Четверг , 12-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / Ирандык профессор Бишкекте перс тилин окутуучулар үчүн квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрүүдө

Ирандык профессор Бишкекте перс тилин окутуучулар үчүн квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрүүдө

Категория: Билим берүү – Published: 13/11 – 17:38

Бишкек, 13-ноябрь, 2019-жыл – CA-IrNews.com/. Кыргызстанга алгачкы ирет перс тилинин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу жана жаңыча окутуу ыкмалары менен тааныштыруу курстарын өткөрүү үчүн ирандык профессор Реза Мурат Сахраи келди.

Бул тууралуу «CA-IrNews» агенттигине Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасынын элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Профессор Сахраи «Саади» атындагы мамлекеттик фонддун директорунун илим жана билим берүү боюнча орун басары болуп саналат. Ирандык филолог К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик гуманитардык университетинин (БМГУ) башкы имаратында перс тилин окуткан чет элдик окутуучулар үчүн квалификациясын жогорулаткан курстарды өткөрмөкчү.

Ал кыргызстандык кесиптештери менен чет элдик студенттерге перс тилин окутуунун заманбап ыкмалары тууралуу тажрыйбасын бөлүшүү максатында атайын келген. Бул курс жакында Иранда окуу программасында колдонула баштаган жаңы дисциплина болуп саналат.

Ирандык профессордун айтуусунда, «чет элдик студенттерге перс тилин үйрөтүү өтө маанилүү маселе болуп саналат. Тилекке каршы бүгүнкү күндө перс тилин окутуп жаткан көптөгөн окутуучулар өздөрү түздөн-түз бул адистикти окушкан эмес. Анткени бул окутуу ыкмасы Иран Ислам Республикасынын өзүндө жакында колдонула баштады.  Аталган атайын курстун алкагында перс тилин окутуунун жаңы методологиясын жана аны студенттердин өздөштүрүүсүн үйрөтөбүз. Себеби чет тилин билгендердин баардыгы эле бул ыкма менен окута алышпайт. Ошол эле учурда бул ыкманы билгендердин баардыгы эле билимин бөлүшө да беришпейт», – деди Реза Сахраи.

Ирандык профессордун перс тилин окутуу боюнча лекциялары бир жума боюу – 13-17-ноябрда К. Карасаев атындагы БМГУнун имаратында өтөт. Ага Кыргызстандагы Б. Ельцин атындагы КРСУ, К. Карасаев атындагы БМГУ, ОшМУ жана Бишкектеги №28, 31 жана 2-мектептердин перс тили боюнча окутуучулары катышышат.

Ал эми перс тилин окутуучулар үчүн квалификациясын жогорулатуу курсу А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Фирдоусу атындагы перс адабияты борборунда жыйынтыкталып, бүтүрүүчүлөргө сертификаттар тапшырылат.

http://www.ca-irnews.com/kg/society-kg/education-kg/

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс