Четверг , 12-Декабрь 2019
Башкы бет / Дүйнө / Түркия Сириянын Расулайн  шаарындагы оорукананы калыбына келтирди

Түркия Сириянын Расулайн  шаарындагы оорукананы калыбына келтирди

Шаардык оорукана биринчи этапта 12 орундук менен жабдылды.

“Тынчтык булагы” операциясынын алкагында террорчулардан бошотулган Сириянын Расулайн шаарында Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин аракети менен калыбына келтирилген оорукана пайдаланууга берилди.

YPG/PKKнын жоочулары кетер алдында медициналык мекеменин имаратын өрттөп, мина коюп, баардык жабдыктарды алып кетишкен.

Террорчулар жер төлө аркылуу чыгып кетүүчү туннелден ооруканага киришкен.

Түрк тараптын аракети менен өтө кыска аралыкта төрөт, тез жардам жана балдар бейтапканасы бөлүмдөрү калыбына келтирилген.

Түркиянын Шанлыурфа провинциясынын Саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Эмре Эркюш Расулайндагы оорукана бейтаптарды сутка боюу тейлей тургандыгын билдирди.

«Алгачкы этапта оорукана 12 орундук менен жабдылды. Рентген кабинети, томография, лаборатория бөлүмдөрү ачылып, аптека иштей баштады. Дары-дармектер бекер берилүүдө»,- деди Эркюш.

Анын айтуусунда, мындан ары ооруулуулар жата турган орундукту 200гө чейин жеткирүү пландаштырылууда.

«Тынчтык булагы» операциясы

«Тынчтык булагы» операциясы 2019-жылы 9-октябрда түрк армиясы жана Сириянын улуттук оппозициясынын отряддарынын катышуусунда Түркиянын түштүк аймагындагы террордук коркунучту жок кылуу жана Сирияда миллиондогон качкындар ыктыярдуу түрдө кайтып келе турган коопсуз аймакты түзүү максатында башталган.

Кыска аралыкта YPGнын жоочуларынан (РККнын сириялык канаты) Евфрат дарыясынын чыгышындагы төрт миң квадрат километр аймагы бошотулуп, ондогон калк жашоочу пункттарда, анын ичинде ири Расулайн жана Талль-Абьяд шаарларында көзөмөл орнотулган.

17-октябрда АКШ жана Түркия Анкарадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында террорчуларга коопсуз аймактан 30 километр аралыкка чыгып кетүүсүнө мүмүкүнчүлүк берүү үчүн операцияны 120 саатка токтотуу тууралуу келишим түзүшкөн.

22-октябрда Россия жана Түркиянын  президенттери Сочиде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда Сириянын түндүк-чыгышында жаңы таасир этүүчү аймакты бекитишкен.

Түрк армиясы жана анын союздаштары ээлеген райондордогу статус-кво  сакталып калган.

Террорчулар отрядын  Түркиянын чек арасынан чыгарып кетүүсү үчүн  дагы 150 саат берилген.

Россия жана Түркия сирия-түркия чек арасында биргелешкен кайтаруу жүргүзүүнү башташкан.

Ал эми  президент Реджеп Тайип Эрдоган “Тынчтык булагы” операциясынын аймагы түркиялык чек арага жаңыдан коркунуч жаралган учурда кеңейе тургандыгын жокко чыгарган жок.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс