерге башчынын ордуна кол коюшу мыйзам боюнча бир гана убакытта мүмкүн, эгерде башчы эс алууда, ооруканада жатса, командировкада болсо. Ошондо дагы башчынын токтом, буйрук, документтерге кол тамгасын коюу милдети атайын буйрук менен орун басарына жүктөлүшү керек. 2013-2019-жылдары мыйзамсыз жер тилкелерди ажыратуу жөнүндөгү миңдеген токтомдорго, Кызыл китептерге Ш. Капаровдун орун басарларын укуктук полномочиесине кирбесе да Ш. Капаров өзүнүн ордуна кол койдуртуп, коррупциялык схемаларды колдоп, мыйзамсыз жер бизнесин жүргүзгөн. Ш. Капаров өзүнүн ордуна орун басарларына кол тамгасын койдуртуп, жер тилкелерди муниципалдык менчикке өткөрүп, ортомчу-кошелёкторуна жеке менчикке арзан баада сатып, андан кийин ал жер тилкелерди жүз барабар кымбат баада сатып, ортодогу айырмасын сол чөнтөгүнө салып жатат.

 

Мисал үчүн, алдыңкы катардагы 5-6 сотых жер тилкелерди 12 миң доллардан, акыркы катардагы жер тилкелерди 8 миң үч жүз доллардан сатканы жөнүндө маалыматтар Ютубда бар. Мыйзамсыз байыган Ш. Капаров жана анын кошёлектору мамлекетке канча салык, соцфонд төлөмдөрүн төгүшкөн? Президент тарабынан ачылган коррупционерлер менен күрөшүү фондуна канча акча которушкан?

 

Андан сырткары, Ш. Капаров, озунун ордуна орун басарына колун койдуртуп, мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген. Ш. Капаровдун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, өзүнүн ордуна орун басарлары кол койгон жерди ажыратуу жөнүндөгү миңдеген токтомдору, Кызыл Китептери, курулушка уруксат берген документтери, муниципалдык менчикти жеке менчикке өткөрүү жөнүндөгү буйруктары жана башка маанилүү документтери мыйзамсыз жана алар мыйзам чегинде жокко чыгарылып, Ш. Капаров мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толдтурушу керек.

 

Президент С.Ш. Жээнбеков: “Системалык коррупция менен күрөшүү жана алдын алуу максатында укук коргоо органдарына коом да жардам бериши керек, мага факт бериңиз, коррупционерлерди камайм” – деген. Ошондуктан биз Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаровдун көптөгөн коррупциялык схемалары жөнүндө Сизге арыз менен кайрылганбыз. Бирок Ош облусунун укук коргоо органдары мыйзамсыз токтом, буйруктарга, документтерге Ш. Капаровдун ордуна анын орун басарлары кол койгон, Ш. Капаровдун айыбы жок экен деп, кылмыш иштерин кыскартып жатышат. Ошол эле убакытта мыйзамсыз токтом, буйруктарга кол койгон Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарлары, ал мыйзамсыз токтом, буйруктарды даярдаган жер адистери, жоопту кызматкерлер, ошол мыйзамсыз токтомдорго өзүнүн орун басарларын мыйзамсыз кол койдурган Ш. Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартпай жатышат.

Жогоркулардын негизинде Сизден тийиштүү органдарга тапшырма берүүңүздү суранабыз:

 

1) Укуктук полномочиесине кирбеген мыйзамсыз токтом, буйруктарга кол койгон Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарларын, ал мыйзамсыз токтом, буйруктарды даярдаган жер адистерин, жооптуу кызматкерлерди, ошол мыйзамсыз токтомдорго өзүнүн орун басарларына кол койдурган Ш.Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууңузду.

 

2) 2013-2019-жылдар аралыгында Ш. Капаровдун ордуна орун басарлары кол койгон жер ажыратуу жөнүндөгү миңдеген токтомдору, Кызыл Китептери, курулушка уруксат берген документтери, муниципалдык менчикти өтө арзан баада баалатып, жеке менчикке өткөрүү жөнүндөгү буйруктары жана башка маанилүү документтери мыйзамсыз жана алар мыйзам чегинде жокко чыгарылып, Капаров мамлекетке келтирген материалдык зыяндын ордун толтуруп жана мыйзамсыз байып, тапкан акчаларын коррупционерлер менен күрөшүү фондуна которсун.

 

3) Тергөө мезгилинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаровду иштен убактылуу четтетип турууңузду.

 

4) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу айылдарынан жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилген жер тилкелерин 2013-2019-жылдары жарандардын тизмесин, муниципалдык менчикти ижарага жана жеке менчикке берилген имарат, жер тилкелерди жана башка муниципалдык мүлктү 2010-2019-жылдары алган жарандардын тизмесин, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2017-2019-жылдары социалдык жардам алган жарандардын тизмесин биздин катышуубуз менен текшерип, толук жана так маалыматты берүүңүздү.

 

5) 85 гектар жерди калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) жөнүндө КР Өкмөтү тарабынан чечим кабыл алууну убактылуу токтотуп берүүнүздү.

 

6) КР Президенти С.Ш. Жээнбеков жеке кабыл алуусун суранабыз.

 

Коррупционердин курмандары                                     О. Д. Токторалиева,

                                                                                                      Г.М. Мирзакаримова,

11-ноябрь 2019- жыл.

 

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Ш. Капаровду күнөөлүү деп эсептөөңүздү суранабыз, себеби бизди бир нече жолу анын баласы өлтүрөбүз деп коркуткан.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс