Четверг , 12-Декабрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Активисттерби же мансапкорлорбу? Же кесипкөй болбой туруп, майлуу кызматка кантип жетүү керек?

Активисттерби же мансапкорлорбу? Же кесипкөй болбой туруп, майлуу кызматка кантип жетүү керек?

Биздин өлкөдө активист деген жаңы кесип пайда болду. Совет доорунда активисттер деп окууда, эмгекте мыкты ийгиликтерге жетишкендерди аташчу. Бүгүнкү күндөгү активисттер эми таптакыр башка, булар эл көзүнө патриот болумуш этип, кандайдыр бир көйгөйлөрдү көтөрүп, кыйкырымыш эткени менен адамдык маңызы абийир менен сыйдан, намыстан куржалак, айтор, кадыресе адамкерчилик сапаттардан алыс, жалаң кара башынын камы менен жашаган, мансап менен акча гана көксөгөн, кыргыз айткандай, ичинде ит өлгөн пенделер.

Маселен, мамлекеттик кызматка баргың келеби же ири саясатчы болууну каалайсыңбы, анын жолу опоңой – эптеп алган бир билимиң, анан ойду –тоону ылгабай урдуруп, ажылдаган тилиң болсо болду, дароо активист болуп чыга кел. Сайдын ташындай жайнаган коомдук уюмдардын бирине кире кал да, элдин баарын оңду-солду сындай бер, алтургай, кайсы бир ири аткаминерди же саясатчыны коколоп опузалачу болсоң, аныңдан да бир майнап чыгып калаар. Анткени бизде арты булганган саясатчылар менен үлкөн аткаминерлер четтен табылат эмеспи. Каалаганыңды бутага ал да, чукуп жатып кал. Байлыгын чуку, балан жерде түкүн мыйзамды бузгансың деп чуку. Иши кылып же максатыңа жетесиң же жоругуң үчүн жооп тартып, кесилип тынасың. Өкчөгөн чүкөң чик же бөк түшөбү, ал жагын бактыңдан көр. Бүгүнкү активистмин дегендердин токсон тогуз пайызы дал ушундай шыпыр адамдар.

Кеп куру болбосун үчүн учурда элге «төбөсү көрүнгөн» айрым активисттер туурасында азыноолак сөз кыла кетели. Айрымдары азырынча жолдуу болсо, айрымдары темир тор артына кетип калышы да толук ыктымал. Жогоруда чүкөнү мисалга тартып, бул «кесиптин» оңу менен опурталын айтып өтпөдүкпү. Эмесе, тизмектей берели.

Мавлян Аскарбеков деген жигит бар. Өзү жаш болгону менен дымагы кыйла. Алган билими – Бишкектеги Америка университетинин (АУЦА) саясый менеджмент факультетин аяктаган. Таржымалын айта келсең дептердин бир барагы да толбой калса керек: 2003 – 2013 – жылдар аралыгында ар кайсы коммерциялык ишканаларда иштеген, алтургай, 2010-жылы КР президентинин аппаратына караштуу аты чубалган бир топтун мүчөсү да болуптур. Анда мүчө катары этникалык саясат жана коомду бириктирүү Концепциясын иштеп чыкканга катышкан жери бар. Кызыгы, мындай программа туурасында уккан да, билген да киши жок.

2012-жылы «Эркин Эл» деп аталган аты-жыты жок бир партияга төрага болуп, «Жаңы муун» аттуу саясый кыймылга мүчө да болгон. Мына ушул жылдары ар кандай нараазычылык акцияларына активдүү катышкан. Туш келгендин баарына эле: Бажы биримдиги болобу, чиновниктерге, саясатчыларга, Бишкек арак-ликер заводун сатууга ж.б. көп нерселерге «каршы» чыгып жүргөн. Айтор, жалаң эле «каршы», бир жолу да жакшы бир нерсени колдоп чыккан эмес. Каршы чыгаарын чыккан, бирок көйгөйдү чечүүнүн жолун бир да жолу сунуштап, же жаңы демилге көтөргөн эмес. Мурдакы президенттин саясатын, өкмөттү, мэрияны, шаар кеңешин жана башкаларды сындап жүрүп аша чаап кеткендиктен, бийликти басып алууга элди чакырган деген күнөөгө чалынып, соттолгон да жери бар. Жаңы президент бийликке келген соң, мурдакы режимди сындап келген оппозициячы активист катары соттон акталып, Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары кызматына дайындалган. Райондун акимчилигинде жетекчи катары Аскарбековдун эмне иштерди кыйратып атканын билбейбиз, бирок орунга жетери менен баягыдай митингге чыкмай, бийликке сын айтмайын дароо токтоткон. Кыязы, эңсегенине жетип, акыры жаны тынды көрүнөт.

Ушундай эле активисттердин дагы бири Калича Өмүралиева аттуу айым. «Биздин укук» деп дымактуу аталган коомдук фондусу бар болчу. Чынында бул кишини жакшы биле бербеген көпчүлүк аны эл кызыкчылыгын ойлогон, нукура патриот деши мүмкүн. Анткени бул айым ар кайсы чоңдун эшигин тытып, теледен, гезиттен түшпөй, чуулгандуу иштер боюнча тынымсыз пикирин айтып, бийликти сындап келген. Ошентип жүрүп, алганы «ак» болуп, мэриядагы жылуу кызматка дайындалаары менен жаагы жап болду да калды. Угушубузга караганда, бул айым ыраазы болсун, же биротоло лам деп ооз ачкыс болсун дешкенби, мэрия да майдаланып отурбай, килейген департамент да түзүп берген.

Анткени Калича айымдын ооматы шаар башчылыгына так ушул Азиз Суракматовдун келиши менен көкөлөдү. Анткени кырсык басып, жаңы шайланган мэр Суракматов курулуш магнаты болуп чыкпаспы, демек мындай адам мэрдин кызматын ээлегенге укугу жок экенин жакшы билген активист айым дароо эле аны чуулдатып сындап чыкты. Шаар башчынын «Елизавета» деп аталган курулуш компаниясы бар экен, түз эле ошого атырылды, былыгы менен чылыгын кайра-кайра чукуп жатып калды. Суракматовуң да акылы ашып ташкан оңой эр экен, ажаан айым менен ажылдашып отургандан майнап чыкпасына көзү жетсе керек, ме деди да, мэриянын «Шаар парктары» деген муниципалдык ишканасына жетекчи кылып отургузуп койду. Ошону менен оппозициячы активист айымдын оозу жабылды да калды. Эми жел таман «ишмердүүлүгүнүн»  акыбети кайтып, элдин эсебинен туруктуу айлык алып, туруктуу жылуу-жумшак кызматында чалкалап отурганы. Бул ишкананын эмне менен алектенерин, кандай иш аткарып жатканын эл билбейт, кыязы, атына караганда шаардагы парктардын кожоюну болушу керек. Ал эми биздеги парктардын абалы мышык ыйлаарлык экени белгилүү. Калича айым келгенге чейин кандай болсо, таз кейпи ошол эле бойдон. Баса, парк башчы маселени жыргатып деле чечпейт экен, парктарды ижарага алып иштетип аткандар кайсы көйгөй менен эшигин каккылап келбесин, Өмүралиева дароо эле Суракматовго чуркап барат дешет. Эрдик кылсаң сүрө кыл деген тейде шаар башчы да анын көөнүн калтырбай, эмнегедир кечээ эле өзүн жерден алып көргө уруп, мэр кызматына ыраа көрбөй жүргөн адамдын дайыма таламын талашып турат имиш. Айтор, кыргыздын «торпок кезинде сүзүп койгон» деген накылы ушул экөөнүн мамилесине куп жарашып турат. Суракматов эмне кылсын анан.

Мынчалык болду, тизмени дагы бир активист Мелис Какешев –Аспеков.

Бул адам активисттик «кесиптин» өйдөдөгү тиги экөөндөй жыргалын көрбөй, кууралына айланганы турат. Чиновниктин же депутаттын мартабасы балант кабинети эмес, башка сызыраак, салкын жай күтүп турат шекилди. Чик же бөк дегенибиз ушу. Бул да Мавлян Аскарбековдун кесиптеши, экөө тең «Жаңы муундун» жигиттери. Андан айырмасы – бутага алганы жалаң чоң чиновниктер. Буга чейин Бабановго, Мадумаровко, Равшан Жээнбековго ж.б. каршы чыгып келген. Алардын корголуна да куурай сая албады окшойт, бекер жүрбөй, эми кадимки эле таанымал ишкер, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековго «сайылып» атканы. Чыныкени Бишкектеги арак-ликер зоотун ит бекер сатып алган, жоопко тартуу керек деп бакырып атканы. Бул кызык иш, аны кези келгенде дагы кеп кылабыз.

Бул активисттин таржымалы кандай болду экен, эл көзүнө көрүнгөн кандай жакшы иштерди аткарган деп кызыгып, анын буга чейинки басып өткөн жолуна үңүлдүк. Туй ата, негизи бул жигит туурасында кайран сөздү коротуп, кеп кылып отуруунун да кереги жок экен. Бирок айта кетпесек болбос. Мунун да кандай активист экенин эл билсин.

Кыргыз эки фамилияны алып жүрчү эмес эле, Какешев-Аспеков дегендин да көрсө, өзүнчө «тарыхы» бар экен. Кайсы бир шордуу таксистке  кол салып, соттолуп чыгыптыр, анан бир топ шектүү иштерге чалдыккан жайы да бар болуп чыкты, тактап көрсөк, акча алып кайтарып бербей койгон, бирөөдөн алган машинесин өзүнө каттатып туруп ломбардка койгон, чоң компанияларга, мамлекеттик органдарга ишке киргизем деп бирөөлөрдүн акчасын алган ж.б. деген мандемдүү маалыматтар атына илешип жүрөт.

Анан мыйзам мындайдын маңдайынан сыламак беле, ачылган кылмыш иштеринен кийин фамилиясын Аспеков деп өзгөртүп, ушул тапта парламентке депутат болушум керек деп умтулуп аткан чагы. Ушундай депутаттарга күнүбүз калса, анда ахыбалыбыз чынында эле чатак окшойт.

Тизмени Марат Жуманазаров деген эл жакшы бил бербеген активисттин ысмы менен улантып, ошону менен бүгүнкү кепти тамамдайлы. Элибиз «каармандарын» жүзүнөн гана тааныбай, адамдык ички дүйнөсүн да көрсө дейбиз.

Бул жигит да өзүн элге күйгөн адам катары көрсөтүп, ар кайсы талуу маселелер боюнча оюн айтып келет. Айта берсин, каршылык жок. Бирок тилде сөөк жок дегендей, аңды-дөңдү карабай, чамынып кетмейи бар. Бул активист майдаланып отурбай, түз эле 1991 –жылдан 2019 –жылга чейинки саясатчыларды мекен чыккынчылары катары соттош керек деп чыкты. Бирок адамдарга чыккынчы деген оор айыпты тага турган кайдагы бир активист аты бар Жуманазаровбу? Айтымында 250-300 саясатчыга доо арыздарды сотко даярдап жаткан имиш. Ошол эле биз жогоруда атын атаган Ч. Турсунбеков да анын оюнда мекен чыккынчысы, саясый шылуун имиш, чыныгы ишкерлерди, чыныгы саясатчыларды жок кылгандардын бири имиш. Булардын баарына сот процесстери аркылуу абдан терең люстрация жүргүзөбүз дейт. 9 жылдан бери ушуга араң жеттик дейт. Эмне дейбиз же күлөөрүңдү билбейсиң, же сөгөөрүңдү билбейсиң, бул да болсо биздеги жапайы демократиянын жемиши.

Азиз окурман, биз тизмектеп өткөн адамдар элге, коомго бир тыйын пайдасы жок, жалаң ач кыйкырык куу сүрөн менен жанын баккан, эптеп кызматка, бийликке жетсек деген пенделер экенин көрдүңүз. Дагы айтсак, дагы чыгат. Ток этер жери, бул ысымдарды коомчулук, эл билиши керек. Анткениэл, коомчулук кимдин ким экенин, кокус бийликке келип калса, мындайлардан эмне күтсө болорун жакшылап түшүнүп алса дейбиз.

А. Белеков.

Р.S. Эгер бул макаланын каармандары өз ойлорун айтууну кааласа, редакция алардын да пикирине орун берүүгө даяр.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс