Четверг , 12-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Перс тилин окуткан мугалимдерге сертификаттар тапшырылды

Перс тилин окуткан мугалимдерге сертификаттар тапшырылды

Категория: Билим берүү – Published: 16/11 – 17:31

Бишкек, 16-ноябрь, 2019-жыл. /Ca-IrNews.com – Эмилбек Момунов/. Бүгүн, 16-ноябрда К. Баялинов атындагы республикалык жаштар жана өспүрүмдөр китепканасынын “Фирдоуси” атындагы залында перс тилин окуткан мугалимдерге сертификаттар тапшрылды.

Аталган иш чара ушул жума Бишкекте өткөрүлгөн Иран маданиятынын жана адабиятынын жумалыгынын алкагында болду. Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте перс тилин окуткан бир нече мектептер менен жогорку окуу жайларда жергиликтүү мугалимдер бул предметти окуучулар менен студенттерге окутушат.

Алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн Иран Ислам Республикасынан Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктүн уюштуруусу менен атайын Ирандан профессор, “Саади” атындагы фонддун директорунун орун басары Реза  Мурат Сахраи келген. Ирандык профессор кыргызстандык перс тили боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу менен бирге, бул тилди окутуунун жаңы ыкмаларын да үйрөттү. Жыйынтыгында ар бир катышуучуга атайын сертификаттар берилди.

Сертификаттарды тапшыруу аземине Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Можтаба Рузбехани, Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми жана башка элчиликтин кызматкерлери катышышты жана бүтүрүүчүлөрдүн перс тилин окутуудагы эмгегине ийгилик каалашты. Ал эми сертификаттарды Реза  Мурат Сахраи тапшырып, ар бир перс тилин окутуучулардын билим деңгээлинин жогорулатууга колдон келген жардамын бере тургандыгын айтты.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс