Понедельник , 9-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / Эртең Бишкекте Иран искусствосунун жана адабиятынын көргөзмөсү болот

Эртең Бишкекте Иран искусствосунун жана адабиятынын көргөзмөсү болот

Категория: Маданият – Published: 21/11 – 18:17

Бишкек, 21-ноябрь, 2019-жыл. /Ca-IrNews.com – Эмилбек Момунов/. Эртең, 22-ноябрда Кыргызстандын борборунда Иран Ислам Республикасынын искусство жана адабият чыгармаларына арналган көргөзмө өткөрүлөт.

Аталган иш чара Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада саат 14:00дө башталарын Ирандын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктөн билдиришти.

Ошондой эле көргөзмөдө Ирандын адабиятынан тышкары тарыхы, искууствосу тууралуу жазылган перс, орус жана кыргыз тилдериндеги китептер да сунушталмакчы. Мындан тышкары иран элинин колдо жасалган уз буюмдары, килемдери тартууланып, “Шахнаме” дастанынан жандуу театралдаштырылган оюн көрсөтүлөт жана иран музыкасы уктурулат.

Каалоочулардын баардыгына эшик ачык.

http://www.ca-irnews.com/kg/society-kg/culture-kg/77266-%D1%8D%D1%80%D1%82%D0%B5%D2%A3-%D0%B1%D0%B8%D1%88%D0%

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс