Четверг , 12-Декабрь 2019

Жами

Жами аты менен белгилүү болгон Нуриддин Абдуррахман ибн Ахмад ибн Мухаммад Иран жергесинен чыккан атактуу акын, мистик, суфий шейхи, дин таануучу, философ (793-жылы 24-Абан айында Харгерд шаарында төрөлгөн (871-жылдын 27-абан айында Гератта дүйнөдөн кайткан).  Ал фарсы тилиндеги классикалык позиянын акыркы акындарынан болуп саналат.

Атасынын укум тукуму ислам жылнамасы менен  II-кылымдагы Мухаммад ибн Хасан Шибаниден  бери белгилүү.

Анын бала чагы жана алгачкы билим алуусу ошол замандагы Гераттан  калган Жамдагы Харгерд шаарында атасынын кашында  өткөн. Болжол менен 13 жашында ал атасы менен Гератка барып ошол жакта отурукташып калган. Ал жерде өз убактысын илим-билимге арнап, жашоосунун көбүнчө бөлүгүн ошол жакта окууга баш оту менен кызыгып өткөзгөн жана ал жер ошол замандан тарта Жами аталып, белгилүү болгон. Ал алгачкы ырын псевдоним аты менен жазып, кийинчерээк өзү Жам шаарында төрөлгөндүктөн, Шейх Ахма Жаминин урматына лакап атын Жами деп атаган.  Жаминин үй бүлөсү Герат шарында отурукташып калгандыгына байланыштуу, ал перс жана араб адабиятындагы баштапкы билимин атасынан үйрөнгөн.  Андан соң,  ал ошол замандагы эң мыкты жана белгилүү илимий борборлордун бири болгон Низамие медрессесинен билим алып баштаган жана ошол доордогу грамматика, синтаксис, диалектика, философия, математика, фикх, хадис, укук, кыраат, тафсир сыяктуу жалпы илимдерди терең үйрөнүп, белгилүү устаттар Кожо Али Самарканди менен Мухаммад Жажермилерден билим алган. Ал так ошол доордо суфизм менен таанышып, ага кызыгуусу арта баштаган. Ошентип ал Сейиддин Мухаммад Кашгаринин окуучуларынын катарына кошулуп нагшбандия агымы боюнча руханий билимин жогорулаткан. Ал устатынын көзү өткөн соң 1455-жылы Накшбандия тарикатынын халифи болуп дайындалган. Андан бир нече жыл өтпөй Жами Самарканддын жолун улап, илимдин таасы жана досу Улугбек Мухаммад Тарагайдын жардамы менен өзү эмгектенген жерди даанышмандар жана окуучулардын борборуна айланткан. Нуриддин Жами Самаркандда жүргөндө да өзүнүн билими менен устаттарынын көңүлүн өзүнө бурган.  Жаштайынан эле ыр жазып баштаган Жаминин ыр жазууга болгон шыгы күчөп, өзүнүн  жогорку диний, суфий жана мистикалык билими менен эл арасында бат эле таанылып, атагы дүңгүрөп далайга тараган. Ал абдан жөнөкөй жашагандыгына карабай абдан белгилүү, сый урматка татыктуу болгон жана эч убакта өзүнүн билими жана кудурети жөнүндө ооз ачкан эмес, падышалар, эмирлер ага урмат көрсөтүшүп, өздөрүн анын окуучусу жана шакирти деп билишкен.  Улугбектин орун басары Султан Байкара жана анын эмири Алишер Навои өмүрүнүн акырына чейин аны урматтап, ага сый көрсөтүшкөн. Жада калса Осмон империясынын падышасы Узун Хасан Куюнлу менен Египетеги Хижаз өкмөтүнүн падышалары да аны барктап, баалашкан.

Диний ишеними

Нагшибандия тарикатынын негизинде жана Жаминин жазып калтырган кол жазмалары анын исламдагы сунни жана  ханафи агымынан экени айтпаса да айкын. Баардык суннилер сөзгө чебер, акындык талантка ээ болгондуктан  Жаминин да акындык шыгы бар болгон, бирок  кээ бирлери аны шиит деп эсептешсе кээ бирлери ашария жана шафиит мазхабын карманган деп билишкет.

Жами китептеринин биринде Улуу Пайгамбар жөнүндө хадистерди изилдеп чыгып, которуп андан соң азирети халифтерди жана  алардан кийин гана он эки имамды жазган.

Жамиинин фарсы жана араб тилдеринде жазган ондогон китептери, макалалары, эмгектери биздин муунга эстелике калган.

Жами өзүнүн чыгармаларын эки чоң жыйнакка бөлгөн

  1. Газель, Касыда жана рубаилер сыяктуу үчилтик дивандары

Жами газалдары менен касыдаларын иран жылнамасы менен 884-жылдарда  жазган. Жаминин касыдалары Ислам Пайгамбарын мактап, дин, адеп-ахлак жана ирфан жөнүндө жазылган. Андан тышкары, ал султандарды  мактоо же аларга карай аза ыры, замандаш даанышмандар жөнүндө да өз касыдаларында калтырган. Анын газалдары жети бейттен ашкан эмес жана алардын көбү ашыктык же мистикалык болгон.

Жаминин ирфан маселелеринин негизин, суфийлердин акыйкаттыгына карата же назик махабат жөнүндө  поэтикалык үзүндүлөр жана рубаяттар да калган.

Анын биздин күнгө чейин сакталып калган “Диване би Нагат” атту жыйнагында колдонулган сөздөрдө бир да тыныш белгиси колдонулган эмес.

Андан тышкары, анын “Жети уранг” аттуу чыгармасы Маснави түрүндө жазылып жети китептен турат.

Анын алгачкы маснависи Хадит аль-Хагигат Санайинин стилинде иран жылнамасы менен 887-жылы жазылган. Бул маснави ирфан көз карашы менен шарият, тарикат, сүйүү, пайгамбарчылык жөнүндө чыгарылган.

Ал эми анын экинчи маснависи “Султан Түркман Якуб Ак Коюнлу” деген ат менен 885-жылы жазылган. Бул чыгармада алгач Насир ад Дин Туси жазган “Саламан жана Абсал” жөнүндө икаяны Жами фарсы стилине  салып кайрадан жараткан.

Анын  “Сырлар кенчи” аттуу үчүнчү маснависи  Жаминин эң алгачкы таалим-тарбиялык мазмунда камтыган чыгармасы. Бул чыгармада ал жаралуу, ислам, намаз, зекет, хаж, өлүм, суфизм, ашыктык жана акындык жөнүндө ишара кылган  жана чыгарманын акырында жазуучу өзүнүн уулу Зия ад Дин Юсуф тууралуу жазып, өзүнүн бала чагын да эскерген.

Ал эми анын “Аалымдарга урмат” атту төртүнчү Маснависи иран жылнамасы менен 887-жылы жазылылып, таалим-тарбия, ахлак, ирфан, зекет, мусаапырчылык, жакырчылык, сабырдуулук, боорукердик, коркунуч, үмүт, ырахат, сүйүү жана махабат темаларын камтыйт.

Бешинчи маснависи “Зулайка менен Жусуп” аты менен сүйүү темасына арналган. Бут китепте Жами Ыйык Курандагы Юсуф сүрөөсүн жана анын аяттарынан кошуп жазган. Бул китеп иран жылнамасы менен 888-жылы жазылган.

“Лейли менен Мажнун” анын алтынчы ашыктык маснависи көлөмү жагынан Низами мене Амир Хосроунун чыгармаларынан кем калбайт.

“Искендердин акыл насаат китеби” анын жетинчи таалим тарбия маснависи болуп саналат. Аталган чыгармадан ал грек окумуштуулары Сократ,   Платон, Аристотель, Баккар, Пифагор и Искендер жөнүндө сөз кылган.

Бахарстан (Жазстан) Жамиден калган дагы бир чыгарма.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс