Четверг , 12-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Анарбай байке күнүгө “Айыл азыгына” сүт алып келет…

Анарбай байке күнүгө “Айыл азыгына” сүт алып келет…

Шаардын үстүндө экофермасы бар. Бу кишини мага Кыяс Молдокасымов менен Нургазы Мусаев досторум таап берген, эч кимде жок суперсүт ушул жерде, айранына кашык сайсаң туруп калат деп. Бирок бүгүнкү сөз сүт эмес, Анарбай акенин өзүнүн сүттөн ак пейили, сүттөй таза жан дүйнөсү жөнүндө. Кыргызстандын футбол командасы бүгүн Спартакта Жапания менен беттешээрин ушу кишиден билдим. Күйүп-жанып алган. Спорт экономиканын эң башкы түрткүчү дейт. Чоң жана заманбап стадион куруш керек, ал өзүн он эсе, жүз эсе актайт дейт. Анан да Анарбай акенин эл жасабаган дагы бир иши – айына жок эле дегенде бир-экиден жаңы китеп окуп бүткөрөт. Мен эзели атын укпаган авторлордун чыгармаларын айтып, таңданып да, тамшанып да менин оозумду ачырып кетет. Анан кетээрде бир-эки кесе кымыздан басып алат. ГАИ кармабас эми деп, кичине кабаатыр болот. Милийса деле кыргыз да, кымыз ичтим десеңиз акмак эмес чыгаар дейм мен. Ай ким билет деп коюп кете берет. Жаманына кетсе акча төлөп кутулам да деп тыйынга деле кароо эмес. Өзүндөй эле жаны тынбаган, бардык түйшүгүн кошо көтөргөн жубайы, чет өлкөлөрдө окуп, эл аралык деңгээлдеги иштерди жасап жүрүшсө да уй жаныбардын бок-сагына чейин аралашып, кол кабыш кылган балдары бар. Эмнеси болсо да ушундай сонун адамдар менен алакалаштырып койгон Кудайга миң шүгүр айтып, эсепсиз жакшылыгын тилеп турам.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс